Кирүү

Ажы бий

Ажы бий, Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылдары белгисиз) – 18-кылымдын 2-жарымындагы сая-сий ишмер; Алай-Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759-жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон ш-н бийлеген Ирдана бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган достук келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759-жылы сентябрь айында А.б-дин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы менен саясий-дипломатиялык жана соода-сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык-жарнама жана кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген. 1760-жылы Ирдана бий Алайда тонолгон Кокон көпөс-төрүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарына чейин жортуулга келген. Ажы бий жооп иретинде 1761-жылы Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндү-гүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы черик жана саяк уруу-сунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764-жылы жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы бий Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.

Ой-пикирлер