Кирүү

9 жана 10 кылымдар. Улуу Кыргыз мамлекети

Кыргыздардын ханы, сыягы, өзүнүн борборун уйгурлардын Орхондогу шаарына көчүрбөсө керек; өзү жеңишке жеткенден кийин ал уйгурлардын мурунку борборунан атчан жүргөндө он беш күндүк жолдогу "Лаошань же Думань тоолорунун түштүк жагына өткөн"; кыязы, Танну-Ола тоосу жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыздардын согуш иштеринен кумдуу талаадан түштүктү карай 70 000 жоокер катышкан жортуулу гана белгилүү, мында кыргыздардын ханы жеңишке жетишкенден кийин уйгурлардын бир бөлүгүн өзү менен кошо алып, түндүк жакка кайра кайтып кеткен. Кытайга улам кол салып келген уйгурлардан жана алардан мурдагы огуздардан айырмаланып, кыргыз хандары башынан эле Тан сулалеси менен достук мамилелерди түзүүгө аракеттенишкен. Уйгурлардын борборун алгада алар ал жерде Кытай падышасынын кызы Тайхэни жолуктурушкан жана кошуундун коштоосу менен аны кайра Кытайга жөнөткөн; бул кошуунга уйгур каганы Уге1 кол салып, падышанын кызын кайра туткунга түшүрүп алат, ал уйгурлардын туткунунан 843-ж. гана бошотулган.

Кыргыз каганы кытай Ли Линдин тукуму катары өзүн ошол эле Ли тукумунан чыккан Тан сулалесин туушканы катары эсептегенднгнн көрдүк. Кытай императорлору адегенде жаңы туугандарын таанымакчы болушкан; бирок император Сюань-цзунду (847—859) "Хягас Тан тукуму менен теңтайлашууга кудуретсиз чакан уруу" экендигине ынандырышкан. Бул маселе жогорку даражалуу төбөлдөрдүн жыйынынын чечимине коюлган; жыйын "уйгурлар кубаттуу мезгилде мындай грамоталар аларга берилип турган, азыр болсо алар кулады, болочоктогу бейкуттук үчүн кыргыздарды күчөтүп жиберүүнүн кереги жок"2 деген чечимге келген. Мындай чечимге карабастан кыргыздардын кытай менен ала- касы улантыла берген; кийинки император И-цзун (860—873) падышалык кылган убакта кыргыздардын үч элчилиги барган. Уйгурларды жеңип чыккан хан 847-ж. эле, башкача айтканда, анын башкы душманы Уге дүйнөдөн кайткан жылы эле өлгөн; Тан-шуда анын эң жакын ордун басуучусунун ысымы жана титулу келтирилген, бирок ал жөнүндө, андан кийинки кыргыз хандары жөнүндө башка эч кандай маалыматтар айтылган эмес. Дегеле кыргыздардын улуу державалык доорундагы Орто Азия жөнүндө кытай маалыматтары өтө аз. Жогоруда айтылган котормолордон тышкары кыргыздар жөнүндөгү Тан-шунун маалыматтары В. Шоттун "Über die ächten Kirgisen" (1865) макаласында чогултулган; бул кабарларда өлкө менен эл сыпатталган, бирок 847- жылдан кийинки кыргыздардын тарыхы боюнча эч кандай маалыматтар берилген эмес. Тарыхчы эмес илимпоздордун арасында кеңири тараган эмгек бул Клапроттун "Tableaux historiques de l’Asie" (1826) деген китеби; ушул китеп жөнүндө Шоттун пикири кыйла эле тескери жана атактуу географ Риттерди дүйнөнүн географиясы боюнча ("Erdkunde") көлөмдүү эмгегин жазганда аны көпчүлүк учурда туура эмес пикирге алып келген Клапроттун ушул эмгеги деп далилдейт. Клапроттун китебинин таасирлери Риттердин эмгеги аркылуу Радловдун "Aus Sibirien" (1884; экинчи басылышы 1893-ж., биринчи басылышынын эч өзгөрүүсүз кайра басылышы) аттуу белгилүү китебинин тарыхый баптарынан да орун алган. 9 жана 10 кылымдардагы Орто Азия жөнүндө маалыматтарды кытайлардан башка мусулман авторлору да айтышат.

Орто Азия аркылуу өтүүчү жолдорду, ошонун ичинде кыргыздарга баруучу жолдорду абдан толук баяндап жазганда ошол мезгилдеги даректерден бир топ мурдагыларды пайдаланган 11 кылымдагы перс автору Гардизинин баянын которуп, "1893—1894- жылдары Орто Азияга илимий максат менен барганым жөнүндөгү отчётто" жарыялагам. Орто Азия, ошонун ичинде кыргыздар жөнүндө мусулмандардын маалыматтары талданган эң соңку эмгектердин ичинен Маркварттын эмгектери, айрыкча анын коман (кыпчак) эли жөнүндөгү эмгеги (1914) өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Бул эмгектин баалуу жактарын жана кемчиликтерин мен өзүмдүн "Орус тарыхый журналында" ("Русский исторический журнал", кн. 7, 1921) басып чыгарылган рецензиямда көрсөтүүгө аракеттендим. Кыргыздар менен мусулмандардын ортосундагы алакалар жөнүндө кытайларда да маалыматтар бар, алардын айткандарына караганда, кыргыз мамлекети дашилер (тажиктер ал убакта арабдарды ушундай атаган), туфандар (тибеттиктер) жана гэлолулар (карлуктар) менен дайыма достук байланышта болгон. Арабдардын өлкөсүнөн3 кыргыздарга ар бир үч жылда түр салынган (Шоттун котормосунда: алтын менен саймаланган) жибек кездеме жүктөлгөн 20 төөдөн турган кербен келип турган; кээде төөлөрдүн саны 24кө жеткен.

Кыязы, Таншуда бул кербен кандай жолдор менен баргандыгы айтылбаса керек. Клапротто арабдардын кербенине тибеттиктер жөнүндө Тан-шуда айтылгандар таандык кылынган: уйгурлардын талап-тоноосунан корккон тибеттиктер карлуктардын өлкөсүнө барып, ал жерде узатуучуларды күтүшкөн. Иакинфтин түшүндүргөнү боюнча, бул коштоочуларды аларга карлуктар, ал эми Шоттун түшүндүрүүсүндө кыргыздардын өздөрү берип турган. Кыргыздардын арабдар, тибеттиктер жана карлуктар менен достугу жөнүндө айтылган сөздөр кыргыздар ал түгүл өзүнүн улуу державалык доорунда да Орто Азиянын батыш бөлүгүндө болуп жаткан согуштарга кийлигишпегендиги жөнүндө корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет. Белгилүү бир мезгилге чейин алардын душмандары уйгурлар гана болушу ыктымал, анткени алар 860- жана 873-жылдардын ортосундагы мезгилде азыркы Кытай Түркстанынын бөлүгүн Кара-Кожо (азыркы Турпанга жакын) жана Бешбалык (кытайларда Бейтин, азыркы Гучэнге жакын) шаарлары менен кошо ба- сып алган болчу. 9 кылымда бул жерде алардан мурда башка түрк элдери, адегенде басмылдар, андан кийин арабдар тугузгуздар (түркчө токуз-огуз, огуздардын тогуз урууга бөлүнүшү боюнча), кытайлар шато (алар бир канча мезгил жашаган чөлдүн аты боюнча) деп атаган түрк-огуздар жашаган.

794-ж. бул аймакты тибеттиктер басып алган жана ал жерде жашаган түрктөр 9 кылымдын башында Кытай аймагына сүрүлгөн; демек, уйгурлар келгенде бул жерде түрктөр эмес, тибеттиктер болгон. Кыязы, бул жер менен ал огуздарга таандык учурда таанышкан арабдар кийинки өзгөрүүлөр жөнүндө билбеген- диктен, жергиликтүү калкты тугузгуздар деп атай беришсе керек; араб тилинде жазган авторлордун ичинен Орто Азия жөнүндө китептер боюнча эмес, өлкө менен өзүнүн тааныштыгынын негизинде гана айта алган бирден бир автор Махмуд Кашкари гана 11 кылымда "тугузгуз" дегендин ордуна бардык жерде "уйгур" деп жазган. Моңголияда уйгурлар менен огуздардын ортосундагы күрөштөн кийин огуз элинин бир бөлүгү уйгурлар менен аралашып кеткен; жазуусун Рамстедт басып чыгарган 9 кылымдын ортосунда жашаган уйгур ханы өзүн он-уйгурлардын жана тогуз-огуздардын ханымын деген, кытай маалыматтары боюнча уйгурлар тогуз урууга бөлүнгөнү менен, моңгол мезгилиндеги тарыхчы Рашид ад-дин он-уйгурлар менен катар тогуз-уйгурларды да билген. Жок эле дегенде Рамстедт басып чыгарган жазуу уйгурлардын ханы, баарыдан мурда өзүн уйгур элинин акими катары сезгендигин көрсөтүп турат; эгер арабдар Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгү менен уйгурлар жашап жаткан убакта биринчи жолу таанышкан болсо, анда арабдардын географиялык адабиятына тугузгуз деген эмес, уйгур деген ат кирген болоор эле. Мунун натыйжасында, деги эле жалпысынан алганда деле географиялык мусулман адабиятындагы Орто Азия жөнүндөгү тиги же бул маалыматтардын кайсы мезгилге тиешелүү экендигин аныктоо кыйын болгондой эле, кээде тугузгуздар жөнүндөгү араб маалыматтарынын кайсынысы уйгурларга жана кайсынысы алардан мурункуларга тийиштүү экендигин аныктоо да кыйын.

Мусулман географтары өз маалыматтарын китептерден алышкан, көп учурларда кайдан алганын көрсөтүшпөгөн, азыркы учурдагыны эмес, качандыр бир убактарда, ал түгүл бир канча кылым мурда болгон нерсе жөнүндө айтып жатканын окурмандарга эскертип коюшкан да эмес. Бул, албетте, кыргыздар жөнүндө сөз болгон маалыматтарга да тийиштүү (дегеле ал кездеги түркчө артчыл "к" тыбышын "х" тамгасы аркылуу беришкендиктен ошол убактагы араб жана перс авторлору хирхиз деп жазышкан; маселен "харлук" деп, перс авторлорунда карлук дегендин ордуна харлух деп жазылган). Эгер бизге чыгарма канчанчы жылы жазылгандыгы так белгилүү болгон күндө дагы, анда баяндалган фактылар кайсы мезгилге тийиштүү экендиги жөнүндөгү маселе эч чечилбейт. 11 кылымда жазган Гардизиден тышкары, перс тилинде хижранын 372-ж., башкача айтканда, биздин доордун 982- же 983-ж. жазьшган "Дүйнөнүн чектери" (Худуд ал- алат) деген автору белгисиз эмгек кызык маалыматтарды берет.

Бизге жалгыз гана кол жазма түрүндө жеткен бул чыгарманы маркум А. Г. Туманский үчүн 1892-ж. Бухарадан табышкандык- тан, эмгек орус илимий адабиятында адатта "Туманскийдин кол жазмасы" деген ат менен белгилүү. Бул дарекке караганда кыргыздар тугузгуздарды түндүктөгү гана эмес, батыштагы коңшулары да болгон. Ошол эле автор Пенчула шаары жөнүндө (анын айтылышы толук аныкталбаган; кытай транскрипциясы боюнча Выньсу4; жайгашкан орду боюнча азыркы Үч-Турпанга туура келет) жана ал карлуктардын жергесинде экендигин кабарлайт; анын акими мурда тугузгуздарга көз каранды болгон, "эми" бул шаарды кыргыздар ээлеп тургандыгын айтат. Арабдар тугузгуздар менен карлуктардын ортосундагы согуштар жөнүндө айтканда эң мурда артыкчылык тугузгуздар тарабында болгондугун, кийин, тугузгуздар манихей динин кабыл алгандан кийин (балким, бул дин Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндө Моңголиядагы уйгурларга караганда мурда кабыл алынышы мүмкүн) ийгилик карлуктар тарабына өткөндүгү баяндалат.

Бирок Туманскийдин кол жазмасынан тугузгуздар карлуктардын жерлеринин бир бөлүгүн тартып алгандыгын, тугузгуздардан чыккан ягма элине Кашкар жана Жети-Суу аймагынын Нарындын түштүгүндө жаткан бөлүгү таандык болгондугун билебиз. Кашкар жөнүндө, ал ягма элинин, кыргыздардын, тибеттиктердин жана Кытайдын ортосундагы чек ара экендиги айтылган. Туманскийдин кол жазмасынын орто азиялык элдердин ортосундагы чек аралар жөнүндө кабарлары анчалык так эмес; кыргыздар жөнүндөгү бапта тугузгуздардан башка да карлуктардын бир бөлүгү алардын түштүктөгү коңшулары болгону айтылган, бирок карлуктар жөнүндөгү бапта бул элдин коңшуларынын арасында кыргыздар эскерилбейт. Ошентсе да кыргыздар жети-суулук башка эки элдин — чигилдер менен тухсилердин коңшуларынын катарында айтылат; чигилдер Ысык-Көлдүн күңгөйүндө, түргөштөрдүн бир бөлүгүн (түргөштөрдүн башка канаты жогоруда аталган аз эли болгон) түзгөн тухсилер Чүй дарыясынын өрөөнүндө жашаган. Мына ушулардан кыргыздар өздөрүнүн улуу мамлекет болуп турган доорунда аймагын түштүк-батыш жакка кеңейткен деген корутунду чыгарууга болот; бирок мунун качан жана кандайча ишке ашкандыгы жөнүндө дарек- терде эч кандай маалыматтар жок.

Туманскийдин кол жазмасындагы "эми" деген сөз жок эле дегенде, андан кыйла мурдагы даректен алынган жана кыргыздар өзүлөрүнүн кыска мезгилдеги кубаттуулугун жоготкон учурдагы автордун мезгилине туш келтирилиши мүмкүн эмес. Кыргыздардын башка элдер менен болгон мамилелери жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Тан-шунун маалыматына караганда кыргыздарга арабдардан гана эмес, Куча менен Бейтинден, башкача айтканда уйгурларга таандык Бешбалыктан да кездеме алып келинип турган, мындан уйгурлар менен да келишим түзүлгөн деген корутунду чыгарууга болот. Муну Гардизинин айтканы боюнча жогоруда келтирилген "тугузгуздардын" аймагынан Енисейдеги кыргыз каганынын ордосуна чейинки Кёгман тоолорунан же Саян тоо кыркаларынан түндүккө карай 7 күндүк жол да ырастап турат. Бул— мусулман адабиятында жазылып калган кыргыздарга баруучу бирден бир жол; дегинкиси, арабдар кыргыздарды тугузгуздардын жана анча-мынча карлуктардын түндүктөгү коңшусу жана четки түндүк-чыгышта жашаган эл катары гана билишкен.

Арабдардын элестетүүсү боюнча кыргыздар ээлеген жер чыгышта океанга чейин жеткен. Ислам аймактарынан түндүк-чыгыштагы талааны көздөй эки жол—бирөө Сыр- Дарыянын төмөнкү агымы ченден, экинчисиТаластан (азыркы Олуя-Ата)5 кеткен. Эки жол тең борбору Иртыштан түндүк жактагы жердеги кимак элинин аймагына алып келген. Кыргыздардын батыштагы коңшулары кимактар кытайларга таптакыр белгисиз бойдон калган жана биринчи жолу мусулман адабиятында гана эскерилет. Кимактар өлкөсүнөн кыргыздар өлкөсүнө ислам жергесинен кимактарга кеткен жолдун уландысы катары соода жолу болгон- бу жана бул эки элдин ортосундагы мамилелер дегеле кандай болгондугу таптакыр белгисиз. Кыргыздар сыяктуу эле кимактар тили жагынан түрктөр болгон; кимактар өлкөсүндөгү бир жер жөнүндө Туманскийдин кол жазмасында ал жердеги адамдар кыргыздардын салтын жолдойт деп айтылган6. Кимактар кыргыздардан мурда өздөрүнүн саясий биримдигин жоготкон бо- луш керек, бирок Туманскийдин кол жазмасында кимактардын каганы (араб жана перс авторлору ар дайым хакан деп жазышкан) жана элдердин башкы массасынан эрте бөлүнүп кеткен болсо да, кимактардын, кыпчактардын батыш канатынын акими кимак падышасынын букарасы деп эсептелген.

11 кылымда, Махмуд Кашкаринин убагында, кимактар болгон эмес; Иртышта ал убакта кимак урууларынын арасында кыпчактар сыяктуу Гардизи соз кылган йемек эли жашаган. Кыпчактар кийинчерээк саясий бир бүтүндүктү түзбөсө да өзүнүн атын Түркстандын батыш бөлүгүндөгү жана Россиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү талаалардын аталышына калтыргандыгы белгилүү. Моңголдордон кийинки мезгилде ошол эле кыпчактар казак элинин уюткусун түзгөн, 18 кылымда калмактар (ойроттор) жана орустар аларга "кыргыздар" деген жаңылыш ат беришкен. Кыпчактардын бытырашына алардын чыгыштагы коңшулары көмөк бергендиги жөнүндө маалыматтар жок. Туманскийдин кол жазмасына караганда, кыргыздардын өлкөсүнөн көптөгөн жыпар (мускус) жана аң терилери (кыргыз жыпары жөнүндө башка даректерде да айтылган), ошондой эле кайың жыгачтары (кабыгы болуу керек) жана бычактын сабы жасалуучу хуту мүйүзү сыртка чыгарылып турган; булар суу жолборстордун (морж) жана нарвалдардын алыскы түндүктөн алынып келинген азуулары деп далилдеп жүрүшөт. Кыргыз падышасы кыргыз-хакан (каган) деп аталган. Ошол эле автордун айтканына караганда кыргыздардын мүнөзү жапайы айбандарга кыйла окшош; өңдөрү серт, чачтары суюк; адилет- сиз, мерезирээк болушат. Алар жоокердиги менен айырмаланышат, бардык коңшулары менен согушуп, касташып турушат. Алардын арабалары (же кайыктары), кой, уй жана жылкылары бар; алар суу, жайыт, жагымдуу аба ырайын жана шалбааларды издеп көчүп жүрүшөт.

Алар отко сыйынышат жана өлгөндөрүн өрттөшөт, чатырларда жана кепелерде жашап, мергенчилик кылышат. Алардан чыгышты карай кыргыздардан чыккан фури деген эл бар; алар башка кыргыздар менен аралашпайт; алар таш боор киши жегичтер; алардын тилин башка кыргыздар түшүнбөйт; алар жапайы айбандарга окшош. Кыргыз каханы жашаган шаар Кемижкет аталат. Тоолордо кыргыздардан чыккан кесим деген эл бар: алар да чатырда жашап, аң терилерин, жыпар, хуту жана башкаларды жыйноо менен кесип кылышат. Кыргыздардан чыккан башка эл бар, алардын тили карлуктардын тилине жакын, ал эми кийимдери кимактардын кийимине окшош. Кыргыздардын бир дагы канатында кыштак да, шаар да жок; хакан жашаган жердегилерден башканын баары чатырларда жашайт. Бул текстте Тан-шудагыга караганда кыргыздар бир кыйла жапайы эл катары көрсөтүлөт; бул учурда, сыягы, кытай маалыматтары бир кыйла так болуу керек. Кытайлардын кыргыздардын башка элдер менен бейкут алакалары жөнүндө айтканы менен перс авторунун кыргыздардын бардык коңшулары менен согушуп тургандыгын баяндагандыгынын ортосундагы айырмачылык бөтөнчө көзгө урунат. Өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөгөндөрү тууралуу маалыматты кытайлар ырастайт; кытайлар мындан тышкары өлүк өрттөлгөндөн кийин калган сөөктөрдү бир жылдан кийин жерге көмүшөрүн айтышат; түрктөрдөн айырмаланып, кыргыздар киши өлгөндө беттерин тытпайт7. Өлгөндөрдү өрттөө жөнүндө маалыматтарга Гардизи кыргыздардын ою боюнча от эң таза нерсе жана ар кандай ыпыласты жок кылат деп кошумчалайт, ошентип өлгөн адам да ыпыластан жана күнөөлөрүнөн от менен тазаланган. Башка кыргыздардан айырмаланып, фури эли өлгөн адамдарды тоого алпарып, чиригенче дарактарга коюп коюшкан.

Кыргыздардын жапжалгыз шаарынын же кыштагынын аталышы жөнүндө болсо, анын кытайча транскрипциясы (Иакинфте—Мидичжы, Шотто — Мидичжита) перс текстинде Микиджкет (акыркы муун— шаарлар менен кыштактардын аталыштарына көп улануучу иран сөзү, маселен Ахсикет, Пянжикет д.у.с.) деп окулат деп болжоого мажбурлайт. 10 кылымдагы автор Абу Дулеф кыргыздардын турмушун бир кыйла жагымдуу маанайда сүрөттөйт. Кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар бул автордун сөзсүз апыртылган саякатын сүрөттөөлөрдүн ичинен орун алган; анда географиялык көп так эместиктер бар, өзү жазгандай катар менен Абу Дулеф ал элдерге бара алмак эмес. Ал элдерге дегеле барбаган болуу керек жана өзү көргөн окуялар катары китептерден алган маалыматтарды келтирет, бирок ал пайдаланган даректердин арасында так маалыматтар болушу да ыктымал. Кыргыздар жөнүндө алар таруу, күрүч жана төө этинен башка мал этинин баарын жей тургандыгы айтылган; алардын сыйынуучу үйү жана өз жазмасы бар; алар токтоолугу жана сактыгы менен айырмаланышат, шам өзү өчмөйүнчө аны өчүрүшпөйт. Сыйынганда колдонулуучу өзгөчө кыраат менен сүйлөнүүчү тили бар. Жыпары бар. Жылына үч майрам өткөрүшөт. Алардын асабасы жашыл түстө. Алар сыйынганда жүздөрүн түштүккө багышташат.

Планеталардын ичинен Сатурн менен Чолпонго табынышат. Марсты жамандык кабарлоочу жылдыз катары карашат. Жырткыч айбанаттар көп. Түнкүсүн жарык чыгара турган таш бар, ошондуктан алар жарыкты колдонушпайт; ушул таштан буюмдарды алар гана жасашат. Алардын падышасы элдин камын көрөт, алар да аны урматташат. Падыша барда жашы кырктан ашкан адам гана отура алат. Бул баянда кыргыз жазмасы жөнүндө эскерилгендиги кызык, бул жөнүндө Тан-шуда да айтылган, кыргыздардын "жазмасы жана тили уйгурлардыкына абдан окшош"8 деп белгиленген. Кеп ошол убакта уйгурлардын арасында таркай баштаган жана кийин моңголдор кабыл алган алфавит жөнүндө эмес, андан кыйла байыркы жазуулар жөнүндө болуп жатат, орхон жазууларын ачуунун аркасында аларды окуу үчүн ачкыч табылар эле. Ошол эле алфавит кыргыздарга белгилүү экендиги Енисейдин алабындагы көп сандаган жазуулардан көрүнүп турат, бул жазуулар орхон жазууларына караганда илимге бир кыйла мурда белгилүү болгон, бирок тарыхый орхон жазууларын ачуунун аркасында гана териштирилген, орхон жазуулары илимге алгачкы берген материалдын негизинде табышмактуу жазууларды териштирүүгө киришүүгө мүмкүн болгон. Енисей жазууларын которууга Радлов аракет жасаган.

Жазуулардын бардыгы мүрзөдөгү жазуулар; аларда тарыхый маалыматтар жок, кыргыз деген сөз аларда жолукпайт; тарыхый маалыматтар боюнча Енисейде кыргыздар жашагандыктан, Радлов жазуулардын көпчүлүк бөлүгү кыргыздарга таандык деп болжойт. Жазуулардын эч биринде, жок дегенде айбанаттар циклинин доору боюнча да даталардын жоктугун белгилөөгө болот, ал эми Тан-шуда дал кыргыздар жөнүндө аларда жылдар он эки жылдык циклден турары жана айбанаттардын аты менен белгиленери айтылган; мына ушунун негизинде Абель-Ремюза 1820-ж. айбанаттар циклин ойлоп чыгарууну кыргыздарга таандык кылгысы келген. Тамгаларынын формалары орхон жазууларынын мезгилине караганда бир кыйла байыркы мезгилди көрсөтүп турат; ошондуктан, Радлов Еннсей жазууларын 7 кылымга, көбүнчө анын экинчи жарымына таандык кылууга ынтызар. Жазуулардын биринде бул маркум жети жаш курагында Кытай императоруна баргандыгы айтылган; Радловдун пикири боюнча бул Тан-шу боюнча кыргыздардын биринчи элчилиги Кытайга жиберилген 648-жылдан мурда болушу мүмкүн эмес. С. Е. Маловдун Енисей эстеликтери "орхон-селенга эстеликтеринен да эки-үч кылым мурда болгон" деп айтканы (1926-ж. 28-февралда Бакудагы түркологдордун курултайында жасаган докладында) да кыйла күмөндүү9. Мүрзөлөрдөгү ар кандай жазуулар сыяктуу эле Енисей жазуулары да эл- дин түшүнүктөрү жана дини жөнүндө ой жүгүртүүгө айрым бир материалдарды берет.

Бирок тексттин жана анын котормосунун оңолгон жаңы басылышы жарыкка чыкмайын бул материалды илимий жактан пайдалануу мүмкүн эмес. Дини боюнча кыргыздар сөзсүз шаманисттер болушкан жана алардын сыйынуулары, сөздөрдү кыраат менен сүйлөшөрү жөнүндө Абу Дулефтин айткандары ушул динге тиешелүү. Кыргыздарда, ошондой эле башка түрктөрдө шамандарды кам деген сөз менен билдиришкен. Енисей жазууларында (орхон жазууларындагыдай эле) бул сөз жок, бирок ал Тан-шуда кыргыздар жөнүндөгү баянда айтылат. Буддисттер (тибеттиктер) жана мусулмандар менен соода боюнча алакалаш болгондугуна карабастан, будда же мусулман динин үгүттөөлөрдүн кыргыздар арасында кандайдыр бир ийгиликке жетишкендиги жөнүндө эч маалымат жок. Мусулман өлкөлөрүндө кыргыздардын өлкөсүнөн сыртка чыгарылган товарлардын ичинен жыпар көбүрөөк бааланган болуш керек. Бул товар менен, ошондой эле Ыраакы Чыгыштын өлкөлөрүнөн сыртка чыгарылган башка товарлар менен соода жүргүзүүдөн деңиз аркылуу соода жүргүзүү менен кургак жол аркылуу соода жүргүзүүнүн атаандаштыгы көрүнүшү мүмкүн; деңиз соодасынын өнүгүшү бул жагдайда кыргыздарга зыян келтирүүгө тийиш эле. Азыркы убакта жыпар көбүнчө деңиз аркылуу Кытайдын портторунан, бөтөнчө Шанхайдан ташылып чыга тургандыгы белгилүү. Географ Ибн Хаукал 10 кылымда баасы жана сапаты боюнча эң мыкты жыпар Тибеттен жана кыргыздардын аймагынан кургак жол менен ташылып келерин айтат; бирок андан мурдагы географ Я"куби (891-ж. жазган) баарынан жогору Тибет жыпарын баалап (мында к ыргыз ж ыпары ж өнүндө с өз ж ок), а ндан к ийинки о рунга с огда жыпарын (Зеравшандагы жер боюнча), үчүнчү орунга гана Кытай жыпарын коюп, ал жыпардын эң мыкты сорту Ханфу (Кантон) гаванынан чыгарылып кетерин кошумчалайт. Жыпар кийин Кытайдан Аденге алынып келинген товарлардын арасында эскерилет.

Тышкы соодага карабастан, кыргыздарда өздөрүнүн металл өндүрүшү болгон, балким алар аны качандыр бир убакта мурда Енисейде жашаган, азыркы кезге чейин алардын кайсы этнографиялык типке кирерин, кайсы мезгилге таандык экендигин аныктоо мүмкүн болбой келе жаткан коло маданиятынын элдеринен мураска алып калган болушу мүмкүн. Темир, сыягы кыргыздарга эчак эле белгилүү болгон10, Тан- шуда кыргыздар ханышага11 темирден курал жасап бергендиги айтылган, алар мурда түрктөргө салыкты темир менен төлөп келген; Темир буларда кяса12 (Kja-sa) деп аталган. Шотт бул сөздү самоеддердин kues, vese, jesea сөздөрүнө жакындатат, бирок алтайлыктардын jäs — "жез" жана командардын (кыпчактардын) jâs — "сары жез" деген сөздөрү менен жакын болушу да мүмкүн экендигин көрсөтөт. Кыргыздардын жана жалпы эле түрктөрдүн металлдар менен тааныштыгы жөнүндөгү маселени чечүү үчүн бул маселеге тиешелүү тилдик маалыматтарды толугураак салыштыруу зарыл болор эле. Жергиликтүү элдик уламыштарга ылайык Радлов Абакандагы жана Енисейдеги соңку темир дооруна таандык буюмдар табылган мүрзөлөр кыргыздарга тиешелүү деп эсептейт.

Маданиятынын өнүгүү деңгээли боюнча кыргыздар өзүлөрүнүн түндүк жана чыгыш тараптагы коңшуларынан бир кыйла жогору турушкандыгы шексиз, ал жөнүндө биз кытай жана мусулман даректеринен айрым маалыматтарды кезиктиребиз. Жогоруда Туманскийдин кол жазмасында кыргыздардын чыгыш тарабында жашаган фури эли жөнүндө маалыматтар келтирилген, анда бул эл ал түгүл киши жеген деп күнөөлөнөт. Фурилер жана алар менен кыргыздардын ортосундагы мамилелер жөнүндө Гардизиде анча-мынча айтылат, анын айтымында кыргыз ханынын ордосунан фури элинин аймагына чейинки аралык үч айлык жол болгон. Фурилер сазда жашаган жапайы адамдар катары сүрөттөлөт; эгер аларды ал жерден сүрүп чыгара турган болсо, суудан сууруп алган балыкка окшоп калышат. Эгерде алардан кимдир бирөө кыргыздарга туткунга түшүп калса, тамак ичпейт жана мүмкүн болсо эле качып кетүүгө аракеттенишет. Башка кээ бир даректерде кыргыздардын батыш тарабын кун жана кай (же кайи) эли ээлейт, бирок анын үстүнө кун деген менен бирге кури деген жазуу да кездешет; булар — ошол эле фурипер (араб алфавитиндеги к жана ф тамгаларын көп чаташтырып алышат) болушу толук мүмкүн. Кытай даректерине салыштыруу кури деп окуу туура деп ойлоого мажбурлайт. Биз Тан-шуда жана Орхон жазууларында Тан-шу боюнча Байкалдын жанында жашаган курыкан эли эскерилээрин көрдүк; бир кыйла кийинки кытай чыгармасында (Юань-ши, моңголдор тарыхы) Ангаранын жанында жашаган кули13 эли айтылат; ошол эле эл 14 кылымдын башында жазган перс тарыхчысы Рашид ад-динде Байкалдын жанындагы аймакта кури деген ат менен эскерилет.

13 кылымдын башындагы автор Ауфиде кури (же кун) элине чыгыш тарабындагы коңшусу— кай эли кол салгандыктан, алар батышка журт которуштуруп, ал жердеги башка элдерди сүрүп чыгаргандыгы жөнүндө маалымат бар; бул элдердин ичинде кыргыздар эскерилбейт, ошондуктан, Маркварт чоң маани берген Ауфинин бүт аңгемеси (Маркварттын пикири боюнча жогоруда эскерилген кимактардын бытырап кетиши ушул журт которууларга байланыштуу) башка даректер менен көп ырасталбайт. Ошол эле Ауфинин бир кыргыздын дарыя кайда куярын билүү үчүн Енисей аркылуу төмөн карай жасаган саякаты тууралуу кызык баяны уламыш мүнөзүндө экени шексиз. Ауфинин баяны боюнча кыргыздар өлкөсүндө бир дарыяга төрт дарыя кошулат; андан кийин алардын дарыясы капчыгай-тоолорду аралап туңгуюк аркылуу агат. Ал кыргыз чакан кайык менен төмөн карай сүзүп жөнөгөн; үч күн, үч түн бою ал жарыкты, жылдызды, айды жана күндү көргөн эмес; акыры ал кең жайыкка келип, кайыктан түшкөн. А ттардын д үбүртүн у гуп, а л д аракка ч ыгып к еткен ж ана к им к елээр э кен д еп күтүп отурган; чоңдугу уйдай болгон иттерди ээрчиткен узун бойлуу үч чабандес (алардын бою найзанын узундугу менен салыштырылат) келген. Алар кыргызды көрүп, аны аяшкан, дарактан түшүүнү өтүнүшкөн жана иттер Талабасын деп өзү менен бирге аттарынын бирине мингизишкен; андан кийин аны өзүлөрүнүн чатырына алып келишип, тамак беришкен жана мурда кичине киши көрбөгөндөй аябай таң калышкан; акыры алар ага ө зүнүн ү йүнө кетер жолду көргөзүп коюшкан; алардын ким болгондугун жана кайсы элден экендигин эч ким билбейт. Ушул баянга байланыштуу Енисей Минусинскиге чейин жана кайра Ачы уездинин чек арасынан Красноярскиге чейин тоолор аркылуу өтөөрүн эске салса болот. Уйгурлар талкаланып, кыргыздардын улуу мамлекети түзүлгөндөн жүз жыл өтпөй эле бул улуу мамлекет да жашоосун токтоткон. 10 кылымдын башында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө биринчилик бир канча кылым бою саясий турмуштун окуяларына катышып келген кытайларга, моңгол тегиндеги элге өткөн14; 7 кылымда эле кытайлар түрк-огуздардын кайта калыбына келтирилген кагандыгына каршы түзүлгөн коалициянын курамына кирген жана жалпы душманга чыгыш жактан кол салууга тийиш эле.

Эми кытайлардын акими (анын аты кытай транскрипциясында А-бао-чжи15 же (Араокi) Түндүк Кытайдын бир бөлүгүн каратып алып, 917-ж. кытай императору титулун алат жана жаңы Ляо сулалесин негиздейт. Кытайлар бүткүл "Орто империяга" эч к ачан э э б олгон э мес, а нын т үндүк б өлүгүнө г ана а кимдик к ылышкан; о шондой болсо да алардын аты ар түрдүү өзгөртүлүп, Моңголиядан Индияга жана Батыш Европага чейинки көп элдер тарабынан Ыраакы Чыгыштын байыркы маданий мамлекетин атоодо колдонулуп кел- ген. Орусча "Кытай" деген ат ушундан келип чыккан. Ляо сулалесинин негиздөөчүсү Кытайдын кээ бир маданий аймактарын басып гана албастан, 924-ж. Моңголияга да жортуул жасаган, уйгурлардын Орхондогу мурдагы борборунун урандысында болгон, мурунку кагандардын жазуулары бар таштарды көрүп, ө зү д а ж аңы э стелик о рноткон (сакталып к алган э мес). С ыягы кыргыздарды каратып алуу ушунун алдында болууга тийиш эле, ошентсе да ушул убакка чейин белгилүү болуп келген даректерде мындай жеңиш жөнүндө түздөн-түз маалыматтар жок өңдөнөт. Моңголияда кыргыздардын улуу мамлекетине чейинки тартиптерди калыбына келтирүүгө умтулуу Ганчжоу шаарынын уйгур акимине Орхондогу уйгурлардын мурунку ээликтерине кайтышын сунуш кылганынан16 көрүнүп турат. Уйгурлардын акими уйгурлар Моңголиядан кеткенден бери он муун өтүп кетти деп жооп берген дешет, бул өтө апырткандык болор эле, акыйкатта, кыргыздар уйгурларды жеңген убактан бери 80 жыл гана, башкача айтканда, үч муун да өтө элек эле; бирок уйгурлар ушул мезгил ичинде өздөрүнүн жаңы мекенинде дыйканчылыкка жана шаар турмушуна көнүп калууга үлгүрүшкөн жана Моңголиядагы конуштарга кетүүнү каалашкан эмес. Радловдун китебинде кыргыздардын ханы Енисейдеги өзүнүн мурунку ордосуна 970- ж. гана кайтып келген деп айтылган.

Бул кабар Риттер аркылуу Клапроттон алынган (андагы 670 ката экени ачык көрүнүп турат); Шотт өзү пайдаланган даректерден бул датаны таппаса керек, аны Клапроттун кайдан алгандыгы да белгисиз. 924-ж. кытайлардын Орхонго жортуулу жөнүндө баян кыргыздар Моңголияда же эч болбосо анын бир бөлүгүндө 970-жылга чейин болушу жөнүндө күмөндөнүүгө мажбурлайт. Кыргыздар Моңголияда үстөмдүк кылган акыркы түрк эли болгон; алар жеңилгенден кийин Моңголия азыркы убакка чейин сакталып калган кытайлардын Моңголиядан түрктөрдү кууп чыгарууга жана алардын жерлерин өздөрүнүн туушкандары — моңголдорго берүүгө атайылап умтулбагандыгын көрсөтөт. Уйгурлар баш тарткандан кийин Моңголияга барып жашай турган башка түрк эли болгон эмес жана түрктөрдүн жоктугунан моңгол тектүү элдер пайдаланып кеткен. Кыргыздардын чыгыштагы коңшулары фури (же кури) эли да моңголдор болушу өтө ыктымал; муну Туманскийдин кол жазмасындагы "фури" тили башка кыргыздар үчүн түшүнүксүз экендиги тууралуу сөздөр д а к өрсөтүп т урат.

Түрк т илинен б ашка т илде с үйлөгөн э лдер ж өнүндө а йрым маалыматтарды Махмуд Кашкари да баяндайт; тилекке каршы, бул маалыматтар анчалык так эмес жана алардан алыскы түндүк-чыгыштагы өлкөлөр менен жекече таанышкандыктын белгилери да байкалбайт. Махмуд Кашкари кыргыздарды таза түрк диалектинде сүйлөгөн элдердин катарына адилеттүүлүк менен кошкон, бирок алар четки түндүк-чыгышты жердейт деп эсептейт; түрк эмес кайи жана татар элдери анын сөзү боюнча, батышыраак жакта жашаган; бирок ошол эле убакта татарлар Өтөгөн деген жерде жашаган делет, Орхон жазууларында дайыма айтылып келген тоо кыркалары ушундай аталат (жазуулардын авторунун айтымында бул түрктөрдүн чыныгы мекени болгон) жана бул жер Хангайга туура келиши ыктымал17. 11 кылымда бул жерде татарлардын (Чыңгыз-хандын убагында жана андан кийин дайыма азыркы моңголдорду ушундай аташкан) жашагандыгы орхон жазууларынын мезгилинен бери калктын курамында болуп өткөн өзгөрүүлөрдү ачык көрсөтүп турат. Элдердин жайгашуусу жөнүндө бир кыйла так маалыматтар бизде 12 кылымдын акыры жана ХIII кылымдын башы, башкача айтканда Чыңгыз-хандын жортуулунун доору үчүн гана бар. Ошол убакта ал түгүл Енисейдин жогору жагында кыргыздардын түштүк тарабында, моңгол тегиндеги ойрот эли жашаган, алардын тили Чыңгыз-хан моңголдорунун тилинен диалектилик жагынан гана айырмаланган. "Ойрадан Кэргисыга чейин", башкача айтканда, кыязы, ойроттордун жергесинин борборунан кыргыздардын жергесинин түштүк чек арасына чейинки аралык беш күндүк жол деп эсептелгендиги жөнүндө кытай маалыматтарында бар. Бул жерде эки тил — түрк жана моңгол тилдери канчалык аралашып кеткендиги жөнүндө Рашид ад-диндин Енисейдин жогорку бөлүгүн түзгөн дарыялар Секиз-мурэн ("Сегиз дарыя") деп аталганы тууралуу сөзүнөн көрүнүп турат. Моңголдордун мурэн ("дарыя") деген сөзүнө түрктөрдүн санды билгизген сөзү кошулган.

Азыр бул жерде моңголдордун катуу таасиринде болушса да түрктөр жашап тургандыгы белгилүү; азыркы убактагы карталарда дарыялардын аттарынын арасында моңголчо аталыштар да жолугат, алардын бири Ебе-усу Рашид ад- динде да көрсөтүлгөн. Моңголияда кыргыздардын үстөмдүгү кыска убакытка созулгандыгына карабастан, кыргыздар жөнүндө эскерүүлөр моңголдордо ушул кезге чейин сакталып калган, балким Моңголияны моңголдор ээлеп алганга чейин бул өлкөдө жашаган жана үстөмдүк кылган акыркы эл кыргыздар болгондугунан дал ушундай болушу ыктымал. Батыш Моңголиядан дээрлик Орхонго чейинки бүт мейкиндикте кезиккен байыркы мүрзөлөр "кыргыздардыкы" делет, анын ичинде чынында кыргыздарга гана эмес, алардан мурда жашаган уйгурларга жана башкаларга таандык кабырлар да бар. Рамстедт Селенга менен Орхондун ортосундагы УШ кылымдагы уйгур кагандарынын биринин падышалыгы жөнүндө айтылган жазуусу бар эстеликке жакын жайгашкан ушундай "кыргыз" көрүстөндөрү жөнүндө эскерет.

Ой-пикирлер