Кирүү

Кыргыз-моңгол, калмак согуштары

Ляо дөөлөтүн чжурчжендер (манчжурлар) кулаткан. Хинган (Кыдыркан) тоолорунун чет жакаларындагы Ляохэ өрөөнүндө жана Хэбэйде турган кытай уруусунун көп бөлүгү маңкулдардын курамына өткөн. Кара кыргыздар менен бирге кийин булар ички монголиядагы маңкул тилиндеги элди пайда кылган. Кытайдын жогорку катмары чжурчжендерге багынуудан баш тарткан, ошондуктан көз карандысыздыгы үчүн катуу күрөшкөн. Ал топко Тулуй (Йолуй Даши – Кытай уруусуна улуу түрк заманында кирген катаган уругунун аты. Тайши деген даражанын кытайча транскрипциясы) башчылык кылган.

Ал Тулуй Байтикенин сегизинчи урпагы болгон. Ляо империясында падышанын бүлөсүнөн чыккан. Алар мурун чжурчжендердин куугунунан качып, Кара Суудан (Хаара Мурек же Хуанхэ) өтүп, нойгуттарга келген. Нойгуттардан 400 ат, 20 төө, миң кой алган. Алар Гоби аркылуу Орхон боюндагы Хотун шаарына барып ага баш ийген. 20 миң черик аскерин алып Кыргыз мамлекетинин чегине келип кагылышкандан кийин кайра чегинип Бешбалыкка (Байтин) токтогон. Аерден өзүн Кара Кытайга Гурхан деп жарыялайт. 1128-1129-ж. Кашкарга, Беш Балыкка кол салып каратып алган. Хачжоу (Гаочан) өрөөнүнө көп жыл туруп шаар салдырган. Ошол учурда кыргыздын Баласагын канына каршы урушкан каңды менен карылуу катагандардын (тулуй) урушу болуп аткан. Кандык бийликтен ажыраган Тулуйлар түркмөн кандары менен тынымсыз согушуп бийлик талашкан.

Ой-пикирлер