Кирүү

Моңолдордун жыйылып эл болгону

Моңолдордун жыйылып эл болгону

Адигине, Тагай заманынан башталып, асык, черик, модолдор, конурат курала баштаган. Ошондон соңку заманга жете саяк менен чериктин Адигине, Тагайдын балдарына моюн ийбестен, ар жааттан тиричилик тагдыры өз бетинен жашап келип, асык, коңурат, моңолдор уруктары соңку замйтта жете (асык 1896-жылы куралып, өз бетинче коңур ат Октябрь өзгөрүшүнүн аркасында тендикке жетти) бай, манап кан соргучтардын талоон-кордугунда болуп, башы, кул, кун, малы олжо катарында тиги залимдердин эркинде жүрдү. 1864-69-жылдарда бугулардын Зарыпбек султанына барган сарбагыш өкүлдөрүнө аткошчу болуп, моңолдор уругунан Жакыпбек барат. Кан ичер Ормондун куйу тууралуу маселе козголгондо сарбагыштын таламын талашып). Жакыпбек сөз айтат. Муну угуп, үйүнө келгенде кожоюну, сарбагыш феодалы Ырыскулбек сенин сарбагыш таламын талашып, айтышкан сөзүң үчүн чачырап кеткен моңолдор уругун ар кайсы жерден чогултуп, бир айыл болууңа мен убада бердим деген. Ошондон баштап ар кайсы манаптын эшигинде кул, күң катарында кызматын кылып, тентип жүргөн моңолдордун кедейлери, орто чарбалары жыйырма жыл катары менен аракеттенип ар кайсы элден терип, жыйнап, акыры 1881-83-жылдарда Нарынга жыйылып, өз алдынан эл кылып курашкан.

Моңолдордун жыйылып эл болгону

Моңолдордун жыйылып эл болгону аттуу кошумча материалыбызды дагы сайтыбыздан тапсаңыз болот

Ой-пикирлер