Кирүү

Бакшы

Бакшы – кыргыздын исламга чейин туткан дининде (шаманизм) ооруган адамды ар түр-дүү айла-амал менен дубалап дарылоочу адам. Кыргыздар, казактар эмчи-домчуларды, шамандарды Бакшы деп аташкан. Эркек жана аял Бакшылар эки башка – Бакшы жана бүбү, же бүбү Бакшы деп аталышкан. Бакшыны эл көзү ачык деп эсептешип, алардын Бакшылык кыймыл-аракеттерине зор ишеним менен мамиле кылышкан. Ислам дининин тарашы менен Бакшылык биротоло жоголуп кетпестен исламдын суфизм (сопулук) агымынын элементтери менен аралашып, синкретикалык татаал көрүнүшкө айланган. Бакшы бир жерде туруктуу жашабастан дубаналык кылган. Ак куунун жүнүнөн жасалган гүлө баш кийимин, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден иретсиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Жанында алкагына көптөгөн темир шакекчелери илинген добулбасын ала жүргөн. Добулбасты кагып жин-шайтандарды кууган.

Ой-пикирлер