Кирүү

"Манас" музейи - Манас Ордо

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Ж. Кадралиев жасалгалаган. 2-кабаттын залдарынан эпостун мазмунуна ылайык, кыргыздардын тышкы душмандардын кысымынан ыдырап, туш тарапка чачырашынан, Манастын төрөлүшүнөн башталып, анын балалыгы, эр жетиши, баатырдын элди бириктирген жана аны коргогон эрдик иш-аракетинен тартып, анын дүйнөдөн кайтканына чейинки маалыматтарды алууга болот. Экспозиция археол. казуу учурунда, республика боюнча жүр-гүзүлгөн экспедицияларда табылган этногр. баалуу материалдар (экспонаттар) менен коштолот. Музейди жасалгалоого сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин тобу (Т. Исамадыров, И. Бакиров, Ш. Жекшембаев, Ж. Кадыралиев) катышкан. Музейдин айланасы көрктөндүрүлгөн.

Ой-пикирлер