Кирүү

Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби

Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби

1945-ж. жана андан башка жылдарда биздин экспедициябыз тарабынан изилденген райондордо көп сандагы мазар-күмбөздөр жолукту. Алардын баары чийки кыштан тургузулуп, курулуш ыгы жана жалпы конструкциялык формалары менен жасалгаланышы боюнча бири биринен абдан эле айырмаланат.

Тянь-Шань менен Ысык-Көлдүн изилденген райондорунун кыргыз күмбөздөрү негизи эки топко бөлүнөт. Булар, биринчиден, имараттары менен куполдорун куруунун ар кыл конструкцияларын байкоого боло турган ар түрдүү күмбөздөр, экинчиден, коргон түрүндөгү төрт бурчтуу же көп учурда чарчы пландагы күмбөздөр.

Биз ар түрдүү типтеги күмбөздөрдү жолуктурдук (13-сүрөт). Техникалык ыктары боюнча баарынан эскилери пайташынан тартып шакекче түрүндө көтөрүлүп, улам жогору жагы ичкере берип, "термиттердин" уюгуна окшогон күмбөздөр. Мындай күмбөздүн бир жагында эшиктин оюгу бар, кээде устун түрүндөгү аркасы бар дубалпортал тургузулат. Порталы өзүнчө бөлүнбөгөн күмбөздөрдүн тибин биз Казакстанда, Иле суусунун оң жээгиндеги Койбын-Басчий деген жерден учураткан элек. Нарын боюнча ушундай типтеги, бирок порталы бар күмбөздү Куланак айылынын батыш ченинен жолуктурдук.

Кыргыз күмбөздөрүнүн экинчи тибине тромптордун жардамы менен курулуп, күмбөздүн куб түрүндөгү негизине орнотулган куполдор кирет. Куполдор шакекче түрүндө курулуп, параболикалык кесилиши бар; кээде алар бир кыйла жогору шукшуюп (Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал чендеги күмбөз) күмбөздүн дубалынын бийиктигине чейин жетип турат. Мындай курулуштарга мисал катары: Ак-Сай өрөөнүнүн солжээгиндеги, Өзгөрүш айылы чендеги, Дөрбөлжүн айылынын түндүгүндөгү күмбөздөрдүн комплексин көрсөтүүгө болот; аларга Конорчок айылынын жанындагы Аманжол манаптын күмбөзүн, Шырдакбек чеби чендеги күмбөздү ж.б. да таандык кылууга болот.

Эреже катарында, порталы барлардан, бир катар учурларда күмбөздүн маңдай жагынын дубалы бир аз бийигирээк тургузулгандарынан (Нарындагы Шырдакбек чеби чендеги күмбөздөр) башка да, күмбөздөр массивдүү, дайыма дээрлик оймо-чиймеси жок, төрттүн үч (трехчетвертными колонками) бөлүгүнөн турган баганалар менен шөкөттөлгөн. Куланак районундагы жана Нарын чендеги күмбөздөрдүн баганалары фонарь сымал курулган.

Порталдын ордуна маңдайкы дубалдын үстү торчолуу антаблемент менен бийиктетилип, кыштан геометриялык фигура түрүндө курулуп, кадимки эле кыргыз оймо- чиймесине окшош келет. Алардын арасынан чийки кыш менен жеңил жасала турган жөнөкөй формадагы ромб, крест, үч бурчтуктарды белгилеп кетебиз.

Адатта орто кылымдардагы порталдарга мүнөздүү болгон калың, абдан эле алга чыгып турган пилондорду мында көргөнүбүз жок. Порталдын тегиз беттерин, кээде башка фасаддарды да, эреже катарында, ниша түрүндөгү оюктар менен жасалгалашкан (Нарын).

Томолок, жапыз түрдөгү куполу бийик барабанга орнотулган күмбөз өтө сейрек көрүнүш (Атбашы районундагы Кара-Суу айылы чендеги мазар).

Коргон түрүндө тургузулган күмбөздөр саны боюнча басымдуулук кылат, аларды биз бардык маршруттар боюнча, өзгөчө Дөрбөлжүн — Жерге-Тал аймагынан көбүрөөк жолуктурдук. Өзгөрүш кыштагынын жанында мындай коргондор бүтүндөй бир некрополду түзөт.

Күмбөздөрдөн айырмаланып, коргондор, эреже катарында, өзбектердин ыгы менен ылайдан согулуп тургузулган. Көлөмдөрү өтө эле ар түрдүү келет. Эгерде күмбөздүн дубалдарынын узундугу орто эсеп менен 5тен 8 мге чейин жетсе, коргондордуку 4 төн 15 л<ге чейин, бийиктиги 2—2,5 мге чейин жетет. Сейрек учурда гана төбөсү кесилген пирамида сыяктуу коргондор учурай калат (Ак-Талаа району, Ак-Чий айылы). Коргон- дордун да күмбөздөрдүкүндөй эле төмөнкүдөй жасалгалары бар:

1)дубалдын бүт үстүңкү кыры тиштүү келет же жөнөкөй геометриялык көркөм көчөтү бар азем торчолуу (бул бардык жерде жолуга турган түрү — Өзгөрүш, Ак-Чий).

2)бурчтарында төрттөн үч бөлүгүнөн турган баганалар, кээлеринин үстү фонарь сыяктуу келет, көпчүлүк учурда баганалар дубалдын түбүнөн эмес, анын жогорку бурчунан башталат (Алабука);

3)дубалдын жогору жагына бир нече кабат тизип, портал сыяктуу болуп көрүнгөн анчалык чоң эмес учтуу колонкалар менен жээктелген, көркөм көчөтү бар азем торчо сыяктуу жасалгалар (Ак-Талаа району, Ак-Чий).

4)бир жолку учурда коргон дубалдан алга чыгып турган пилондор түрүндөгү, үстү жагы ийри-буйру оймо-чиймелер менен кооздолгон, кыштан тургузулган бет жагы портал сыяктанган коргон жолукту; дубалдын маңдайкы бетинде жалган классикалык типтеги төбөсү шиштигий келген эшиктин оюгу бар (Жаңы-Булак айылы чендеги мазар).

Нарын-Алабука алабы үчүн бир эле жерде көп сандагы күмбөздөрдүн (20 га жакын) топтолуп турганы (Өзгөрүш — Ак-Сайдын оң жана сол жээктери, Дөрбөлжүн — Ак-Чий ашуулары) жана күмбөздөргө караганда коргондордун басымдуу болушу мүнөздүү көрүнүш. Күмбөздөрдүн көпчүлүгү азыркы айылдардын жанында жалгыздан турат (Куланак, Үч-Куюн ж.б.), Дөрбөлжүн ченде гана манап Касым-Хандын тукумдары тарабынан тургузулган онго жакын күмбөз бар.

Жыйынтыктай келип, Нарын, Куланак жана Ак-Талаа райондору боюнча күмбөздөрдүн негизги төптөрүн санап өтөбүз: 1) Нарын ш., андан 1 км батышта, эски көрүстөндө (портал тибинде); 2) Жаңы-Булак тобу (бейит-коргондор); 3) Куланак, эки чыгыш тобу (бейит-коргондор); 4) Куланак, батыш тобу (күмбөздөр); 5) Үч-Куюн, кыштактын батыш тарабында (порталдык типтегилер, порталдар эки катар ниша (оюк) менен кооздолгон, ар биринде үч нишадан); 6) Куртка (Биринчи Май айылы) — ондон көбүрөөк порталдуу күмбөздөр; 7) Терек-Суу күмбөздөрү жана бейит- коргондор (Үгүттөн Дөрбөлжүнгө кетчү жарым жолдо); Дөрбөлжүн чендеги Касым-Хандын он беш күмбөзү (көпчүлүгү порталдуу); биринин порталы кызыл боёк менен сырдалган; 9) Ак-Чий, чыгыш тобу, — торчолуу антаблементтери жана маңдай беттеринде нишалары бар коргондор басымдуулук кылат; 10) Ак-Чийден Сазга кетчү жол жаткан өзөндөгү 8 мазардан турган топ, булар коргон түрүндөгү мазарлар; 11) коргон түрүндөгү мазарлар, бир бөлүгү күмбөздөр (Юдон көбүрөөк), Ак-Сайдын оң жээгинде; 12) акайлык мазарлардын (Өзгөрүш айылы) оң жээгиндеги тобунда коргондору көбүрөөк, күмбөздөр да бар; 13) Аманжол манаптын жана анын туугандарынын күмбөздөрүнүн тобу (үчөө), Конорчок айылы ченде; 14) Шырдакбек чеби чендеги беш күмбөз жана коргондор; 15) үч күмбөздөн турган Жергетал тобу.

Бул тизмеден көрүнүп тургандай буларда коргондор басымдуу көпчүлүгүн түзөт. Коргондордун да, күмбөздөрдүн да мүнөздүү белгилери — алардын топ-топ болуп жайгаштырылганында. Жалгыздан турган мазарлар (бардык тиби) өтө сейрек учурайт.

Ысык-Көл менен Түндүк Тянь-Шандын күмбөздөрү чоң тарыхый-архитектуралык жана этнографиялык кызыгууну туудурат. Айрымдарына гана бир аз токтоло кетмекчибиз. Ысык-Көлдө. Тору-Айгыр айылынын батыш четиндеги, бурчтарында төрттүн үч бөлүгүнөн турган калың баганалары бар коргон түрүндөгү күмбөз кызыгарлык. Маңдайкы бетинде — төбөсү шүштүгүй, бир аз алдыга чыгып турган эшиктин сөлөкөтү бар, ал бурч түрүндөгү арка сыяктанган кичинекей нишалар менен кооздолгон, ал кыштын кырын алдыга чыгаруу жолу менен аткарылган. Маңдайы бүт бойдон кыштан фигуралуу кылып коюлган эки алкак менен бөлүнгөн; жогорку алкак — эки катар, ылдыйкысы — бир катар кыштан коюлган; алкактар Бухарадагы Исмаил Саманинин же Таластагы Бабажа-Хатундун күмбөздөрүндөгүдөй кыштын бурчу чыгарылып жасалган. Үстүңкү көркөм көчөттүү алкактын жогору жагы бүт бойдон тегерек медальон түрүндө кооздолгон.

Ушул эле көрүстөндөгү купол менен жабылган күмбөз анчалык кызыгарлык эмес, көбүрөөк трафареттүү келет; бирок дубалдын үстүнө тургузулган торчолор азын-оолак кызыгарлык, ал куполдун негизин бир аз жаап турат.

Чоң-Сары-Ой айылы чендеги күмбөздөрдүн тобундагы көзгө түшкөн нерсе бул, мындагы мазарлар турак үйгө окшошуп кетет, анын дубалдары панно менен бөлүктөргө бөлүнүп тургансыйт. Дубалдын үстү тыгыз кылып катар коюлган тиштер менен кооздолгон, ал "сасанилер шаарчаларына" окшоштурулгансыйт. Дубалдардын борборунда арка түспөлүндөгү, огу боюнча жарым колонкалар менен кооздолгон урчуктар жогору көтөрүлүп турат. Көлөмү жагынан барандуу келген бул күмбөздөр храм тибиндеги курулуштарга караганда кала берсе исламга чейинки мезгилдеги байыркы турак жайдын түрүн кайталагансыйт.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чоң-Өрүктү айылы чендеги көрүстөндөгү Күмбөздөрдүн тобу да чоң кызыгууну туудурат. Алардын көпчүлүгү кечирээкте курулган (20 к.) коргондор.

Төрт бурчтуу коргондун дубалынын үстүнө ажурлуу парапет тургузулган. Бурчтарында коргондордун бир бөлүгү кесилишинде чарчы төмөн жагы жоон келип, жогору карай тектир-тектир болуп ичкерип кеткен төрттүн үч бөлүгүнөн турган баганалары бар.

Коргонго жапыс келген эшиктин оюгу аркылуу кирет, ал оюк эки салмактуу жарым баганаларга коюлган жалпак арка түрүндө жасалган. Арканын үстүндө тектир түрүндөгү курулуш бар. Парапеттин бурчтарында кичинекей мунарачалар тургузулган.

Мындагы белгилеп кете турган нерсе бул: кыска, жарым багана түрүндөгү, аркасы жалпак келген эшиктин оюгу ортоазиялык архитектурада дегеле учурабайт, ал барып-келип эле түндүк индиялык жана чыгыш түркстандык архитектуралык элементтерди элестетет, бул болсо (кыргыз жана өзбек) усталардын архитектуранын ушундай типтеги эстеликтери менен тааныштыгын далилдейт.

Борбордук Тянь-Шандын тоолуу бөлүгүндө, мисалы, Жумгалда, айрыкча Жумгалдагы кеңири белгилүү Чинабий (?) күмбөзү турган көрүстөндө бир кыйла көп сандагы куполдуу күмбөздөр учурады. Булар жыгачтан каршы-терши кайчылаштырылып коюлуп, чийки кыштан тургузулган куполдуу порталы бар күмбөздөр, анын бети бир нече өз алдынча аянтчаларга бөлүнүп, борборунда төбөсү шиштигий арка менен жабылган босого бар.

Чинабийдин күмбөзүнүн жанындагы 19 к. аягы — 20 к. башы чендеги бейиттерде жазуусу бар таш мамылар турат.

Чинабийдин күмбөзүнүн чыгышында турган көрүстөндөгү эч кандай жыгачы жок курулган башка күмбөздөрдүн тобу бир кыйла кызык. Алардын кесилишинде трапеция түрүндөгү пайдубалы массивдүү келет, маңдайкы бөлүгү бийик көтөрүлүп, дубалдын баштары кесилип жасалган, парапет менен ал күмбөздүн жапыз куполун дээрлик жаап турат.

Алабакан өрөөнүндөгү Өзгөрүш көрүстөнүндө күмбөздөрдүн көпчүлүгүнүн куполдору бар. Мында Генотайдын (?) күмбөзүндө кол жазмалар менен китептердин архиви табылган, алардын арасында Физулинин ж.б. чыгармалары бар болуп чыккан.

Куполдуу күмбөздөрдөн турган бир кыйла чоң көрүстөн Ак-Мойнок ашуусуна жетпей, Тогуз-Торо районундагы Манакелди суусунун оң жээгиндеги "Май" колхозунун үстүңкү тарабында жатат.

Эгерде Ысык-Көлдө тик бурчтуу бейит коргондор басымдуулук кылса, Борбордук Тянь-Шанда, Фергана тоо кыркаларына жакындаган сайын куполдуу күмбөздөрдүн саны арбый берет.

Тик бурчтуу бейит коргондордо байыркы, исламга чейинки, эң болбоду дегенде моңголдорго чейинки архитектуралык формалардын түздөн-түз мурасталып калганы байкалат. Кызыктуу бир нерсе, мындагы окшоштуктардын көпчүлүгү Чыгыш Түркстан тарапты көрсөтсө, мындай окшоштуктар бул архитектуралык формалар менен байыртадан тааныш болушкан кыргыздар аларды өздөрүнүн маданий табылгаларынын казынасына кошуп алышканын айтып турат.

Алабука суусун бойлой кызыктай бир чептин урандысы табылды, ал болжолу 19 к. орто ченинде курулса керек, жергиликтүү калктын арасында ал Чолок-Коргон деген ат менен белгилүү.

Чолок-Коргон Кара-Талаа капчыгайынын оозунан үч километрчелик жерде, Конорчок айылына кеткен жолдун боюндагы жайылманын үстүндөгү тектирден орун алган. Чептин капталдары төгөрөктүн төрт бурчун карайт. Түштүк дубалы чакан суу жаткан терең сайдын жээгиндеги жарды бойлой кетет. Планы боюнча чеп төрт бурчтук түрүндө. Түндүк жана түштүк дубалдары 26,5 м, чыгышы менен батышындагысы бурчтагы мунаралардын диаметрин кошуп алганда 53 м түзөт. Чептин бурчтарында 3 м ге чейин алга чыгып турган мунаралар бар. Мунаралар сүйрүрөөк келген тегерек планда, төбөсү кесилген конус түрүндө. Батыш жана чыгыш дубалдарда кошумча дагы бирден мунара бар, алар түштүк дубалга жакын тургузулган (батыш дубалдан 27 м аралыкта). Бул мунаралардан чептин ичинде аны экиге бөлүп турган дубал кетет, ички дубалдар өтө начар сакталган. Ошондой эле түштүк-чыгыш мунара да таптакыр сакталган эмес. Батыш, Чыгыш жана Түндүк дубалдарында тешилип ураган жерлер бар. Түштүк дубал толук сакталган.

Түштүк дубалына карап баксак, дубалдары 8 кабаттан, ылайдан согулуп жасалган, ар бир кабаттын бийиктиги 0,50 м, калыңдыгы 0,60 м. Мунаралары (бир кыйла сакталып калган түндүк-чыгыш мунарасына караганда) 11 кабаттан турган, б.а. айланадагы дубалдардан 1,5 м бийик болгон. Дубалдарда жылчык түрүндө согуштук көзөнөктөр бар, алар дубалдардын 4 жана 5 катарларынан орун алган; мунаралардагы согуштук көзөнөктөрү кичине терезе түрүндө келип, бийиктиги 0,60 м, жазылыгы (түп жагы) да 0,60 м келет.

Түштүк дубалды бойлой ага жакын турган имараттардын дубалдарынын изи сакталып калган. Чептин түндүк жагында курулуштун изи жок, кыязы, малды кармоого ылайыкталса керек. Батыш дубалында эки уранды тешик бар, анын бири эшик турган мунаранын түндүк-батышына жакын, экинчиси — дарбаза үчүн курулган түштүк- батыш жана батыш мунаралардын ортосунда. Калган бардык дубалдар, сыягы, туюк окшойт.

Чолок-Коргон 19 кылымдын (Кокон доору) курулушунун типтүү үлгүсү жана ал манаптар менен байлардын азыркы заманга жеткен өтө аз сандагы чептери болуп саналат.

Эгерде кыргыз элинин курулуш объектилеринин ичинен бизге жогоруда белгиленген күмбөздөр, б.а. көп учурда туурап, окшоштуруп салынган (кээде булар Самаркан менен Бухаранын архитектурасынын классикалык үлгүлөрүнүн өтө начар көчүрмөлөрү болгон) культ архитектурасы экенин эске ала турган болсок, Чолок-Коргон тибиндеги курулуш чеп мүнөзүндөгү имарат катарында өзгөчө кызыгууну туудурат.

Күмбөздөрдү, бейит-коргондорду жана чептерди куруу ыгы өзбек усталардан кабыл алынса керек. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, бул курулуштар кыштар менен паскалардан курулуп, эки учурда тең чийки топурактан тургузулган. Бул курулуштардын техникалык жана конструкциялык ыктары, көп учурда байыркы устачылыкты кайталайт, бул жогоруда белгилеген "уюк" тибиндеги күмбөздөр менен ачык далилденип турат.

Кыргыз күмбөздөрүндөгү кызыктуу нерсе бул, мында курулушчу курулушту боз үйдөй тегерек планда куруу жана анын үстүн томолок түрдө жабуу идеясын калыбына келтирүүгө, аны кайталоого аракет кылат. Куполдун бийиктиги жана анын имараттын тулкусу менен катышы боз үйдүн тулкусунун бийиктиги менен анын үстүнүн жабылышынын негизги пропорцияларын кайталайт. Мында портал экинчи даражадагы милдетти аткаргансыйт, сейрек учурда гана портал имараттын өз алдынчалуу, маанилүү деталы катарында тургузулат, ушул нерсе Тянь-Шандын күмбөздөрүн Талас өрөөнүнүн күмбөздөрүнөн айырмалап турат; Таласта порталдарды, мисалы Орловка кыштагы чендеги күмбөздөрдүн (Кочкор, Егемберди жана Шиханбай күмбөздөрү) порталдарын уста өтө дилгирленип жасалгалаган. Тянь-Шандын күмбөздөрүндө борборго тууралап тургузуу тиби басымдуулук кылат, бул кыргыздардын элдик архитекторлорунун курулуш табити үчүн мүнөздүү болгон үлгү катарында колдонулат. Имараттын мындай тиби көчмөндөрдүн боз үйлөрүн көбүрөөк эске салат.

Кыргыз күмбөздөрүнүн экинчи өзгөчөлүгү — алардын шөкөттөп жасалгаланышында кышты коргондун дубалынын четки жээктерин же жупуну порталдардын антаблементтерин торчолуу кылып тургузуу баарынан мурда боз үйдүн жыгач тулкусун — "керегесин" элестетет. Бул айрыкча ромб түрүндөгү оймо-чиймеден ачык көрүнөт. Жогоруда белгиленген бардык элементтер кыргыз оймо-чиймесинин геометриялык формаларын кайталоого жасалган аракет менен тыгыз байланыштуу. Бул үч элементтен биз кыргыз элинин турмушунан орун алган монументалдуу курулуш жагындагы өзбектерден кабыл алынган маданий үлгүлөрдү кыргыздардын "кайра иштеп" чыгуу- сун көрөбүз.

Ой-пикирлер