Мен кеме
Мен кеме, келчүү жерге эрте жеткен,
Кебелбей эки жагым кычыр эткен,
Көз жеткис бул деңиздин аркы учуна,
Жыңайлак жаштыгымды таштап кеткем.
Мен бир куш, учар жерге учуп жеткен,
Жем алган жалама зоо жайдак беттен,
Кайдадыр бийик тоолор арасына,
Таарынчак жаштыгымды таштап кеткем.
Ал кездин алтындыгын эсиме албай,
Жаштыктын ар жагында жаштык бардай,
Ыйлатып уруп-сабап кете бергем,
Бир өппөй, маңдайынан бир сылабай.
Картайып азайтууга кезек келет,
Бир жүргөн жакшы күндө жакшы эл элек.
Бирок да , ошол тоолор арасында ,
Жаштыгым ойноп-күлүп жүрө берет.
17/X 1948
Чолпон-Ата
- Кыргыз жазмасы
- Ата бейит
- Кыргыз Тянь Шанга азыркы турган жерине качан келген?
- Кыргыз күмбөздөрү жана чолок-коргон чеби
- Кытайдан кыргыз элдин кайтканы
Ой-пикирлер