Кирүү

Чоң багыш

Чоң багыш байыркы кыргыз уруусу. Н.Аристов Чоң багыштарды Багыш уруусунун курамына кошот. үсөн Ажы боюнча: Чоң багыштар Багыш, Сарыбагыш, үч багыш, Карабагыш менен бир тууган эмес. Тек аты уйкаштар. Ал: "Чоң багыштар адегенде Текестеги үч Каркыра, Көк Дөбө деген жерде туруучу" дейт. Бул боюнча алар бери дегенде орто кылымдан бери Чыгыш Түркстанда турган жергиликтүү калк. Кыргызстандагы Чоң багыштар уруулук белгилерин жоготкон, көпчүлүгү башка уруулар менен аралашып кеткен. 20-к. орто ченинен Базаркоргондун Сейдалихумунда, Ленин районунун Чоң Багыш айылында, Ак Суу районунун Бөрүбаш, Челпек, Жол Колотунда, Каракол шаарында турушат. 1856-ж. жана 1916-ж. Чоң багыштар Чыгыш Түркстанга кайра көчүшкөн. Оштогулары Карабагыш Адигине урууларынын курамында. Чоң багыштар: Мыкы, Чоболой, Кулун, Сарык, Бай – уругуна бөлүнөт.

Ой-пикирлер