Түгөлсай археологиялык комплекси
Түгөлсай археологиялык комплекси – Жумгал районунун, Түгөлсай айылынын жанындагы 10– 12-кылымдарга таандык 6 шаар чалдыбары жана 1–10-кылымдарга тиешелүү 2 байыркы көрүстөн. Имараттын калдыгы, жыгач табыт, карапа сыныктары, малдын сөөгү жана башкалар табылган. Бул жерде металл өндүрүү кыйла өнүккөн. Шаарчанын айланасында темир эриткенден калган шлактар, кыш бышырган жерлер арбын. 1958–59-жылы П.Н.Кожемяко изилдеген.
- Кыргыз кагандыгы
- 9 жана 10 кылымдар. Улуу Кыргыз мамлекети
- Тяньшандык кыргыздар азыркы жердеп турган жерине качан келген?
- Шырдакбек - Байыркы ордо-шаар Кажингарбашы
- Уйгур кагандыгы
Ой-пикирлер