Кирүү

Орто Азия ХII кылымга чейин

Биз Саманилердин стөмдүгүн жойгон түрк хандарынын мамлекети кандайча түзүлгөндүгү жөнүндө кабарларга ээ эмеспиз; ал түгүл ушул хандар түрктөрдүн кайсы уруусуна киргендиги жөнүндө маселе да талаш бойдон калууда. Токуз-огуздардын карлуктарды жеңиши жөнүндө, Кашкарды токуз-огуздардын бир мууну болгон ягма элинин ээлеши тууралуу жана язычник түрктөрдүн Баласагунду багындырышы жөнүндө биз башка жерлерде келтирген кабарлар карлуктар мамлекетин талкалаган токуз-огуздардын башында Караханилер турганын көрсөткөнсүйт; бирок биз андан ары көрүп тургандай, карлуктардын Караханилер мамлекетинде ээлеген орду дал огуздардын Сельжук империясында ээлеген ордундай экендиги муну төгүндөп турат. Караханилердин мусулман динин кабыл алышы туурасында да бизде уламыш кабарлар гана бар; ушул уламыштын байыркы редакциясын биз 11 кылымда жазылган "Кашкар тарыхын" (Бартольд, Соч., т. I, стр. 64) бетке кармаган Жемаль Каршиден537 табабыз. Ушул уламыш боюнча исламды эң биринчи болуп 344/955-ж. өлгөн Сатук Богра-хан Абд ал-Керим кабыл алган, ал Мавераннахрды биринчи басып алган хандын чоң атасы жана экинчи басып алган хандын чоң атасынын атасы болгон.

Бул уламыштын байыр- кылыгына карабай, анда өзгөчө Саманилер сулалесине тийиштүү көптөгөн анахронизмдер бар; андыктан келтирилген хронологиялык датаны туура дешке да болбойт жана Ибн ал-Асирдин 349/960-ж көп саңдаган түрк элдери (200000 түтүн) исламды кабыл алгандыгы жөнүндөгү кабарын Караханилерге тийиштүү кылууга жолтоо да боло албайт. Мавераннахр менен талаанын ортосунда дайыма болгон тыгыз соода катнашы учурунда Мавераннахрда жолдоочулары бар диндер көчмөндөр арасында акырындап жайылууга тийиш эле. Маздеизмдин, дуалисттик окуулардын, христиан дининин жана исламдын таркашы жөнүндө өзүм башка жерде топтогон маалыматтардан кантсе да мусулман динин үгүттөө талаада, анчейин ийгиликке ээ болбосо да, а түгүл Омейя сулалесинин заманында да жүргүзүлгөндүгү көрүнөт. Исламга, анын официалдуу формасында, б.а. мусулманчылыктын мыйзам-жоболорун иштеп чыккандардын окуусуна көчмөндөр, арабдарды чыгарып салбаганда, өздөрүнүн муктаждыктарына таптакыр ылайык келбеген дин катары карашкан; шейхтер жана мусулман мистицизминин башка өкүлдөрү теңдеш- сиз таасирлүү келишкен да, ал ар азыр да талаада көп сандаган жактоочуларын таба алышат. Саманилер заманында түрктөр арасында исламдын үгүттөлүшү жөнүндө бизде дээрлик эч кандай кабар жок; биз Сам"анинин жазганынан гана түрктөр өлкөсүндө Абд ал-Меликтин падышалыгы тушунда Нишапурдан 340/951-52-ж. кеткен нишапурлук Абу-л-Хасан Мухаммед б. Суфьян ал-Келимати жашагандыгын билебиз; ал бир нече жыл Бухарада турган, анан "хандардын ханына" кызмат кылууга өткөн жана анын сарайында 350/961- жылдан мурдараак өлгөн. Хронологиялык ушундай дал келүүдөн улам Келиматинин ишкердиги 349/960-жылкы окуяга бир аз тийиштүү болушу ыктымал. Эгерде Саманилердин ханзаадасынын ишмердиги жөнүндөгү уламыш- тын кандайдыр бир тарыхый негизи бар болсо жана ушул ханзааданын аты Наср болсо, анда бул Нух б. Насрдын уулу гана болушу мүмкүн; биз мурда көргөндөй (кара: Соч., т. I, стр. 309). Наср б. Нух атасы тирүү кезде эле калк ант берген ханзаадалардын арасында аталат, бирок кийин ал жөнүндө эч кандай кабар жок. Биз ошондой эле (кара: Соч., т. I, стр. 301) 10 кылымдын биринчи жарымында Самани ханзаадасынын түрктөргө качкандыгын билебиз, бирок бизде Кашкар "дихканы" Туган-гегиндин Караханилер сулалесине тийиштиги барбы деген маселени чечүү үчүн эч кандай маалыматтар жок. Түрктөр арасында аракеттенген башка ислам өкүлдөрүнүн ичинен биз 380/990-жыл- дан мурдараак "түрктөрдүн өлкөсүнө кеткен" Абу-л-Хасан Са"ид б. Хатим ал-Усбаникетини билебиз.

Саманилер менен түрктөрдүн ортосундагы саясий мамилени алсак, 9 кылымда жана 10 кылымдын башында Саманилер өздөрү түрктөрдү баш ийдирүү үчүн алар жашаган талаага аскер жөнөтүи турушкан; муну Нух б"Асаддын Исфижабды багындырышы (кара: т. I, стр. 269—270), Исма"илдин Таразга (кара: т. I, стр. 282) жана Насрдын Шавгарга545 жортуулдары, мусулмандардын Ферганадагы Хефтдех кыштагын ээлеши (кара: т. I, стр. 212) жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүп турат. Мавераннахр көп түрк аскеринин көл салуусуна дуушар болгон жападан-жалгыз учур 904-ж. Исма"ил б. Ахмед падышалык кылган мезгилде болгон, ошондо ыктыярдуулардын көмөгү аркасында кол салгандар халиф ээлеген жерлерден куулуп чыккан. 942-ж. Баласагунду алган бутпарас түрктөргө каршы жүрүш жасалганбы, муну биз билбейбиз; кийинки жылдарда түрк хаканынын547 уулу Саманилерде туткунда болгондугу гана белгилүү. 10 кылымдын экинчи жарымында да Саманилер өкмөтү түрктөрдүн өлкөсүнө бир аз таасирин тийгизип келгенин Меркенин жанында Фаиктин буйругу боюнча тургузулган рабат548 жөнүндө кабар ырастап турат.

Маданияттуу өлкөдө чыгарылгандарга муктаж болгон, ошол эле мезгилде Саманилер мамлекетинин кубаттуулугунан улам, аларды кол салуу менен алууга мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, мындайда ар качан болуп келгендей, көчмөндөр чек арага жакын шаарларга соода-сатык кылуу үчүн549 топ-топ болуп келип турушкан; мындан тышкары өз мекенинен белгисиз себептер менен кетишкен огуздардын айрым ордолору өкмөттүн макулдугу менен Мавераннахрда көчмөндөргө гана ылайык жерлерде жайгашкан жана бул үчүн чек араны ар кандай кол салуулардан коргоо милдетин өз моюндарына алышкан. Жогоруда (кара: т. I, стр. 235) Исфижабдан батыш жана түштүк-батыш тараптагы жерлерде отурукташкан түркмөндөр (огуздар) жөнүндө айттык. Түркмөндөрдүн дагы бир бутагы Селжукту550 башчылыгы алдында Сыр- Дарыянын төмөнкү агымында жашаган уруулаштарынан бөлүнүп чыккан; Селжук исламды кабыл алган жана Женддин мусулман калкын каапырларга551 салык берүүдөн бошотуп алган; Селжук өлгөн жана сөөгү Жендге коюлган. Анын ордун басуучулар, сыягы, өзүлөрү бошоткон мусулмандар менен араздашып калышкан жана андан ары түштүккө ооп кетишкен. 11 кылымда Женддеги мусулман башкаруучусунун Селлсуктун тукумдары менен жоолашып турганын552 көрөбүз; Селжуктун тукумдарын Саманилер кабыл алып, Нурдун- (салыштыр: т. I, стр. 171) чет жакасына жайгаштырган. Хамдаллах Казвини553 бул фактыны 375/985-жылга тууралайт. Бир нече жылдан кийин Исфижабды баласагундук хан ээлейт; аны менен Саманилердин ортосундагы кармашка биз андан ары көргөндөй, түркмөндөр да аздыр-көптүр катышкан.

Ой-пикирлер