Кирүү

Отурукташуу

Отурукташуу – көчмөн турмуштан бир жерге туруктуу жашоого өтүү. Мал чарбачылык менен тиричилик кылган көчмөн элдердин дыйканчылыкка өтүшүнө жана айрыкча акча-товар мамилелеринин өсүшүнө байланыштуу жүргөн. Кыргыз жергесинде Отурукташуу процесси байыркы мезгилдерден эле башталган, бирок Түндүк Кыргызстандын тоолуу өрөөндөрүндө жай өнүгүп, моңгол, калмак жортуулдарынын жана өз ара феодалдык күрөштөрдүн доорунда Отурукташуу үчүн зарыл саясий шарттар болгон эмес. 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында кыргыздардын айрым тобу отурукташа баштаган, ал эми Кыргызстан Кокон хандыгына киргенден кийин түштүк кыргыздардын Отурукташуусу күч алган. Кыргызстан Россияга каратылгандан кийин жүргөн социалдык-экон. өзгөрүүлөр кыргыздардын Отурукташуу процессин күчөтүп, натыйжада 19-кылымдын 90-жылдарына карата Түштүктө калк отурукташкан конуштар – кыштактар пайда болгон. Ферганада жер салык реформасынын жүрүшүндө кыргыз болуштуктарынын көпчүлүгү отурукташтырылган. Ал эми Кыргызстандын түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө мындай иш-чаралар болгон эмес. 19-кылымдын 90-жылдары жана 20-кылымдын баш ченинде Кыргызстандын дээрлик бардык болуштуктарындагы жерге жайгаштырылбаган эң кедей калк Отурукташуу га өтүүнү каа-лаганын билдирген. Отурукташкан тиричиликке өткөрүүнү сурагандардын саны көбөйгөнү менен алар өзүлөрүнүн каалоо-өтүнүчүн ачык билдире алган эмес, анткени оокаттуу адамдар өз уруулаштарынын отурукташкан тиричиликке өтүшүнө ар кандай жол менен каршылык кылып турушкан. 1898-жылдын 4-апрелинде Чүй өрөөнүндө Талкан болуштугунун 33 чарбасы Ташдөбө деген биринчи отурукташкан конушту түзүшкөн. Аларга 770 га жер бөлүнүп берилген. Жер салык реформасы жүргүзүлгөн учурда Фергана облусунда отурукташтырылбай кал-ган болуштуктардын бири да кийин жерге жайгаштырылган эмес. Кыргызстандын түндүгүндө болсо Отурукташуу боюнча анча-мынча гана иш жүргүзүлгөн. Ташдөбө кыштагы юридикалык жактан 1912-жылы гана катталып жазылган. Байтик деген наам менен отурукташкан жаңы болуштук түзүлгөн. Буга Пишпек уездиндеги Ташдөбө жана Чалаказак деген эки кыштак кошулган. 1910-жылдан Пишпек уездинин чыгыш Сокулук кыргыз болуштугун жерге жайгаштыруу башталган. 1915-жылдын январына карата кыргыздардын отурукташкан он болуштугу катталган, анын курамында 8267 түтүнү бар 67 кыштак түзүлгөн. Пржевальск уездинде 5 кыргыз кыштагы түзүлүп, орус болуштуктарына киргизилген. 1916-жыл жаңырганга чейин жерге жайгаштыруу Пишпек уездинин дагы 4 болуштугунда аяктаган. Кыргызстандагы Отурукташуу процесси феодалдардын каршы чыгышынан, бюрократизмдин жана жергиликтүү бийликтердин маанисиз себептерди шылтоо кылып создуктура бергенинен, ошондой эле өкмөттөгү пикир келиш-пөөчүлүктөн улам кечеңдеген. Совет бийлиги орногондон кийинки иш-чаралар жөнүндө к. Көчмөн чарбаларды отурукташтыруу макаласын.

Ой-пикирлер