Кирүү

Бугу балбайдын өлтүрүлгөнү

Бугу кыргызынын биринчи баатыры жана манабынан саналган Балбай оруска карабаймын деп канчалык түтүн менен Кытайга качып барып жердеп турганда барган солдаттар менен атышып алдырбаган Андагы таранчылар (Иле өрөөнүндөгү уйгурларды ошентип аташат — Ред.) жардам болгон. Орус улуктары эч жамандык кылбайбыз, Балбайды алып кел деп Күчүк Зарыпбек уулун жумшаган. Күчүк аскер алып барып, түн ичинде Балбайды кармап алып Алматыга жөнөткөн. Айылын кайта көчүрүп келип, Кең-Сууга кондурган. Бир кабарда үч күндөн соң Караколдун уезди барып, 1870-жылында 25 казак орус менен байлап, Балбайды Алматага жөнөткөн. Балбай мени орустан тартып алсын деп Эрданага киши жибергенде 200 жигит жыйып, найза, айбалта, мылтык менен жаракташып жөнөгөндө катын-бала, эл-журт чогулуп келип: "Биз — казак-калмак жана сарбагыш [менен] тынч болбой жүрүп, тозуп кеттик, малыбыздан ажырап бара жатабыз. Эми болсо тынч туралы, барбаңыз", — деп чуулдаганда: "Кап, болбостур" деп токтоп калган. Балбайды Алматадан өлтүргөн, арык тукуму, сабатар уругунан Молдо баатыр Алматадан жөө көтөрүп, Түргөнгө келип, андан эки ат минип, Ысык Көлгө көмгөн.

Орустар алдап иш кылат экен деп, Күчүк Зарыпбек уулу ээрчиген айылы менен Турпанга качкан. Бапа уругунан Шадыкан Солтоной уулу болуш болгон үчүн Күчүктү токтот деп улуктары буюрганда Шадыкан барып, жолугуп жетпей калдым деп, кайтып келип улукка жооп берген. Күчүк Турпан өлкөсүнө туралбастан Текеске түшкөн. (1924-жылында 800 чамалуу түтүн болгон.) Балбайды өлтүргөндө Солтобай ырчынын ырдаганы "Орус менен ойнобо, орус менен ойносоң, өлбөймүн деп ойлобо". Балбай Алматада набактыда бир нече ай жатып, орустан өлөрүнө көзү жеткенде арман кылып ырдаганы (уу берди деген кабар бар. Ырында өмүрүндө кылгандарынан, кан ичерлигинен аз-маз бергени үчүн андан мисалга алып, бир нечесин жаздым):

Атка тарттым кошумду,

Тартуума кыз албай,

Айдам жүрүп жок кылдым

Аркада ай аралаш (казак)

бозумду.

Чарындын суусун бойлодум,

(Иледе Таранчы кыштагы)

Аламан менен Бабаны

Атка токтоор эр бүлө

Бирин тирүү койбодум.

Кара зубун калмакты,

Эрдене кылды кызыкты,

Баары бугу билчү эле

Башында болгон бузукту,

Кылычты илдим билекке,

Көк мүрөктү бир топ эл

Кайын чыкты тилекке.

Айбалта илдим бармакка,

Бел байладым арбакка.

Курманкожо, Кулжыгач,

Кулагым кунун алганда

(жылкы тийип алганы барганда,

саяктын колуна түшүп, саяктын

кемпири кулагын кесип алганда

солто бүткөргөн)

Көлдөн жүрүп 1000 кол,

Атбашы, Чүй, алыс жол.

Үч Кошойдун бөксөдөн

Эңкейе түшүп уй чаптым,

Эртеги өткөн эр Манас,

Не жеринен кем калдым.

Аралаш чаптым солтону,

Кыргын кылдым ошону.

Чебин бузуп олжо алдым,

Карабашыл койду алдым,

Жылдырып жылкы айдадым,

Ормонго кылдым далайды.

Таштанбек менен кара көйнөк

Канайды, Төрөгелди Жантайды,

Жылкысын тийип үй чаптым.

Анжиан жолун кангыдым,

Көгартты көрүп айныдым.

Сары таман атты алдым.

Кашкардын жолун кайгыдым,

Карасуу көрүп айныдым,

Чүйдүн жолун тоскондо

400 төөдө жүгү бар,

Кырк эки кербен сартты алдым

Мунун кеги болбосун,

Бу жагына бек болсун.

Баспаган кайсы жер калды,

Албаган кайсы эл калды.

Алтымыш уч жашымда,

Ормонду сойдум жашында.

Куу найза учун кан кылдым,
Адамды соргон чок Ормон,
Кудургунун дөңүндө
Курсакка сайып жай кылдым.
Ормонду Балбай сойгондо
Алакандай бугуну
Күнкор кылып койгондо,
Көлдөн бугу көчкөндө,
Үркуп Текес кеткенде
Кайрылып аштык албадык.
Конур салкын күзүндө
Сары жонду талашып,
Малдын баары адашып,
Алты күнү жатам деп,
Мал шордотуп алам деп,
Жылкылуу жылдыз көчөрдө,
Койлуу сыртты ашарда,
Төрт урукта шер чыгып,
Төрөгелди Шербото,
Төмөнкү элден эр чыгып,
Он жашынан наркысын
Такыр кырып салам деп,
Эркекке найза карматып,
Жамыратпай козусун
Жакшы байлап алгын деп,
Катынга көгөн байлатып,
Үй көчүрүп мал айдап,
Санташты бойлоп конгондо
Өлгөн Шорук өзү бар,
Түптү бойлоп конушуп,
Бүткүл бозум баласы
Сарбагышка болушуп,
Ормондун кунун бергин деп,
Арага элчи салганда,
Элчиге катаган Мамек барганда,

Муратаалы, Тилекмат

Эки башка топ болду,

Калктын кеби токтолду.

Ормондун куну сан жылкы

Чаң тийбес 500 ат,

Бирге тору сур айгыр,

Ала турган окшоду.

Байым уулу Байгазы,

Эрденеге сабаттым,

Ормондун кунун бербейм деп,

Кылган тобун тараттым.
Чапмак болду Сарбагыш,
Караан болбой түн катып,
Каркыранын алкымда,
Каркайып арык качканда,
Сарт жолдун белин ашканда,
Кеткен Балбай аргасы,
Калган Белек баласы.
Азан убак болгондо
Ормондун чоң мылтыгын атканда,
Дүңгүрөп Бугу качканда,
Башымды оромол менен бек таңып,

Чаначымды байланып,
Ошол жолу журтумду
Алдырам деген кообум бар,
Найза саяр алым жок
Он колумда айыкпаган оорум бар.

Эзелден жоодон качпас бар
Сур айгыр санга бир салып,
Эл алды качып калганын,
Эртекенин белине,
Тан жарыла баргамын.
Аттан түшүп олтурдум,
Күнгүрөнүп арбакка,
Ошондо куран окудум,
Өңчөй келин, сулуу кыз,
Эл алды качкан жесирлер,
Өтүп турду чуркурап,
Качпай турган жеңелер,
Алар келди зыркырап.
Чунак тукум чыкпай кетти деп,
Анан найзаны кыйгак тошотуп,
Эр бүлөнү токтотуп,
Белектен калган алтын туу
Адейи алып тактырдым.
Өзү да күлүк сур айгыр,
Эрденеге мингиздим.
Өзбектин Саратын,
Өзүм миндим ошондо.
Балбайлап ураан салганда,
Кайыптан Бугу жаралган,
Кайта качып калың кол
Аты солто, сарбагыш,

Мен шордуудан кырылган.
Кызыкты журтум көргөндө
Найза тийип жаркоодо,
Кыдык, Намазбек баатыр өлгөндө,

Тым чыгарбай солтону,
Кыргын кылдым ошону.
Кетирбей кегим алгамын,
Кетсеңир менен Шарпылдак,
Экөөнө дейре сайгамын.
Эрдигим элге билгиздим,
Аксурунан айрылып,
Каркырадан жөө калды.
Төрөкелди баатырды,
Көк букага мингиздим,
Инек уй менен бош айдап,
Алты ай багып жаткамын,
Кур дүрмөттү ошондо
Нече ыргыта атканмын.
Туугандын күнүн тындырдым,
Балбансынган Төкөңдү

Бутун үч жолу толгоп сындырдым.
Конур салкын күзүндө,
Мени өлтүрөмүн деп,
Чогулуп бугу келгенде
Сарбагыштын журтуна,
Айылдын чети чабылып,
Анча-мынча баш кетти,
Катын-бала жаш кетти.
Арага Кокон салалы,
Элчи кылып Коконду,
Төрөкелди баатырды
Бетке кармал баралы,
Башты жыйып алалы,
Алматынын ак мазар
Сөөгүмдү аманат кой башында,

Ачып алгын жазында.
Чаркың келсе жүз келгин,
Сөөгүм ачып ала көр,
Ысык Көл алып бара көр...

Ой-пикирлер