Кирүү

Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү

Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү

Парганада Миңдөбөлүк Эшен май айының башында 1898-жылында колонизаторду сүрүп, өкмөттү колуна алмак үчүн бузук салган. Пишкектен уезд помошниги Кубатов (башкурт), Чүйдөн кан соргуч манап Муса Түлөк- уулу, Токмоктон Баяке Кунтууган уулун алып, Кочкордрн Тезекбай Түлкү уулун баш кылып, бир далай киши менен жүрүп кетти. Артынан Алматадан эсаул Затиншиков баштык.200 чамалуу казак орус жүрүп, Атбашы, Нарын, Тогуз Торо, Кетмек Төбө кыргыздарын катуу кырып, талаган. Алар мал башынан үмүт үзүп, мал-мүлкүнө ээ боло албастан калган. Көп кишилер набакты болуп Шиберге айдалган. Баарың бир итсиң, — деп арка кыргызына дагы зор кысымчылык келген. Чүйгө караганда сырткы кыргыздардын Эшен менен байланышы болгон. Эшендин муруттары Чуга жете жайылып, элге үгүт айтып турган. 1898-жылдан соң участковой приставдар дайындалып, алардын жигиттери, полиңиялар кыргызды уруп, согуп, катуу кыса башташкан. 1897-1900-жылдарда алтын акча беш, жети, элүү, он, он беш, жыйырма беш, элүү сомдук империал дилде болуп, орус-жапан согушуна чейин жүрүп турган (1904-жылы). Орус менен Жапон согушунда колонизатордун көрсөткөн жабыр-жапасына чыдай албастан, кара чарба кедейлер оторчунун жеңилишин тилеп турду. Кээ бир кишилер туулган балдарынын атын Жапония койгону да, болду.
Никелей жеңилгенде азаттык болот деп көп үмүт кылып, бүткүл жети-суулук кыргыз-казак думага делегат кылып, казактан Тынысбай уулу Мухамбетжанды жиберген. Ал барар замат дума жабылып калып, кыргыз урияттан үмүт үзгөн. Падышанын палачы, кандын желдети хан алдында ак таякчы, манаптын жигити, улуктун кызыл чок, ак эшикчиси, болуштун жасоолдору баары да бир даражада болуп, алар урган, соккон, өлтүргөн, талаган, атын жыккан. Бул элементтер манап, падыша, хан, феодал, бек, төрөлөрдүн оң колу болуп, байга кошомат кылып, кедей, дыйкан, орто чарбаны талаган.

Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү

Ой-пикирлер