Кирүү

Сибирь кыргыздары

Сибирь кыргыздары– 13–18-кылым азыркы Хакас-Минуса ойдуңунда жана ага чектеш аймактарда жашаган кыргыз эли. Кыргыздардын жазма маданиятынын болгондугун орус документтери баяндайт. өлкөсүнүн экон. негизи көчмөн мал чарбачылыгы, дыйканчылык, аң уулоо, соода иштери менен катар көп сандаган көзкаранды кыштымдардан жыйналчу салыктан турган. Сибирь кыргыздары. Алтын хандарга, жуңгарларга формалдуу көз каранды болушуп, салык төлөө менен гана чектелишкен. Алтын хандардын ичара согуштарына кыргыз аскерлеринин катышканы жөнүндө маалыматтар бар. Сибирь кыргыздарынын басымдуу бөлүгү 1703-жылы Жуңгарияга көчүрүлүп кеткен. Айрым бөлүгү 1756–58-жылы окуялардан соң кайтып келишкен. Бүгүнкү тувалардын, шорлордун, алтайлыктардын басымдуу бөлүгү, хакастардын дээрлиги Сибирь кыргыздарынын урпактары болушат.

Ой-пикирлер