Түшүнүктөрдүн жана терминдердин сөздүгү
Абал аберрациясы — байкоочунун узак мезгил бою жүрүүчү процесстин динамикасын адамдын ал процессти кыска мөөнөттө кабыл алуусунун натыйжасында кыймылсыз абалдардын жыйындысы катары кабыл алышы.
Адипеттик — мораль менен этиканын эриш-аркак келиши.
Акматикалык фаза — белгилүү бир системада пассионардуулуктун чегине жете жогорулоо фазасынан кийин этникалык системадагы пассионардуулук чыңалуунун термелүүсү.
Актуализм — мезгилди сезип-туюу, мында дал ошол учурдагы нерсенин бирден бир объективдүү чындык катары кабыл алынышы.
Акыйкаттуулук — байкоого алынган фактылардын белгиленген суммасына окшош ой жүгүртүү; мында кетирилген жаңылыштык белгиленген жол берилүүчү чектен чыкпайт.
Акыл-эс — тыштан болгон таасирлерге жол берилген шартгарда эркин жооп кайтарууга жөндөмдүүлүк.
Алыстык аберраңиясы — илгери болуп өткөн окуялардын даана эместиги, мындай абал ал окуялар маанилүү эместей алдамчы ой-жүгүртүүнү пайда кылат.
Аннигиляция — жарык энергиясынын субатомдук деңгелде бөлүнүп, кайра кайрылгыс болуп галактикалар аралык вакуумга сиңип жок болуп кетиши.
Антиозүмчулдук этика же алътруисттик этика — этникалык жамааттын кызыкчылыгы жеке адамдын кызыкчылыгынан жогору коюла турган этика.
Антроногендик ландшафттардын тарыхы — этникалык системанын механизми аркылуу коом менен табияттын өз ара аракеттеринин тарыхы.
Антроногендик сукцессия — ылайыкташып жашап жаткан этнос тарабынан ландшафттын акырындык менен өзгөртүлүшү.
Аң-сезим импульсу — өзүн реализациялоо үчүн акыл-эсти жана эркти талап кылуучу (аттрактивдүүлүктон айырмаланып) өзүмчүлдүк.
Аттрактивдүүлук — чындыктын, кооздуктун жана адилеттүүлүктүн абстракттуу баалу- улуктарына берилип кетүүчүлүк.
Башталыш момент (учур) — диахроникалык шкала үчүн эсептөө чекити болуп саналган нолдү 0 (нолль) түзүүчү абсолюттук убакыт шкаласындагы пассионардык түрткүнүн башталыш учуру.
Биохимиялык энергия — карагыла: Жандуу нерсенин биохимиялык энергиясы.
Биочөйрө — Жердин антиэнтропиялык касиеттерге ээ болгон, жандуу нерселерден жана алардын ишмердүүлүктөрүнүн продуктуларынан турган катмары.
Биочойронүн флуктациясы — пассионардык түрткүлөрдүн натыйжасында биочойродогү жандуу нерселердин энергиясынын көлөмүнүн мейкиндикте жана мезгилде локалдуу түрдө өзгөрүшү.
Биполярдуулук — системалардын эки багытта өнүгүү мүмкүнчүлүгү: мында алар же татаалданып, же вакуумда чектелүү менен жөнөкөйлөнүп кетет.
Вакуумдагы нолдүк термелуу — виртуалдык бөлүкчөлөрдүн вакуумда (боштукта) көз ирмемде пайда болуп жана жок болуп кетүү процесси.
Гармониялуу адамдар — пассионардык импульсунун чоңдугу өзүн өзү сактоо инстинктинин импульсунун чоңдугуна барабар болгон адамдар.
Генетикалык "дрейф" — согуш мезгилдеринде кадыресе көрүнүшкө айлануучу кокустан болгон жыныстык байланыштар аркылуу пассионардык белгинин таралышы.
Геобиоценоз, же белгилуу биррегиондун биоценозу — тарыхый, экологиялык жана физиологиялык жактан байланышкан жана жашоо шарттарынын жалпылыгы менен бир бүтүндүктү түзүп, толук калыптанып бүткөн формалардын комплекси.
Геохор — жакын жаткан аймактардан оөүнүн бир түрдүү экологиялык өзгөчөлүгү менен айырмаланган жер аянты.
Диохроникалык шкала — этногенездин фазалары боюнча салыштыруу үчүн ар түрдүү этникалык системалардын башталыш мезгилинен бери тарта эсептөө системасы.
Дүйнөну негативдуу туюн-сезүү — материалдык дүйнөгө карата мындай мамиле системаны жөнөкөйлөтүүгө умтулуудан көрүнөт.
Дуйнөнү позитивдуу туюп-сезүү — материалдык дүйнөгө карата мындай мамиле системаны татаалдантууга умтулуудан көрүнөт.
Дуйнөнү туюн-сезүү — пассионардуулуктун (биохимиялык энергиянын) импульсунан вакуумда чагылышып жаралган нерсенин аң-сезим тарабынан кабыл алынышы, ал идеалдык абстракттуу баалуулуктарга жана материалдык дүйнөгө карата мамиледен көрүнөт.
Жакындык аберраңиясы — кечээ жакында эле болуп өткөн окуяны мурдагы окуяларга салыштырмалуу өтө апыртып, зор кылып көрсөтүү.
Жандуу нерселердин биохимиялык энергиясы — айлана-чөйрөдөн жандуу организмдер тарабынан сиңирилип алынган эркин энергия.
Жөнөкөйлөнүү — этникалык системадагы системалык байланыштардын жыштыгынын азайышы.
Жогорулоо фазасы — пассионардык түрткүнүн же генетикалык дрейфтин натыйжасында системанын пассионардык чыңалуусунун деңгелинин туруктуу жогорулоо мезгили.
Журүш-туруш императиви — этникалык жамааттын жеке адамга болгон мамилесинин идеалдуу принциби; этностун жүрүш-туруш адатында бул принциптин үстөмдүк кылышы этногенез фазасына же фазалардын алмашууларына байланыштуу болот.
Жүрүш-туруштун негативдуү (терс) имнеративи — системаны жөнөкөйлөтүүгө умтулуу.
Журүш-туруштун позитивдүү (оң) императиви — системаны татаалдантууга умтулуу.
Жүрүш-туруштун пассионардык импульсу, же пассионардык импульс — жеке адамдын жана түрдүн өзүн өзү сактоо инстинктине каршы багытталган жүрүш-туруш импульсу.
Жүрүш-туруш адаттары — этникалык системанын мүчөлөрүнүн мурастоо жолу аркылуу өтүп жана мезгилдин агымы менен өзгөрүлүп туруучу үлгүлүү жүрүш-туруштарынын комплекси.
Идеал — алысты болжолдоо, кээде иллюзия.
Инкубациялык мезгил — этностун жаңы этносоциалдык система катары пайда болушуна чейин пассионардык түрткүдөн кийинки жогорулоо фазасынын бир бөлүгү, же генетикалык дрейфтин башталыш учуру.
Инкубациялык көмүскө мезгил — инкубациялык мезгилдин пассионардык чыңалуусунун өсүшү замандаштар тарабынан тарыхтын окуяларынын жазылып калышына алып келбей турган бир бөлүгү.
Инкубациялык ачык мезгил — инкубациялык мезгилдин пассионардык чыңалуунун өсүшү замандаштар тарабынан тарыхтын окуяларынын жазылып калышына алып келе турган бир бөлүгү, бирок ал али этникалык дивергенцияны жана жаңы этносоциалдык системанын жаралышына алып келбейт.
Инстинкт импульсу — карагыла: Инстинктивдүү жүрүш-туруш импульсу.
Инстинктивдүү жүрүш-туруш импульсу — жеке адамдын жана түрдүн өзүн өзү сактоого багытталган тубаса жүрүш-туруш импульсу.
Инерциялык фаза, же инерция фазасы — чүнчүүдөн кийинки этникалык системанын пассионардык чыңалуусунун жай басаңдашы.
Калп —. чындыкты аң-сезимдүү түрдө бурмалоо.
Картаюу — этникалык системада жеке адамдын жана этностун деңгелинде пассионардык түрткүнүн күүлөнүү күчүнүн жоголуу процесси.
Карым-катнаштагы мүмкүнчүлүктордүн ар түрдүүлүгү — эки же андан көп суперэтностордун карым-катнаштарында жаралуучу пассионардуулуктун (биохимиялык энергиянын) өйдө-төмөн болуп турушу.
Комплиментардуулук — оң (терс) мааниде адамдарды "оз" жана "жат" деп бөлүүнү аныктаган сокур сезимдеги өз ара жактыруучулук (жактырбоочулук) туюм-сезим.
Конвиксия — бир мүнөздөгү турмуш-тиричилиги жана үй-бүлөлүк байланыштары аркылуу бириккен адамдардын тобу, этникалык иерархиядагы төмөнкү таксон.
Консорция — бирдей тарыхый тагдыр аркылуу кыска мөөнөткө бириккен, бирок көп учурда тез тарап кете турган адамдардын тобу.
Кубулуш — адамдын жана этникалык жамааттын жүрүш-турушуна биочөйрөнүн тийгизген таасиринин натыйжалары.
Ксения("мейман") — симбиоздун варианты; мында кайсы бир этностун өкүлдөрүнүн чакан тобу жергиликтүү аборигендердин арасында жашайт, бирок алар менен аралашып кетпейт.
Кылык-жорук — адамдын (кокустан эмес) өз эрки менен (аң-сезимдүү түрдө) жасаган жорук-жосуну.
Маданий салт — мезгил агымы менен этностон этноско өткөрүлүп берилип туруучу билимдер менен түшүнүктөрдүн жыйындысы.
Маданият тарыхы — этностордун өз маданий салттары жөнүндөгү эскермелери.
Мезгилди статикалык туюп-сезүү — убакытты реалдуу эмес нерсе катары кабыл алуу.
Мураска өтүп туруучу белгилер — ата-бабаларды тууроонун шарттуу рефлекси аркылуу үйрөнүү жолу менен адаттардын муундан-муунга өтүп турушу; белгилердин мындай мурасталып турушу ылайыкташуунун эн жогорку формасы катарында жүрүш-туруш адаттарын калыптандырат.
Ностальгия (кусалык) — башка этникалык талаа менен сыйыша албастыкты туюп- сезүү.
Обскурация фазасы — этностун система катары жок болуусу, же калдыкка (реликт) айлануусу менен коштолуучу пассионардык чыңалуунун гомеостаз деңгелинен да төмөндөп кетиши.
Окуя — системалык байланыштардын үзүлүштөрү.
Окуялардын логикасы — окуялардын ортосундагы себептик-натыйжалык байланыштар; ал ошол окуялардын андан аркы жүрүшүнө себеп болот.
Ордунан козголуу, же карым-катнаштын натыйжасы — сырткы таасирден улам этногенез процессинин табигый түрдөгү жүрүшүнүн бузулушу.
Өлум — биочойро феномендеринин жашоо ыгы, мында мейкиндиктин мезгилден бөлүнүшү ишке ашат.
Өсуп-өнүгүү орун-очогу же этностун мекени — этнос эң алгач система катары түзүлгөн ландшафттын элементтеринин кайталангыс түрдөгү айкалыштары.
Өто жогорку чымыркануу — чөйрөнүн агрегаттык абалын бузууга жетишерлик жана керектүү болгон күч-аракет.
Пассеизм — өткөн мезгилди жападан-жалгыз объективдүү реалдуулук катары кабыл алуу.
Пассионарийлер — жүрүш-туруштарынын пассионардык импульсу өзүн өзү сактоо инстинктинин импульсунун чоңдугунан ашык болгон адамдар.
Пассионардык индукция — пассионарийлер катышып турганда пассионардык талаанын таасири астында гармониялуу адамдар менен субпассионарийлердин жүрүш-турушунун өзгөрүшү.
Пассионардуулук — жүрүш-туруштун мүнөзү катарында — кайсы бир кыялдагы ой-максат үчүн адамды өзүн өзү курмандыкка чалууга түртүүчү биохимиялык энергиянын ашып-ташышынын таасири.
Пассионардык импульс — карагыла: Жүрүш-туруштун пассионардык импульсу.
Пассионардык белги — адамдын сырткы чөйрөдөн биохимиялык энергияны көбүрөөк алып турушун жана ал энергияны жумуш катары берип турушун шартгаган рецессивдүү генетикалык белги.
Пассионардык талаа — пассионардуулуктун биохимиялык энергиянын бар экендиги менен шартгалуучу талаа.
Пассионардык түрткү — түр ичинде пассионардык белгини пайда кылуучу жана тигил же бул региондордо жаңы этникалык системалардын жаралышына алып келүүчү микромутация.
Пассионардык чыңалуу — карагыла: Этникалык системанын пассионардык чыңалуусунун деңгели.
Пассионардуулук энергия катарында — эң жогорку чымырканууга жөндөмдүүлүктү аныктоочу жана инстинкт векторуна карама-каршы туруучу жандуу нерсенин биохимиялык энергиясынын ашып-ташышы.
Персистенттер же изоляттар, же статикалык этностор, же калдыктар (реликты) (синонимдер) — этникалык гомеостазда турган этникалык системалар. Бул терминдер эмгектин текстинде синонимдер катары кабыл алынышы керек.
Популяңия — өз ара эркин аргындашуу жүрүүмү белгилүү бир территорияда бир нече муундардан бери жашап келе жаткан особалардын тобу.
Симбиоз — ар бири өздөрүнүн экологиялык орун-очогун сактоо менен эки же андан көп этностордун жанаша жашоосу.
Системанын пассионардык чыңалуусунун деңгели, же пассионардык чыңалуу — этникалык системаны түзүп турган адамдардын санына жараша бөлүнүүчү этникалык системадагы пассионардуулуктун саны.
Субпассионарийлер — өзүн-өзүн сактоо инстинктинин импульсунан пассионардык импульсу азыраак болгон адамдар.
Субэтнос — этностун структуралык элементи болгон этникалык система.
Суперэтнос — тарыхта мозаикалык бир бүтүндүктү түзгөн, бир эле ландшафттык региондо бир эле учурда жаралган бир нече этностордон турган этникалык система.
Суперэтностогу констелляция — бир пассионардык түрткүдөн жаралган этностордун суперэтностун чегинде өнүгүү тенденцияларынын окшоштугу.
Тарыхый мезгил — пассионардык түрткүлөр аркылуу бузулуп туруучу этночөйронүн элементтеринин ортосундагы энергетикалык потенциалдарды теңештирүү процесси.
Тарыхый тагдыр — ички логикалары менен казуалдык түрдө байланышкан окуялардын тизмеги.
Татаалдашуу — этникалык системадагы системалык байланыштардын жыштыгынын артышы.
Туңгуюк — материалдык дүйнөнүн бир бөлүгү болгон боштук, же вакуум.
Футуривм — келечекти бирден бир объективдүү реалдуулук катары кабыл алуу.
Химера — бир эле экологиялык орун-очокто эки же андан көп, бири бирине жат суперэтникалык этностордун жанаша жашап турушу.
Чүнчүү фазасы — этникалык талаанын жиктелиши менен улантылуучу акматикалык фазадан кийин пассионардык чыңалуунун денгелинин кескин түрдө төмөндөшү.
Чыгармачылык — пассионардык түрткүдөн улам жамаатта пайда болучу жүрүш-туруштун багыты.
Энтропиялык процесс — энергияны жоготуунун кайра жангыс процесси.
Эрк — өз эрки менен кылык-жорук жасоого жөндөмдүүлүк.
Эркиндик тилкелери — өз эрки менен тандап алууга мүмкүнчүлүк бар кырдаалдардын жыйындысы. Дал ушул жерде ар бир адамдын өз алдынча өнүгүү тенденциясын тандап алуу укугу ишке ашат (карагыла: Биполярдуулук).
Эстелик фазасы — обскурация фазасынан кийинки этностун абалы; мында этностун айрым өкүлдөрү маданий салттарын сактап турушат.
Эгоисттик (озүмчүлдүк) этика — жеке адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы этникалык жамааттын кызыкчылыгынан басымдуулук кылатурган этика.
Этникалык антисистема — негативдүү көз караштар аркылуу бириккен адамдардын системалуу бир бүтүндүгү.
Этникалык гомеостаз, же гомеостатикалык деңгел, же этностун статикалык абалы(синонимдер) — этникалык системанын (структуранын) туруктуу абалы; мында биохимиялык энергиянын — пассионардуулуктун термелүүсү мектелүү болот жана ал этноландшафттык тең салмактуулук менен этногенез фазаларынын алмашпай тынч турганын аныктайт.
Этникалык диагностика — этносторду жүрүш-туруш адаттары жана бул же тигил салтка тийиштүүлүгү боюнча аныктоо ыкмасы.
Этникалык дивергенция — этникалык иерархиянын белгилүү бир деңгелинде комплиментардуулук сезимин жоготуудан улам этникалык системалык бир бүтүндүктүн бузулушу.
Этникалык доминанта — этномаданияттагы көп түрдүүлүктөн атайы түрдө бир түрдүүлүккө умтулуудагы этногенез процессинин башталышын аныктоочу көрүнүштүн, же көрүнүштөрдүн (диний, идеологиялык, аскерий, тиричилик) комплекси.
Этникалык иерархия — ар кайсы таксономдук деңгелдеги (даражада) этникалык системалардын этногенез процессиндеги динамикалык түрдө бири бирине баш ийүүсү.
Этникалык карым-катнаш — этникалык иерархиядагы ар кандай даражадагы эки жана андан көп этникалык системалардын өз ара аракеттенүү процесси.
Этникалык карым-катнаштардын варианттары — этникалык системалардын өз ара аракеттенүү ыкмаларындагы айырмалар.
Этникалык карым-катнаштардын деңгели — этникалык иерархиядагы карым-катнаш системаларынын даражалары.
Этникалык регенерация — бүлүнүүлөрдөн кийин этникалык түзүлүштүн кайра калыбына келиши.
Этникалык салт — шартгуу рефлекстер аркылуу берилип туруучу жүрүш-туруш адаттарынын жыйындысы.
Этникалык субстрат — пассионардыктүрткүнүн жаңы этноско биригүүчү алгачкы этникалык компоненттери (эки же андан көп).
Этникалык системанын динамикалык абалы — пассионардык түрткүдөн улам биохимиялык энергиянын пассионардуулуктун термелүүсү этногенез фазаларынын алмашуусуна жана этноландшафттык чөйрөнүн активдүү түрдө кайра түзүлүшүнө (гомеостаздан айырмаланып) алып келүүчү этникалык системанын абалы.
Этникалык талаа — пассионардык талаанын негизинде пайда болучу этникалык системанын мүчөлөрүнүн жүрүш-турушунун жана аттрактивдүүлүгүнүн талаасы.
Этникалык талаанын аспектисиндеги этногенез — этникалык талаанын термелүү кыймылынын динамикасы.
Этникалык талаанын аспектисиндеги этникалык карым-катнаштар — этникалык талаалардын титирөөлөрүнүн интерференциясы.
Этникалык талаанын ритми — жүрүш-туруш адаттары аркылуу этникалык система ылайыкташып алган этникалык талаанын термелүү ылдамдыгы.
Этникалык тарых — окуялары булактарга катталган мезгил ичинде этногенездин жана этникалык карым-катнаштардын функциясы.
Этникалык тарыхтын дискреттүүлүгү — бардык этногенездердин башталышы менен аякташын аныктоочу себептик-натыйжалык байланыштардын үзүлүштөрү.
Этногенез — этникалык системанын жарылуусунан баштап энтропиялык процесстин таасири астында пассионардуулуктун жок болуп кетишине чейинки бүткүл процесс.
Этногенез фазасы — системанын пассионардык чыңалуусунун деңгелдеринин жыйындысы; мында ар бир деңгел жүрүш-туруш императивинин деңгелдеринин бүткүл жыйындысы үчүн бирдиктүү болгон жүрүш-туруш адаттарындагы үстөмдүк абалды аныктап турат.
Этногенездеги ылайыкташуу — жүрүш-туруштун жаңы адаттарын иштеп чыгуу аркылуу этностун ландшафтка ылайыкташуусу.
Этнология — тарыхый доордо этногенез процессинини натыйжасында Жердеги этночойронүн калыптанышын изилдөөчү географиялык илим.
Этнологиядагы белгисиздик принциби — же социалдык, же этникалык (табигый) аспектилердин бирин баяндап жазууга мүмкүндүк берүүчү окуялардын ырааттуулугуна байкоо жүргүзүүдө изилдөөчүнүн мүмкүнчүлүгүнүн объективдүү түрдө чектелип калышы.
Этнопсихология — этникалык тарыхта этногенез фазасына байланыштуу этностун туруктуу күлк-мүнөзүнүн алмашууларынын көрүнүштөрү жөнүндөгү илим.
Этнос — энергетикалык система (структура) катары жашап жаткан, комплиментардуулукту туюп-сезүүнүн негизинде өзүн бардык башка жамаатгарга карама-каршы койгон, өзгөчөлүү жүрүш-туруш адаттарынын негизинде табигый түрдө түзүлгөн адамдардын жамааты.
Этностун жүрүш-туруш адаттарынын структурасы — а) этникалык жамаат менен жеке адамдын, б) жеке адамдардын өз ара, в) субэтностордун өз ара, г) этнос менен субэтностордун өз ара мамилелеринин өтө так аныкталган нормасы.
Этностун өзун өзү жөнгө салышы — биохимиялык энергияны — пассионардуулукту мүмкүн болушунча аз коротуу аркылуу этникалык системанын өз жашоосун жана айлана- чөйрөгө ылайыкташуусун камсыз кылуучу багытта өнүгүүгө жөндөмдүүлүгү.
Этностун мозаикалуулугу — этникалык биримдикти сактоого зарыл керектүү болгон ички түзүлүштүн бир тектүү эместиги.
Этностун туруктуулугунун чен-өлчөмү — этностордун сырткы таасирлерге каршылык көрсөтүү даражасын аныктоочу ар кайсы чен-өлчөмдөгү жана белгидеги (кибернетикалык мааниде) этникалык байланыштардын тыгыздыгынын көрсөткүчү.
Этноценоз — биогеоценоз, мунун чектеринде ылайыкташуу процесси менен түздөн-түз байланышкан белгилүү бир этностун өнүгүүсү ишке ашат.
Этночөйрө — Жердин этноценоздорунун бүткүл жыйындысынан куралып, этникалык жактан мозаикалуу болгон антропочөйрөнү түзгөн жер катмары.
Этночөйрөнүн ар түрдүүлүгү — пассионардык түрткүлөр тарабынан тарыхый мезгилге киргизилүүчү энергетикалык потенциалдардын бирдей эместиги.
- Мезолит
- Кыргыз ормон хандын заманында
- Кыргыздын элинин турмушу
- Отурукташуу
- Бай, манаптын кедей начарды ээгени, жер ээлегени