Чоңдөбө көрүстөнү
Чоңдөбө көрүстөнү – 1–9-кылымдарга таандык археол. эстелик. Соңкөлдүн чыгыш тарабындагы жайыкта жайгашкан. Көрүс-төндөрдү бойлой түштүктөн түндүктү карай 2 км аралыкка созулган чоң дөбөлөр жайгашкандыктан аймактын аты Чоңдөбө ата-лып калган. Жергиликтүү эл аны Желедө-бө деп да аташат. Чоң дөбөлөрдүн бийиктиги 4–7 м, туурасы 45 мге жакын. Чоң көрүстөндөрдүн бийиктиги 20–30 см, диаметри 5–8 м келген таш, топурак аралашмасынан үйүлгөн майда көрүстөндөр жана маркумду эскерүү аземине байланышкан Г, диний ырымдарга арналган таштан курулган эстеликтер курчап турат. Түндүк-батыш тарабында кырынан тизилген төрт бурчтуу таш коргондор жайланышып, орто жана чет жакаларына кишинин келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орун алган. 1–5-кылымдарга таандык катакомба тибиндеги көрүстөндөр жана 6–9-к- га тиешелүү ээр токумдуу ат менен коюлган маркумдун жайы ачылган. Ийиктин башы, шурулар, жаа жебелери, канжар, жыгач табак, курмандык чалуу аземине байланышкан сүйрү формадагы жыгачтан жасалган стол табылган. Чоңдөбө көрүстөнү А. К. Кибиров, Я. А. Шер, Кыргыз тарыхчылар жамааты жана түрк тарых куруму тарабынан изилденген.
- Миңдөбөдө эшендин көтөрүлүшү
- Орхон-Эне-Сай жазуулары
- Кыргыз качан мусулман болгон?
- Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү
- КМШ. Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги