Кирүү

Кубат бий

Кубат бий, туулган, каза болгон жылдары белгисиз – 18-кылымдын экинчи жарымында Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын төбөлү, кол башчы, саясий ишмер; кушчу уруусунан чыккан бий. Кокон башкаруучусу Абд-ал-Каримдин мезгилинде жуңгарлардын баскынчылыгына каршы биргелешип сокку уруу үчүн Кокон бийликтери Кубат бий башында турган кыргыздар менен союз түзүп, алардын биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. Кокон хандыгын Эрдене бий башкара баштаган кезде, Оротөбөгө ээ болуу максатында ал кыргыз бийлери менен өнөктөш болууга аракеттенип, мына ушул кырдаалда даКубат бийнегизги ролду ойногон. Тарыхый булактарда айтылгандай, Кубат бий "кыргыздын падышасы" аталып, "өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп же ажырашып турган". Кокон хандары жана Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешкен. 1855-ж.Кубат бийЦин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан кашкарлык Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кеткен. Ушул окуядан кийин Кубат бийдин тагдыры белгисиз. Ал жакта набыт болгонун уккан карындашы Аксуусар мындай деп кошкондугу эл оозунда айтылат, "Кубат ханөлбөй кут өлдү, кушчу, мундуз журт өлдү".

Ой-пикирлер