Кирүү

Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия

Кыргыз качкындарын жайгаштыруу боюнча атайын комиссия – 1918-жылы Жетисуу эл комитетинде уюштурулган. 1916-жылы Үркүндөн Кытайга качып барган кыргыздардын өз жерине кайтуусуна жана аларды жайгаштырууга жардам берүү максатында түзүлгөн. Комиссия качкындарды өз жерине кайтаруу үчүн Кытай мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элине кайткандарга үй-жайы менен чарбасын калыбына келтиришине көмөктөшүп, жер, мал бөлүп берип, үрөөн жана башкалар менен камсыз кылган. Совет өкмөтү ушул максатта комиссияга 100 млн сом акча бөлгөн. Комиссия 1927-ж-дын аягында жоюлган.

Ой-пикирлер