Кирүү

Каңдылар байыркы кыргыз уруусу

Каңдылар байыркы кыргыз уруусу. Экинчи жолу Жаңы кыргыз этносунун калыптанышына "ичкиликтер" бирикмеси аркылуу катышкан. Анвар Байтурдун маалыматы боюнча: кытайдын Бий, Сүй жылнааларында б.з. 3-кылымында Төөлөс (Канклы) ири бирикмеси жөнүндө жазылган. Буга 9 район, 40тан ашуун уруулар катышкан. Шаакерим Кудайберди боюнча: "Биздин замандан 130 жыл мурун батыш түрктөрдү кытай саякатчысы Чжан Цан жолдо жолуктурган. Кытай жылнаамаларынын кабарларына караганда Каңды (Канглы) уруусу 120 миң түтүндөн турган" (А.Байтур. "Кыргыз тарыхынын лекциялары". 75-б.). Чыңгыз хандын чабуулунда каңдылардын ханы Каби 50 миң аскер менен Румду алды.

Андан бир топ жыл өткөндөн кийин, анын уулу Сулайман элине кайтат, Чаламбай Куни мамлекетин камап жатканда Сулаймандын уулу Тогрул Кунинин ханы Аладинге жардам берет. Эрдик көрсөтүп ал үчүн аны жогорку командачы кылат. Тогрулдун уулу Осмон, ал Осмон империясын түзгөн (Шаакерим Кудайберди уулу. 105-106-б.). Н.А.Аристов "тигил же бул союзда кыргыз көппү же түрк көппү айтуу кыйын". Кеп кайсы уруу союзга жетекчилик кылса мына ошондо, ошол уруунун аты аталган. Каңды кыргыздын байыркы уруусунун бири. М.Тынышпаев: "Кандылар түрк уруусу экени сөзсүз. 6-к. кандылардын төрт дөңгөлөктүү арабасы болгон. 10-к. алардан Селжук деген адам Селжук империясын негиздеген. Селжуктар 12-к. ортосунда 13-к. башында Сыр Дарыянын жогорку агымынан Кичи Азияга чейин башкарышкан. 12-к. Каңдылардын Чүй дарыясынын жээгинде жашаган. 10-к. Маверенахрдын калкынын негизин каңдылар түзгөн, ошондон тартып ал Түркестан деп аталат. Хорезмшахтардын мезгилинде (өзгөчө Мухамед Хорезмшах) Түркстандагы каңдылар гегомониялык кылышкан. Мухамед Хорезмшахтын энеси Туркен-Хатун (каныша) каңлы кызы болгон. Тимурдун мезгилинде алар Сыр Дарыя менен Таластын ортосунда жашашкан...

Эр жүрөк Эшим каңлылар менен катагандарды Ташкентте талкалагандан кийин алар батышка качышкан" ("Материалы по истории Киргиз-Казакского народа". Ташкент. 1925. стр 6-7). Бул 1628-29-ж. каңдыларды казак элинин бир тармагы деп көрсөтөт. А. Сыдыков боюнча: каңдылар Жалал Абаддын Чанкент, Жоокесек, Бостон болуштарында, Оштун Лейлек, Ичкилик, Найман, Ноокат, Кашгар – Кышлак, Араван болуштуктарында турушкан (292-297-б.). 14-к. кийин Алтын Ордо, Монголстан кулагандан кийин каңдылар өзбек, казак союздарына кошулган. 13-к. каңдылар кошулган кыргыздар Орто Азияда жашаган. Каңдылар кыргыздын байыркы уруусу болуу менен 13-к. кыргыздар менен биригип жашаган. Казак тарыхчысы Шаакерим Кудайберди уулу: "Түрктөрдүн, кыргыздардын, казактардын жана хандардын династиясынын санжырасы" деген китебинде: "Алар күчтүү жана даңктуу уруу болушкан.

Стамбулдагы Осмон түрктөрү каңдылардын тукуму. Бул уруунун насилдери башка түрк элдеринде да жолугат" (70-б.). 1897-ж. эл каттоодо жана 1909-14-ж. көчүрүү боюнча комиссия тарабынан Каңды (Канглы) уруусунун өкүлдөрү катталган эмес. Алар ичкиликтердин арасынан биринчи жолу ХХ к. 50-ж. табылган. Каңдылар мурда өздөрүн Дөөлөстөргө же Кесектерге ыйгарып коюшчу. өздөрүнүн кыргыз экенин гана так билишет. Оштун Лейлегиндеги өзгөрүш, Жаңы Турмуш, Катыраң айылдарында, Фрунзе районунун Алга, Халмион, Жаңы Айыл, Фрунзенский, Орозбек айылдарында, Ноокаттын Эски Ноокат, Жаңы Ноокат, Борбаш, Жийде, Көк Жар, Кара Най айылдарында Каңдылар жашашат. Базар Коргон, Сузак, Араван райондорунда башка уруулар менен аралаш турушат. Каңдылар өзбекстандын Аим, Фергана, Кува, Вудиль райондорунда турушат. Генологиясы: Кара Каңды, Казыбек, Маматюсуп, Жумак, Нарбото, Ажыкул, Чырактамга, Каратуума, Култай, Ургы, Карасаадак, Сарыкаңды, Айтемир, Түркмөн, Каранай, Уйлар, Конкарта, Чонаке, Алашан, Чапан, Көкчавар, Чымжур, Тибак, Чом, Савалак, Айдарас, Жетиген, Жун, Нурке, Нарайм ж.б.

Ой-пикирлер



2020-02-16
Айпери
Каңдылар тажикстанда да кара тигинде жашап азыр кара балтага кочуп барышканбы менин куйоом ошо сасновкада да алардан аталары паспорту тажикстанда торолгон деп жазылган алар ошондо кара тигиндиктер болобу мага жооп жазып коюунузчу сураныч
2019-12-31
Сыймыкбек
Макала өтө жакшы жазылыптыр. Менин чоң аталарым кимдер болгон Бешинчи алтынчы жетинчи аталарым дын балдары тууралуу кантип маалымат алсам болот