Кирүү

Ата бейит

"Ата бейит"

Эгемендүүлүккө эми кадам таштап жаткан 1991-жылы репрессияга учурап, кандуу жылдарда атылып кеткен 137 адамдын сөөктөрү Чоң-Таштан казылып алынган убакытагы окуя ушул күнгө чейин элдин эсинде го…Кимдир бирөөлөргө ал окуя алгач сенсация үчүн кабарлагандай сезилсе да, кийин кыргыздын чыгаан инсандары-улуу адамдар Төрөкул Айтматов, Юсуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Эсенаманов, ж.б. көрүнүктүү адамдардын аттары далилденип чыкканда каңырыктын түтөгөнүн айтпаныз. Кайран адамдар… Ошондогу адамдардын кыжыры, ошондогу каргыш, ошондогу айтылган наалат "репрессия" деп аталган ачуу сөздү бырчалап талкалап, тарых барактарына күнөөсүз кеткен залкарлардын арбагын кайра тирилткендей болду эле. Кечээки күнү ошол "Ата-Бейит " деп аталган тарыхый комплекстин кайра ачылышы:"Шейит кеткендердин арбагы дайыма тирүү, алар шамал менен кайра бир жолу кайрып келет" деген сөздүн таасындыгын дагы бир ирет көрсөтүп койду.

Мындайда "ак ийилет, бирок сынбайт " деген сөз да анча жеткиликтүү боло бербейт экен. Ак ийилмек турсун бүтүндөй бир системанын, тоталитардык бийликтин кумары үчүн улуттун канчалаган залкар адамдары гүлгүндөй өмүрүн канкорлорго алдырып ийгени не деген өкүт, не деген кыйроо эле. Алар болгондо да кыргыз үчүн "каруусун казык,башын токмок" кылып иштешкен, кыргыз үчүн ичкен ашы эмес, өмүрүн, жанын аябаган жылдыздар эле. Алар улуттун чыгаандары гана болушпастан, кыргыз элинин келечеги, үмүтү, тилеги болчу. Арийне, тарыхты кан менен жараткан система улутту карап да койбоптур. Кыргыз элинин мыкты уулдары менен бирге Чоң-Ташта орус, украин, корей ж.б. улуттарынын өкүлдөрү да курман болгондугу далилденди. "Ата-Бейит" көрүстөнүнүн тарыхый мааниси, комплекстин жалпы адамзаттык - гумандуулук маңызы да ушунда болуу керек.

Ой-пикирлер