Кирүү

1898-ж. май Анжиян көтөрүлүшү

Анжыян көтөрүлүшү чыккан. Акын Токтогул Сибирге сүргүнгө айдалат. Көтөрүлүштүн негизги жетекчиси Зиядин Максым болгон. Анжиян көтөрүлүшүн 1858-ж. Маргалаңдын Миң Дөбө кыштагында туулган Мадалы Эшен жетектеген. 1898-ж. 17-майда түн ичинде союл, бычак, найза, кетмен менен куралданган көтөрүлүш-чүлөр Анжияндагы орус гарнизонуна кол салган. Мылтыкчан орустар аларды кырган. Көтөрүлүш басылып 777 киши камалып, 415 кыргыз айыпка тартылган, 18 адам дарга асылган. Аскер сотунун чечими менен Ошто 360 киши өлүм жазасына тартылган. 54 "күнөөкөр" Сибирге айдалган.

Көтөрүлүштүн чыгыш себеби: Россиянын жергиликтүү элдин жерин тартып алышы, бийлигин талкалашы, баскынчы-талоончул, колониялык саясатына каршы элдин нааразылыгы болгон. Алар өз эркиндиктери үчүн күрөшкөн. Түркстан Аскер округдук сотунун аскер прокурорунун 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшү жөнүндөгү рапорту боюнча: Көтөрүлүштүн болорун жергиликтүү чыккынчылар алдын ала билдиришкен. М: Оштон Карабек Хасанов, Маргалаңдан Абдыкадыр жана Асакеден Низам Этдин Магзум тымызын жеткирип алардын пландарын айтып беришкен. Кетмен Төбөдөгү көтөрүлүштү Шадыбек Шергазы уулу жетектеген.

Ой-пикирлер