Кирүү

Дүйнөдө канча кыргыз бар?

Кытай тарыхчысы Сыма Цзяндын (ал б.з.ч. 14585-жж. жашаган.) "Тарыхый эстеликтериндеги" "26 тарых" ичиндеги Хунндар (оңдор) тарыхынын 50-главасында: "...Кийин түндүктө Хун, Ро, Кутча, Динлин, Кыргыз, Сэнле сыяктуу мамлекеттерди багындырды. Ошо менен Хун аксөөктөрү ыраазы болуп Бөдүн (Моэдунь) Теңир Кутту Билге деп аташты" (Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө байыркы кытай тарыхый булактары (б. з.ч. III к. б.з. IX к. 16-б. Б.: 2003. "Архи") дегенден бери дүйнөдө канча кыргыз бар? 2003-ж. 29-августта дүйнөдө канча кыргыз бар экенин кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк 2-курултайында толук эмес болжолдуу такташты. Расмий билингени: Кыргызстанда – 3101,0 млн. Кытайда – 182,0 миң. Ооганстанда – 3,5 миң, Казакстанда – 36,6 миң, Германияда – 8,4 миң,Түркияда – 7,8 миң, Англияда –13,6 миң, АКШда – 1,7 миң, Батыш Европада – 4,9 миң, Монголияда – 6,8 миң, Түштүк Кореяда – 0,7 миң, Австралияда – 0,2 миң, Манчжурияда – 0,9 миң, Иорданияда – 30,0 миң, Тажикстанда – 100 миң, Пакистанда – 0,5 миң, өзбекстанда – 476, 5 миң, Каракалпакстанда – 5,0 миң, Эстонияда – 1,0 миң, Украинада – 3 миң, Сауд Аравияда – 20 миң ("Бишкек таймс" №31. 29-август, 2003-ж.).

Ой-пикирлер