Кирүү

Жумгалдагы көтөрүлүш

Жумгалдагы көтөрүлүш

Көл айланасы Кочкор, Нарындын баш-аягынан жана Чүйдүн көкүрөгүнөн көтөрүлүш чыгып кызып калган кезде, августтун 15-18 чамаларында Жумгалдагы саяктар Жумгалдын аягындагы Ак Чийдеги орустун кыштагын талкалап, малдоүлкүн талап, катын-балдарын аёосуз өлтүргөн. Өлүктөрүн кыштактагы кудукка салган. Жумгалды сурап турган Меншиков дегенди өлтүрүп, анын бооз катынын багып туруп, кийин аскер келгенде анын башчысына тапшырган. Кочкордо Канаат жеңилгенде Көкүмбай качып келип, миң чамалуу түтүн менен үркүп көчүп, күндөп-түндөп жүрүп, Турпандын башы Какшаалга түшкөн. Жумгалдын аягындагы Кудай-берген Мырзабек, Түркмөн жана Биялга караштуу эл көтөрүлүшкө кошулбастан, тынч турган. Бирок, Курман Лепес уулу көтөрүлүшкө аралашса да, Мырзабек менен астыртан кабарлашып, көтөрүлүштүн жайынан Пишкектеги улуктарга билдирип турган. Көп элдин айтууна караганда Курман көтөрүлүшкө коркконунан амалы жок аралашты дейт. Себеби, Курмандын элинин айланасы бүткүл көтөрүлгөн. Маселен, күн чыгышында Кочкордогу эл жалпы көтөрүлгөн. Күн батышында Көкүмбайдын эли бүт көтөрүлгөн. Түн жагышдагы кочкордук жана Чүйдөгү эл көтөрүлгөн. Нарын жагы (күн жүрүш) болсо сарбагыштар көтөрүлүш кылган.

Ой-пикирлер