Кирүү

Кыргыз. Кыргыздын колдонгон тамгалары

Кыргыз. Кыргыздын колдонгон тамгалары. эң эски замандан бери бүткүл малына эн тамга жана сырга сала келген. Эгерде малы жоголсо, ошол эн тамгаларына карап, таанып алган. Эн менен сырганы кулагына салса, кой-эчки, уйдун кулагына эн салып, жылкынын кулагына эн менен сырга жана да санына тамга салган. Төөнүн кулагына салган энди "сөйкө" деген. Төө жаңыдан тууганда ал туулган ботосунун кулагына сөйкө салып, энесинин 6ащын жаңы туулган катындыкындай ак элечек менен ороп, өзүн ком менен жаап, анын үстүнөн дагы ала кийиз менен ороп чулгап белинен бекем курчап; койгон. Эгерде ботосу өлсө, энеси көзүнүн жашын көлдөй боздойт, төөнүн боздогону башка бүткүл жан-жаныбардан. адамзаттан дагы муңдуу болгондуктан, аны лакап кылып, "ботосу өлүп боздогон дагы үнү мундуу экен" деген сөз бар.

Жылкынын кулагына энсырга салгандан башка артыкча кылып санына тамга салуу себеби: 1) Кыргыздын бүткүл оокаты ат үстүндө жүргөндүктөн жана да согушуу болсо да жалаң гана атчан болгондуктан аттын кадыры өтө артыкчылыгы; 2) Кымыз менен эти жоодо жаралуу: болсо жана бир түрлүү кеселге жылкынын жалаң ич этин жеп жана терисине төшөнсө айыгып кетүү жана да катуу суукта жылкы майынын башка майдан өткүр болуп, ичкенде кишинин үшүтпөгөндүгү; 3) Башка малга караганда жылкы өзүнчө болсо да, уурдалып болсо да тез убактан жайытынан өз өрүшүнөн алыстап узап кеткендиги, анысы жоголуп кетишке себеп болгондугу; 4) Көчмөндүк себебинен бүткүл кыргыздын тиричилигинде жылкынын биринчи даражада роль ойногондугу, ушул себептен ар уруу-урук малына өзүнчө тамга салган.

Кыргыздын колдонуп келе жаткан тамгалары эң эски замандан колдонуп келе жатса да. Анжиан— Алайга барганда өздөрү тентип кетип, малдарын жоктугунан тамгалары калып калган, аркага келгенде ар урук атырай көчүп ата-бабасынын эски көнуштарына конуп, бир бирине алыстап жана мал өсүп, анын үстүнө кыргызчылыгын карматып бир-биринин малын уурдай баштаганда эски тамгаларды кайтадан салган, ал тамгалары төмөнкү:

1) Солто — ай тамга. Енесейде кыргыз турганда тамгасына окшойт.

2) Саяк — керки тамга 1 у и б тамгаларына окшойт.

3) Саяк — кылыч тамга. Бул тамганы кийин салса керек. Энисей тамгаларында учурайт.

4) Бугу — тамгасына окшойт.

5) Сарбагыш — жагалмай тамга.

6) Черик —жагалмай тамга. Тескери к тамгасына окшой г

7) Карабагыш — тамгасына окшойт ж. б.

Багыш — дарибине жакындайт.

9) Чоң багыш —

10) Моңолдор —

11) Найман —

12) Коңурат —

13) Асык —

14) Адигине — майда урук, сарттар

15) Кытай — жогору тамга. Кытай — төмөн тамга р

16) Саруу — жети уруу, ай тамга, эски тамга —С

17) Кушчу —

19) Баргы —

20) Казактамга —

Бүткүл тамгалардын сүрөттөрүн текшере келгенде эзелки кыргыздын Энисейде турган заманындагы жазуу тамгалары болуп, ал жазуу тамгалар көбүнчө эски түрктүн тамга, ариптерине дагы окшоп, бул тамгаларды илим ээлери Энисей ариби, Орхон ариби деп термин берген. Бул тамгалардын көбүнчө жазылганы эски түрк хандары Билге хан жана Күлтегин хандын бейиттерине ташка оюлуп бүтүлгөн үчүн ал тамгаларды төмөндө жаздым.

Муну тапкан, таржымалаган Томсен.

Ой-пикирлер