Кирүү

Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү

Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү

Башка солтолор оруска караса да, жайыл уругунан Маймыл Ажы уулу оруска каршы болуп жана анын үстүнө кээ бир солтолор улукка арыз бергенде, чакырыкка барган солдатты байлап, Коконго же Кытай мамлекетине өтмөк максат менен көчүп Суусамырга барганда, Сатылган деген киши алдап, кыз беремин деп өткөзбөй койгон. Маймыл кайтадан Таласка түшкөндө, кармоого Олуя-Атадан аскер чыгып жана Токмоктон дагы аскер буйрулуп, аларга Байтик менен Манапбай жолбашчы болгон. Байтиктин жанындагы жигити саяк уругунан Сарпекти Олуя-Атадан чыккан аскерге өздөрүнүн келе жатканын билдирип кабар беришке жумшаганда Маймыл ишенбеген, Келе жаткан аскерди көрүп, узун аяк малы менен катын-балдарын ала качканда Байтик менен Манап бай кууп барып кармап алып, Беденский деген улукка тапшырган. Жолдо келе жатканда Сарпек качыңыз деп айтса, мени орус өлтүрбөйт деп, качпай койгон. Беденский: "Эмне үчүн качтың?" — деп сураганда; "Кокондукка кээде карап, кээде карабастан жүрүүчү элек. Эми чоң кечиримдүү эл орустун улугу атабыз болгондон кийин күнөөмдү кечет деген тилегим бар, себеби билбестиктен качтым", — деген: Олуя-Атага алып барып, бир айдан соң ак кийизге ороп, ногой мечитинин алдында дар орнотуп байлап туруп. 1866-жылы 12 солдат жапырт атканда өпкө-боору жыгачка жабышып калган. Жашы 36 да болгон.

Cолто маймылдын өлтүрүлгөнү

Ой-пикирлер