Кирүү

Курманжан датка

Курманжан датка- Маматбай кызы(1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында тулуп, 1907 –жылы каза болгон. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу катары "Алай ханышасы" деген ат менен белгилүү. 1932-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, 5 балалуу болгон. Курманжан датка Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин, Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Курманжан датка Ош вилайетин гана башкарбастан, Кокон хандыгынын саясий иштерине да кийлигишип турган. Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда 1865-жылы Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалуу белек бердирген. Курманжан датка 1873-76-жылдары. элдик кыймылда алгач адилетсиз хан бийлигине каршы күрөшүп, көтөрүлүштүн айтылуу жетекчилери Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун, Оморбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е.Ионовдун генерал Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда, кичүү, уулу Камчыбектин небереси Мырзапаясты алып, Чоң Алайда өргөө алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн.Генерал М.Д.Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, парча чапан жапкан. 1895-жылы уулу Камчыбек дарагага асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнүн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу сары мазарга коюлган.

Ой-пикирлер