Кирүү

Бугу уруусу

Шмидт, Рашид эд-Дин: "буруттар, буряттар, Төлөнгүттөр жана кыргыздар бир эл деген идеяны айтышкан (Шмидт. "История восточных монголов"... Рашид "История монголов"... 9-стр.). Иркут уездинде бурут деген топ Хотондордо, Тыргооттордо кезиккен. Бурут кыргыздын байыркы уруусу. Бугу кыргыздын байыркы бир чоң уруусу. Азыркы бугулар анын бир уругунун же бир атанын насилдери. Көптөгөн согуштарда азайып, саясий аренага чыкпай калган. Бугулардын чыгып келиши жөнүндөгү мифти сарыбагыштар ойлоп чыгарган, ошол себептүү, булар сарыбагышка жасалма түрдө кошулган. Карамырза менен Мырзакулдун жашаганы этнографиялык сыноо боюнча кечээ жакында эле болуп өткөн, ал бугу уруусунун байыркылыгына, анын жашына такыр караандабайт. Бугу уруусу Ысык Көлдүн чыгышында экинчи жолу жаралган. Бугулар Чыңгызхандын бийлигин таанып, анын колу менен бирге Теңир тоого келген. Бугу деген ат Пулу, Буру, Бурут ж.б. кытай, калмак термини менен белгилүү. Бугулар болжолдуу 1774-ж. Ысык Көлдөн Ферганага качкан. Фон Герндин жазганы боюнча: Бугулар Ферганадан Ысык Көлгө Бийназар бийдин жетекчилиги менен келген ("Семиплатинские областные ведомости", 1890-г. №33).

Семёнов Тянь Шанскийге бугунун манабы Боронбай Бекмуратов "биздин көлгө келгенибизге 71 жыл болду" деген. Бирназар бий бугу уруусунун атынан Пекинге барган, кытай императорунан белек алган. Бул кытай хроникасында жана Ч. Валихановдун эмгегинде бар. Жүз жылдын ичинде бугулар эки жолу Ысык Көлдөн кыска мөөнөткө кетүүгө аргасыз болушкан. Биринчиси, Төрөгелдинин чабуулунда (1855-1856-жж.), экинчи жолу 1856-1858-жж. Ч. Валиханов: "Бугулар кыш, жаз, күз Ысык Көлдүн түштүгүндө, жайында Сыртка, Сары Жазга, кытай чек арасынан өтүп Текеске кетишет. Текести жайлаганы үчүн Кытайга салык төлөшөт. Андан Кулжага соода кылышат" (Соб. соч. том 2. стр. 85). Бугу уруусу: Алсейит, Тынымсейит, Арык деген үч уруктан турат. Ири манаптары: Боронбай, Мураталы, Качыбек, Борсок, Табылды, Бекбай болгон. Бугулар 10 миң түтүн болгон – бапа 300 түтүн, белек 5000 түтүн, кыдык 1750 түтүн, желдең 1000 түтүн, арык 2500 түтүн (Соб. соч. т. 2. стр. 85). Бугу646 Белек менен Арык тукуму ошол мезгилде мынча көп болушу мүмкүн эмес, сыягы Боронбай Ормондон ажыратып алган саяктар булар менен кошо эсептелгени байкалат. Анткени, 1855-56-жж. сарыбагышбугу согушунан булардын үчтөн бири кырылып азайган.

1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн кийин Ысык Көл уездинде 7 болуштук түзүлөт. Кең Суу, Түргөн, Ак Суу (багыш), Коңур өлөң – Ала Баш, Караой – Сарыой, Зауке – Барскоон, Күңгөй Ак Суу, Тору Айгыр (бул 1872-ж. Караой, Сарыойго кошулган) (Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник. вып. 2. СПб., 1873. стр. 178-179). Бугулар Кеңсуу болуштугунда 1727 түтүн, Түргөн Ак Сууда 1533 түтүн, Зауке – Барскоон болуштугунда 1739 түтүн болушкан. Коңур өлөңдө аз болгон, болжолдуу 5 миң түтүн же 25000 киши. Калган болуштуктарда саяктар уруусунун өкүлдөрү калктын көпчүлүгүн түзүшкөн. Бугу Тынымсейит уругу Нарын өрөөнүнө көчүп, Арык тукумунун бир бөлүгү Кочкорго Семиз Белге көчүп келип туруп калышкан. 1893-1894-жж. бугу жалпы 15111 түтүн, же 75,5 миң адамды түзгөн (Н. Аристов. стр. 443). Бугулардын айрым өкүлдөрү 18561860-жж. жана 1916-ж. Кытайга көчүп кетишкен. Азыр Кызыл Сууда жашашат. Бугунун тамгасы жагалмай . Жалпы урааны изилденген эмес. Бугулар негизинен Ысык Көлдө, Нарындын Казан Куйган, Кара Кужур, Кызыл Октябрь, Миң Булак, Чет нура айылында жашашат. Ысык Көлдүн Бостери, Караой, Кумбел, өрүктү ж.б. айылында саяктар жашашат. Генологиясы: Тагай, Кылжыр, Орозбакты, Асанмырза, Мырзакул, Карамырза, Арык, Тынымсейит, Алсейит, Жоотатыр, Балтатыр, Түкү, Күчүк ж.б.

Ой-пикирлер