Кирүү

Чыгыш Түрк кагандыгы

Чыгыш Казакстан, Алтай, Чыгыш Түркстан, Монголия, Түштүк Сибирь аймактарында 583-744-жылдардагы кыргыздын феодалдык мамлекети. Ошол байыркы замандарда каракыргыздын ар бир уруусу өзүнчө мамлекет болгон. Каракыргыз болжолумда өз өзүнчө кырк мамлекетти түзгөн. Бул анын жазмага түшүп калган тарыхы, оозеки түрдө канча жашаганы белгисиз. Бийлик талаштан улам 582-603-ж. Батыш, Чыгыш каганаттарга бөлүнгөн. 572-581-ж. Мукандын иниси Таспар каган бийлеген. Таспар бийликти бекем кармаган, анын убагында Кытайдагы Ци, Чжау мамлекеттери 100 ором жибек салык төлөп турган. Улуу Түрк каганаты экиге ыдыраарда Таспар кагандын (Улуу Түрк мамлекетинин 4каганы) уулдары Шаболио кан Нйету, Шеху кан Чулахэу, Дулан кан Юнюйлюй башкарышкан.

Алар тектештер, өзүнчө бөлүнгүсү келген бектер менен согушкан. Булардан кийин такка талапкер жок болгондуктан Улуу Түрк каганатынын үчүнчү каны Мукан кагандын жобосуна ылайык Истеми кагандын уулу, батыш түрктөрдү башкарган Тарду Боке Таспардын тактысына отурган. Ал өзүн Улуу Түрк каганымын деп эсептеген. Тарду Боке каган мурун өз алдынча бөлүнүп кеткен теле урууларын кайрадан бириктирген. Кытайга салык төлөөдөн баш тартып анын түндүгүнө кол салган. Так талашкан Шаболио Нйетунун уулу Жангар качып Кытайдын түндүк чек арасына жайгашып, император Вэньдинин жардамы менен Тарду Бокеге каршы согушкан. Кытайдын, Жангардын колдоосу менен теле уруулары көтөрүлүш чыгарганда Тарду Тогонго качканда Чыгыш Түрк каганатынын тагына Жаңгар отурат.

Ал 608-ж. бийлик кылган. Жаңгар кагандын уулу Шиби кагандын убагында (608-619-ж.) Чыгыш Түрк мамлекети Кытайга баш ийген эмес. Шиби кытай менен мамилелешкен. 613-18-ж. Кытайда ич ара согуш болгон. Мындан пайдаланып Шиби Кытайдын ички иштерине кийлигишкен. Сун династиясы кулап императордун аялы, төрөлөр Түрк ордосуна качып келгенде жакшы кабыл алган. Каганаттын армиясы 1 млн.го жеткен. Тан императору Гаоцзу 618-ж. чыгыш түрктөр менен тынчтык келишимин түзүү үчүн элчи жиберген. Императордун ордосуна ошол жылы Шибинин да өкүлдөрү барган. 619-ж. Шиби каган кытайга жасаган жортуулунда ооруп өлгөн. Бир жылча анын ордуна такта отурган анын иниси Чулохан кытайга каршы болгон. Шибинин иниси Эл кагандын (620-630-ж.) убагында Кытайдан салык алып турушкан. Ал 621-623-ж. Кытайдын түштүгүн, шаарларын басып алган. үч жыл ичинде Тан империясынын борбору Чаньанга коркунуч туудурган. Император 626-ж. Эл каган менен тынчтык келишим түзгөн.

Бирок, артынан куугунтуктаган. Анткени, император андан мурун өз аскерин алдыга жиберип, буктурма уюштуруп түрктөр кайтып баратканда аңдоостон кол салган. Экөөнүн мамилеси биротоло бузулган. 627ж. сеяньто, уйгур, байегу уруулары көтөрүлүш чыгарган. Аларга каршы Шибинин уулу Тули кан жиберилип, ал жеңилген. Мал сууктан ошол жылы кырылат. 628-ж. Тулу кан Эл каганга каршы согушуп, жеңилет. 628-ж. сеяньто уруусу өз канын шайлап, ал Кытайга элчи жиберген. Тогуз уруу эл кытай тарапка өтүшөт. Мындай ыңгайлуу абалдан пайдаланып Гаоцзу 100 миң армияны Эл каганга каршы жөнөтөт, 630-ж. согушта Эл каган колго түшөт. Тули кан уруу башчылары менен Кытайга качып кетет. Кытайга көчүп барган 100 миң түтүн түрк (кыргыз) Ордос менен Шаньсининин түндүк жагындагы чек ара талаага жайгаштырылып, ак сөөктөрү кытайга кызмат кылышкан. 634-ж. туткундагы Эл каган өлөт. 630-ж. Кытай жеңгенден кийин Чыгыш Түрк каганаты 50 жылдай Кытайга көз каранды болгон.

Каганат 24 чөлкөмгө бөлүнгөн, аларды Кытай эмиссарлары бийлеген. Кытайга болгон нааразычылыктар күчөп, көтөрүлүшчүлөр уруу башчылары Нишуфуну, кийин Фунянды кагандыкка шайлашкан менен жазалоо отряды аларды жеңип өлтүргөн. 639-640-ж. Чыгыш Түрктөрдүн көбү Тан династиясына чектеш аймак Түндүк Монголияга ооп кетет. 646-ж. Чеби каган өзүн Чыгыш Түрк каганатынын улуу каганы деп жарыялаган. 650-ж. Чеби каган кытай аскерине туткунга түшөт. 647-688-ж. Тела, Селенга аймактарнындагы көз каранды эмес тогуз огуздар мамлекети түзүлөт. 660663-ж. Тогуз огуздар кытайларга каршы боштондук үчүн согушат. Эл кагандын алысыраак тууганы Кутлуг чор (Элтерис) 17 тилектеши менен Иншань тоосуна качып барып төрт аймакты талкалашкан, Шансидеги наместник турагын курчаган, Каракум жайыгын ээлеген. Кутлуг аскер топтоп тогуз огуздарга кол салып, ат алып армияны тамак менен камсыздандырган. 682-ж. такка отуруп – Кутлуг каган болгон. 683-ж. көтөрүлүшчүлөр үч жыл ичинде Ордостун чыгышындагы Улуу Кытай дубалынын чептерин талкалашкан.

Ошол мезгилде императордун жесири У-хоу мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, уулун тактан түшүргөн. өлкөдө башаламандык болгондуктан Кутлуг чор жазаланган эмес. 686-ж. көтөрүлүштү басууга жазалоочу отряд жиберилген. Кутлуг аны Синьчжонун жанында талкалаган, согушта 5 миң кытай аскери өлгөн. Түндүк Кытайды талкалайт. Кийинки жылы кытайлар жеңип, Кутлуг Гоби чөлүнө чегинген. Көтөрүлүшчүлөр оңдон табгачтын, солдон Баш кагандын тогуз өгүз эли, кыргыздар, куркандар, огуз татарлардын, кидан, татабилердин курчоосунда калган.

Башкаган Кутлугка ар тараптан кол салууга үндөгөн. Бирок, Тонукөк, Кутлугдар Гобини кесип өтүп, Монголиянын түндүгүндөгү тогуз өгүздөрдү 688-89-ж. талкалаган. Мурун каганатка баш ийген урууларды ушинтип согушуп кайра бириктирү согушу башталган. Бардык көчмөндөр багындырылган. Калыбына келген каганатты “кинчи Чыгыш Түрк каганаты (682-744-ж.) деп аталып Хангай тоосуна жайгашкан. Кутлуг каган 693-ж. өлөт. Анын иниси Капаган кагандын (Мочжо) (693-716-ж.) кошууну менен Цинпин аймагына кол салып Кытай аскеринин огуздарга жардам берүүсүнө тоскоол болот. Тонукөк өзү Теңир тоодогу түргөштөр менен согушат. 689-ж. кийин түрктөр Иншанды таштап өтүкөн токоюна (Хангай) келип ошерди борбор кылган. 691-ж. Кутлуг чор өлөт. Капагандын убагында өлкө жогорулаган. 695-96-ж. Маньчжуриядагы кидандар Танга каршы көтөрүлүшкөн. Кытай аскери келип жеңилген. Капаган каган келип кидандардын козголоңун баскан, кидандар түрктөргө кошулган. Кийин татабылар Чыгыш каганатка баш ийген. Болжолдуу VII-VIII к. Саян Алтайдагы уруулар каганатка бириктирилген. 693-706-ж. Капаган алты жолу Кытайдын түндүгүнө кол салып талап-тоногон.

Ал жерлерге мурун барган түрктөрдү кайра көчүрүп келген. өлкө 10 миң км. болгон. Армия күчтүү өнүккөн. 709-ж. Саяндагы, Энесайдагы кыргыз, чик, аздар Чыгыш каганатка каршы өз ара келишим түзүшкөн. Бирок, алардан мурун Тонукөк, Кутлуг, Капагандын уулдары баш болгон түрк армиясы адегенде чик, аздарды жеңип, андан кийин кыргыздарды талкалаган. Капаган кагандын (691716-ж.) тушунда экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын аймагы Маньчжуриядан Сыр Дарыяга чейин кеңейген. 711-ж. Тонукөк, Капагандын уулу Инэл чакан аскер менен Моңгол Алтайы тараптан Кара Ыртышты кечип өтүп, Болчу суусунун боюнда Түргөш каганатын жеңет. Түргөш каганы Сакал колго түшкөн. 712-13-ж. Тонукөк, Кутлугтун уулдары Билге, Култегин (энеси Элбилге Катын) жетектеген түрк армиясы Сыр Дарыяны кечип өтүп Согду өрөөнүнө келишкен. Бул жерден араб аскер башчысы Кутейбадан жеңилип, Моңголияга кайтып келишкен. 714-ж. Бешбалыкты тартып алабыз деп барып кытайлардан жеңилишкен.

716-ж. Капаган байырку (уруу) козголоңун басып, кайтып келатканда душман буктурмасына кабылып өлгөн. Анын ордуна кагандыкка көтөрүлгөн Капагандын улуу баласынын ордосуна Култегин кол салып, үйбүлөсү менен кырып салган. Култегин агасы Билгени (Могилян) кагандыкка көтөргөн. Билге көтөрүлүш чыгарган урууларды баскан. Тан императору ага каршы чоң армия топтогон. Кытайдын сокку уруучу атчандары: басмыл, кидан, татаби жана башында Кытайга качып барган Капаган кагандын кичүү уулу Бектегин турган түрктөрдөн түзүлгөн. План боюнча түрктөрдүн Хангайдагы ордосуна Чыгыштан татаби, кидандар, Түштүктөн кытайлар, Батыштан басмылдар чабуул жасамак.

Муну билген Билге каган, Тонукөк 720-ж. күздө басмылдарды тосуп чыгып, чегинүүгө аргасыз кылган. Кийин Тонукөк качкан душманды ылдам айланып өтүп, Бешбалыкты ээлеп, анын жанындагы басмылдарды биротоло жеңген. Тонукөк Бешбалыктан Ганьсуну басып кирип аердеги аскерлерди талкалап, Лянчжоу аймагын талкалаган. Кайтып келатып Билге каган 720-721-ж. кидандарды, андан кийин татабилерди катуу жазалаган. Император Сюаньцзян Билгенин 721-ж. тынчтык келишимин токтоосуз кабыл алган. Мындан кийин Кытай менен Чыгыш Түрк каганатынын ортосунда кагылыштар болгон эмес. Товар алмашышкан. 731-ж. Култегин өлгөн. Ал Орхон дарыясындагы Кошо Цайдан деген жерге коюлган.

734-ж. Билге каганга төрөлөрүнүн бири уу берип өлтүргөн. Булар Борбордук Азияда бийлигин чыңдоо үчүн Кытайдын Тан династиясына (618907-ж.), анын союздаштарына, каганаттка убактылуу баш ийбей кеткен бир катар түрк элдерине (кыргыз, карлуу, чик, аз ж.б.) каршы согушкан (өмүркул Караев. "Көөнө түрк тарыхы", – Б.: 1994.) Билге жана анын мураскор уулдары Ежен каган (734-739-ж.), Теңир каган (740-741-ж.) экономикалык жана саясий абалды чыңдоого багытталган саясат жүргүзүүгө аракеттенген.

Жаш Теңир каганды (740-41-ж.) аталаш агасы Кутлуг өлтүрүп бийликти тартып алган. Анын мураскор уулдары Озмыш, Хулуфи кагандар карлуу, басмы, уйгурларга каршы күрөштө өлүшкөн. 742-ж. уйгурлар, басмылдар көтөрүлүшкөн. 741-жылдан борбордук бийлик ыдырай баштап, 744-ж. экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы узакка созулган ички феодалдык күрөштөн кулап, анын негизги аймагында (Моңголия) Уйгур кагандыгынын бийлиги (744-745-840-ж.) орногон.

Ой-пикирлер