Кирүү

Даван жөнүндө баян

Даван жөнүндө баян

Орто Азиялык мамлекеттердин жигердүүлүгү жана, баарынан мурда, Грек-Бактриянын калдыгын талкалаган кушан мамлекетинин түзүлүшү Фергананын баш көтөрүп чыгышына жардам берет. Анын Орто Азия жана Чыгыш Түркстан оазистерин өзүнө баш ийдирип алган, ошону менен Фергананын кошунасы болуп калган Кытайдын чектеринде алып турган орду чыгыштын улуу мамлекеттеринин көз жаздымында калган эмес. Грек-Бактрия падышачылыгы мезгилинде (б.з.ч. 250—140-жж.) анын жигердүү башкаруучуларынын бири, Эфтидем, сыягы, Фергана аркылуу болсо керек, Чыгышка басып кирүүгө аракет жасайт. Эмнеси болсо да, б.з.ч. III к эле Фергана Грек-Бактрия менен байланышта болуп турган. Бул жөнүндө ушул падышачылыктын, атап айтканда, Гелиоклдын тыйындарынын табылганы далил. Орто азиялык уруулар юечжилер менен гуннулардын ортосундагы күрөш Фергананы да күчтүү даражада солкулдатып кеткен. Б.з.ч. II к. Фергананы тянь-шандык уруулар — усундар жеңип алып, анын аймагында кушан мамлекетин түзөт, ал кийин Фергананын четинен алыс жаткан тышкаркы аймактарга тарайт. Кушандардын династиялык аталыштарынан биз Фергананы тянь-шандык басып алуучулар — усундардын уруулук атынын мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн байкай алабыз.

Фергананын олуттуу эл аралык ролу бар мамлекеттердин катарына кошулушу Кытайдын көңүлүн бурбай коймок эмес. Б.з.ч. 140—87-жж. Кытайды эң көрүнүктүү императорлордун бири — Ву-ди башкарып турган. Чыгыш Түркстанды жеңип алып, ал Орто Азиянын бай ээликтери аркылуу "Улуу жибек жолун" уюштуруу жөнүндө ар кандай камкордуктарды көрөт. Ушул максатта Чжан Цяндын саякаты уюштурулуп, ага Орто Азиянын өлкөлөрү аркылуу мүмкүн болуучу жолду чалгындоо, анын элдерин баяндап жазуу тапшырылат. Чжан Цянь Тянь-Шань менен Ферганага эки жолу: б.з.ч. 136—128-ж. жана 115-ж. келип кетет. Ал усундар жана Фергана жөнүндө бир кыйла толук баяндап жазат, мындан башка да, ал Орто Азиянын башка элдери жана мамлекеттери жөнүндо да бир катар маалыматтарды берет (кангүй, дася ж.б.). Анын кытай жылнаамаларында камтылып турган жазмалары чоң баалуулукка ээ, Даван жөнүндөгү жазган баяндары алда канча баалуу; Даван Таюани деп да окулат, кытайлар Фергананы ушундайча аташкан.

Чжан Цяндын баянында Фергана-Даван дыйканчылык маданияты, өндүрүшү жана коомдук мамилелери жогору өнүккөн өлкө катарында сүрөттөлөт. Б.з.ч. II кылымда Фергана, Чжан Цянь белгилегендей, эртерээктеги таптык коом болгон. Анын айтканы боюнча, Даван гуннулардын батышында, усундардын түштүк-батышында, каңгүйлөрдөн түштүк-чыгышта жана "чоң юечжилерден" чыгышта орун алып турган. Давандын тургундары отурукташкан турмушта жашап, дыйканчылык менен кесиптенишип, күрүч жана буудай эгишкен. Аларда жүзүм шарабы жана көптөгөн шаньма ("мыкты жылкылар") болгон, ал жылкылар асман жылкылары деп аталган жылкынын (тяньма) тукумунан чыккан. Даванда бекемделген (жамааттык) конуштар (чэнго) жана жеке чарбактар (уши) болгон. Анда жетимишке чейин чоң жана кичине конуштар бар болуп, аларда бир нече жүз миңдеген адамдар жашаган. Калктын кураларагы жебелүү жаалардан жана найзалардан турган. Давандын тургундары атчан атышта чебер болушкан.

Чжан Цяндын маалыматтарын б.з.ч. II кылымдын эң акыры — I кылымдын башы ченге таандык башка даректер да олуттуу түрдө толуктайт.

Алардан биз Даванда жүзүмчүлүк кеңири өнүккөнүн билебиз. Байлар 10000 данга чейин шарап сакташары белгиленет. Дань (мүшөк) — суюктуктун кытай өлчөмү, — болжол менен 100 килограммга барабар. "Эски шарап, — деп кабарлайт текст, — бир нече ондогон жылдар бою бузулбай тура берет. Жылкы бедени (мусу) кандай жакшы көрсө, тургундары шарапты ошондой эле жакшы көрүшөт". Кытай б.з.ч. I к. жүзүм менен бедени, ошондой эле жылкынын ферганалык тукумун Ферганадан алган.

Кытай булактары билдиргендей, ферганалыктар өздөрүнүн сырткы бейнеси боюнча Орто Азиянын башка урууларынын өкүлдөрүнө окшош келип, "көзү чүңүрөкөй, сакалы калың болот". Алардын турмуш-тиричилигинде соода-сатык олуттуу орунду ээлеген, аялдары чоң урмат-сыйга ээ болушкан, — "аялы эмне айтса, аны эри аткарбай коё албайт". Ошол эле булактардын маалыматы боюнча ферганалыктар тыйынды, жибек менен лакты (б.а. кытай буюмдарын) билишкен эмес жана металлдан идиш жасай алышкан эмес.

Бул кыска маалыматтар археологиялык материалдар менен толукталып, такталышы мүмкүн, ошону менен эле бирге Даван мамлекетинин учурундагы Фергананын бейнесин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Кытай булактары археологиялык маалыматтарды тактап жана ырастап гана турат.

Арийне, кытайлар биринчи кезекте өзүлөрүнө белгисиз болгон дыйканчылык өсүмдүктөрүнө (жүзүм менен беде) көңүл бурушкан, андан кийин алар кытайда кеңири тараган, бирок Фергананын тургундары үчүн мүнөздүү болбогон көрүнүштөргө көңүл бурушкан (лак, жибек, металлдын начар таралышы, акчанын жүгүртүлбөгөнү). Кытай булактарында эскерилген дань, сыягы, хумдар болсо керек, алардын орточо көлөмү чындыгында да 100 кг га жетет. Бул чоң идиштер антик авторлорунун да көңүлүн бурган, алар бул идиштерди жергиликтүү аталышы боюнча — "сир" деп аташкан. Бул эки — кытай жана антик булактарындагы камтылып турган, азык-түлүктөрдүн мол кору жөнүндөгү билдирүүлөр өндүрүштүн алда канча түшүмдүүлүгүн жана атап айтканда алмашуунун өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан азык-түлүктөрдүн ашыкча корун сактоо үчүн пайда болгонун далилдеп турганы шексиз. Бул негизинен натуралай алмашуу болгон, анткени ферганалыктар акчаны билишкен эмес. Археологдор тарабынан көптөгөн хумдар жана жалпы эле ири идиштер көп табылды, булар жазма булактарда айтылгандарды ырастап турат.

Дыйканчылык менен катар Давандын экономикасында жарым-жартылай отурукташкан мал чарбачылыгы олуттуу орунду ээлеп турган. Бул ар түрдүү аталыштагы (шаньма, тяньма ж.б.) жылкылардын кымбат баалуу тукумун өстүрүү жөнүндөгү маалымат менен ырасталат. Мал табигый жайытта гана эмес, короодо, колдо да багылган, муну беденин көп айдалышы далилдейт. Жылкыларды багып өстүрүү ферганалыктардын турмушунда чоң роль ойногон. Даванда жылкы культунун жашап турганын Ош шаары чендеги Айрымач-Тоодогу жана Араван кыштагы чендеги аскалардагы сүрөттөр боюнча билсе болот. Жылкыларды аристей уруулары багып өстүрүшкөн. Бул Фергананын байыркы ордосу Эрши шаары чендеги (Анжыян облусу, Мархамат району, Мархамат кыштагы чендеги чалдыбар) аскадагы сүрөттөрдө чагылып калган. Эрши шаарынын аталышы аристей урууларынын кытайча аталышынын эле дал өзү. Арист-Эрши шаары өзүнүн жылкылары менен даңкы чыккан. Аристейлер Фергананын башка урууларындай эле скиф тегиндеги уруу болгон. Көчмөндөр менен мындай байланыш б.з.ч. II—I к. ферганалыктарда сакталып турган. Алардын "атчан атышта чебер келерин" Чжан Цянь да эскерген.

Ферганалыктардын өнүккөн экономикасы шаар турмушун өнүктүрүү үчүн негиз болгон. Ферганада шаардык типтеги айрым борборлор байыртан эле пайда болгон, Фергананын чек арасында, Ура-Төбөдө VI кылымда Кирополь, азыркы Ленинабад ченде IV кылымда Александрия Эсхат курулат, ушул күнгө чейин, Скифтик Антиохия табыла элек, туурасы аныктала элек, бул, сыягы, селевкиддердин тушунда курулса керек Баардык мына ушул шаарлар эл жашаган, байыркы ферганалык конуш жайларда курулганы шексиз. Экинчи кылымга карата, жогоруда көрсөтүлгөндөй, шаарлардын саны 70ке жеткен. Бул шаарлар дубал менен курчалган, бекемделген жамааттык турак жайлар болгон (гректер аларды эримата деп аташкан), алардын бир бөлүгү шаар тибиндеги конуш жайларга өсүп чыккан. Мындай шаардык конуш жайлар сырткысы (вайчэн) жана ичкиси (чжунчэн) болуп эки катар дубал менен курчалган, б.а. дубал менен экиге бөлүнгөн, алар байыркы мезгилде сепил жана шахристан деп аталган. Мүнөздүү бир нерсе, сепилдин орто кылымдарда тараган иранча аталышы "арк" Александр Македондуктун доорунда эле белгилүү болгон (Квит Куций). Сыягы, ички дубал дегенди антик авторлору тарабынан эскерилген арк-сепил деп түшүнүү керек окшойт. Конуш жайлардын мындай өнүккөн структурасына, баарынан мурда, Фергананын ордо шаары Эрши ээ болгон. Калыбы, ушундай эле структурага Давандын башка шаарлары, мисалы, биз Өзгөн менен окшоштуруп жүргөн Ю шаары да ээ болсо керек

Шаарлардын, атап айтканда, Эршинин урандыларын изилдөө көрсөткөндөй, конуш жайлардын көлөмү өтө ар түрдүү болгон. Эршиде "ички шаар" жакшы сакталган, сырткы дубалы азыркы Мархамат кыштагы курулганда бузулган. Эриш шаарынын борбордук бөлүгү 500×750 м келген тик бурчтуу дубалдар түзөт, алардын капталдары дүйнөнүн төрт бурчуна каратылган. Дубалдар жана аларды коргоочу мунаралар көлөмү 40x40x10 см келген ири чарчы кыштан тургузулган. Ички аянтта курулуштар дээрлик жок, анда боз үйлөр-чатырлар орун алып, мал кармалса керек. Чийки кыштан тургузулган айрым үйлөр гана ички аянттын бир аз гана бөлүгүн ээлеп турат. Коргонуучу дубалдардын ичинде көп сандагы турак үйлөр орун алган.

Даван тибиндеги ушуга эле окшош конуш жайлар Фергананын бир катар башка жерлеринде да белгилүү. Бирок, алар, эреже катарында, кийинчерээк тургузулгандыктан алардын адепки планын изилдеп-үйрөнүү мүмкүн эмес. Мисалы, байыркы Ю шаарынын тагдыры ушундай, ал байыркы гана эмес, орто кылымдардагы курулуштар менен кийинки катмарларынын астында калган. Байыркы, аздыр же көптүр бүтүн бойдон сакталып калган конуштардан Ош шаарынын жанындагы Чач-Дөбөнү, Каш-кар-кыштак шаар чалдыбарын белгилеп кетемин. Бир кыйла кечирээктеги калдыктардын астында калган давандык мезгилдин катмарлары Фергананын көптөгөн чөлкөмдөрүндө бар. Чач-Дөбөдө Эршидегидей эле окшош планды жана курулуштары жок ичи бош аянтты көрөбүз, бирок мындагы конуш жай көлөмү жагынан кичирээк келет. Кашкар-Кыштак шаар чалдыбарынын түштүк бөлүгүндө узунунан келген ири курулуштар ачылды. Сыягы, бул кытайлар "чэнго" деп атаган конуш жайдын тиби болсо керек. Конуштардын башка бир тибин кытайлар "уши" — б.а "өз алдынча турган жеке үйлөр — чарбактар деп аташкан. Мындай үйлөрдүн урандылары Ферганада өтө мол. Булардын диаметрлери ар түрдүү келип, 20 дан 100 м чейин, жапыз- дары — 1 ден 3 м чейин жетет, ал эми этектери жайылып кеткен дөңсөөлөр болсо — кыйраган чоң үйлөрдүн калдыктары. Бул дөңсөөлөрдүн үстүндө чопо идиштердин, жаргылчактардын жана башка тиричилик буюмдарынын көптөгөн сыныктары жатат. Карапа али одуракай, таш күкүмдөр жана шамот кошулуп, кол менен чапталып жасалган, бирок мурдагылардан жакшы иштелген. Түбү жумуру чөйчөктөр көбүрөөк. Сырты сары же кызыл ангоб менен жабылган. Кумура түрүндөгү идиштер менен хумдар сейрек учурайт. Көптөгөн көрүстөндөрдөн, айрыкча ферганалык каналдардын курулушунда, Наманган облусунун Чартак кыштагы ченде, Фергана облусунун чоң Кува көрүстөнүндө, Кокондун жанында жана башка көптөгөн жерлерде табылгандардын, тянь-шандык усундардын түбү жумуру идиштери менен окшоштугу ачык байкалат. Ушул эле көрүстөндөрдө скифтердин сабы кыска, үч кырдуу жебелеринин кечирээктеги тиби табылды, бул жергиликтүү калктын жааны пайдаланганын далилдейт, бул жогорто цитата келтирилген кытай булактары менен да ырасталып турат.

Көрүстөндөр, жалгыз турган үйлөр жана бекемделген конуштар тоо этектерине жакын жерде, негизинен Фергананын чакан тоо сууларынын жээктеринен орун алган. Тоолордон алыс турган мындай комплекстер Кара-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортолугундагы аймактарда бар экени белгиленди, анткени мында байыркы ферганалыктардын эгин талааларына суу чыгарууга ыңгайлуу болгон. Үйлөр топ-тобу менен, кээде, анчалык чоң эмес аянтта бир нече ондогон үйлөр жайгашып турган. Мисалы, Жылгын-Сай суусундагы, Кара-Үңкүр суусунун өрөөнүндөгү Акман ж.б. ушундай комплекстер. Даван тибиндеги конуштар негизинен түштүк жана чыгыш Фергана тарабында жатат, бул жерде дыйканчылык маданияты эртерээк пайда болуп, мында ал үчүн бир кыйла ыңгайлуу шарттар бар болгон. Башка сөз менен айтканда мындай конуштар байыркы аристей уруулары, мүмкүн парикандар да байырлап турган аймактарда өтө арбын кездешет. Бул үйлөргө караганда бекемделген шаар чалдыбарлары алда канча сейрек, муну түшүндүрүү оңой. Бекемделген конуштар өзүнчөлүү чептер болгон, негизинен согуш учурунда адамдарды, малды жашыруу үчүн пайдаланылган. Мындай бекемделген конуштарда үйлөрдүн урандыларындагыга караганда тиричилик буюмдары алда канча аз болуп чыкты, анткени мында негизинен адамдар дайыма эмес, убактылуу гана жашаган. Бул конуштар жамааттык-уруулук өзгөчөлүү чеп-конуштар болгон.

Даван доорундагы ферганалыктар таптык коомдун стадиясында жашап турушкан, бирок алардын мамлекетинин экономикасы чарбанын бир кыйла эртерээктеги формаларын жоюп жибере алган эмес. Айрым райондордун өз алдынча ээлери болгон шаарларды аксакалдар кеңеши башкарган. Шаар-мамлекеттер орто азиялык антик тибиндеги демократиялык башкаруунун эртерээктеги формасы болгон.

Фергана мурдагыдай эле жарым-жартылай отурукташкан мал багып өстүрүүчүлөр (пастухами-скотоводами) менен курчалып турган. Фергананын чыгышында хюсюнь уруулары жашаган. Алар чыгыш Ферганада гана эмес, Кетмен-Төбөнү жана Чаткал тоо кыркаларынын этектерин да мекендеп турушкан. Хюсюндарда жарым-жартылай отурукташкан конуштар бар экени белгиленген, алар Кетмен-Төбөдө таруу эгишкен, бул эрте быша тургандыгына байланыштуу (40 күндө бышып жетилген) көчмөндөр эге баштаган алгачкы дан өсүмдүгү болгон. Кетмен-Төбө хюсюнь урууларынын түпкү мекени болгон, тянь-шандык көчмөндөр дал ушул аймактан Ферганага басып киришкен. Хюсюнь аталышынан изилдөөчүлөр тянь-шандык усун урууларын, алардын батыш бутагынын аталышынын өзгөрүлгөн түрүн көрүшөт. Өздөрүнүн теги боюнча хюсюндар байыркы сактар менен байланышат.

Юйту өрөөнү деп аталган Алай өрөөнүндө уш уруулары жашаган, алардын аталышын азыркы Ош шаары сактап калган. Уш жана хюсюнь урууларынан түштүгүрөөктө кытайлар атагандай гюаньду же гюйми деген көп сандаган уруулар жашап турган, бул тоолук кумед урууларынын антикче аталышынын бир түрү болуп саналат.

Кумеддер Фергананын, мүмкүн Тохаристандын да күчтүү тасири астында турган. Кумеддер жарым-жартылай отурукташкан малчылар (пастухами-скотоводами) болгон, ошондой эле дыйканчылык жана аңчылык менен да шугулданышкан. Алардын Алайда (Кызыл-Коргон) жана Чоң-Алайда (Дароот-Коргон) жашоо-турмуштарынын издери табылды. Бул мезгилде алар скиф доорунун маданиятын жандандырышкан. Кытайлар бул урууларды, хюсюнь жана уш сыяктуу эле сак тегиндеги уруулар деп аташып, алардын көчмөн-усундар менен этнографиялык окшоштуктарын белгилешкен.

Ошентип, эгерде кытайлар ферганалыктарды Орто Азиянын байыркы отурукташкан калкы менен, баарынан мурда, Согдунун жана Бактриянын калкы менен салыштырышкан болсо, тоолук малчы калкты (пастушеское население) алар теги боюнча сактар жана усундар менен, б.а. Тянь-Шандын байыркы калкы менен байланыштырышат.

Кытай жана антик жазма булактарынын маалыматтары жана археологиялык материал боюнча аныкталган Давандын ушул белгилери б.з.ч. IV—II кылымдардагы Фергананы мүнөздөп турат. Бирок б.з.ч. II к. акырында жана I кылымда Фергана эки окуяга аны кытайлардын жеңип алышына жана чыгыш урууларынын кыймылына байланыштуу олуттуу өзгөрүүгө учурайт. Чжан Цянь Кытайга орто азиялык ээликтер жөнүндөгү кабарды жеткизгенден кийин кытай императору Ву-ди бул өлкөлөр менен өз ара элчилик байланыштар менен ыраазы болбой, аларды өз бийлигине баш ийдирүүнү жана "Улуу жибек жолун" уюштурууну чечет. Ушундай максат менен ал Чыгыш Түркстанды жеңип алууга, андан кийин Ферганага басып кирүүгө аракеттенет. Бул согуштук иш-чаранын башына гуннуларга каршы жортуулдарда даңкы чыккан, көрүнүктүү кол башчы Ли Гуан-Лини коёт. 121—119-жж. жолу болбогон гуннулар кытай аскерлерине өз планын ишке ашырууга тоскоолдук кыла алган эмес. Ли Гуан-Ли б.з.ч. 104—102-жж жана 101—99-жж. Ферганага эки жолу басып кирет. Биринчи жортуул ийгиликсиз аяктайт. Аскерлеринин олуттуу бөлүгүнөн жолдо ажырап калган Ли Гуан-Ли Ферганага жетишерлик аскер күчтөрүн алып келе албагандыктан ферганалык аскерлердин соккусу астында чегинип кетүүгө, өздөрү басып алган жападан жалгыз Ю шаарын кайра өткөрүп берүүгө аргасыз болот. Экинчи жүрүш Ли Гуан-ли үчүн бир кыйла ийгиликтүү аяктайт. Ал чыгыш шаары Юну (Өзгөндү) айланып өтүп, борбор шаар Эршини камоого алат. Согуштун жогоруда айтылып өткөн себептеринен башка да, кытайлардын бул согушту баштоого ферганалык жылкыларды алууга умтулуусу да түрткү болгон. Ферганалыктар өжөрлүк менен коргонушат, бирок акырында алардын борбор шаарын Ли Гуан-Ли курчоого алат. Кырк күн камалап тургандан кийин, кытайлар шаарга келүүчү сууну буруп жиберишип, тышкы дубалды бузуп киришкенде да, ферганалыктар өз падышасы Мугуа менен бирге ички шаарда каршылык көрсөтүшүп, каңгүй уруулары (Сыр-Дарыя) тараптан жардамга кол келип калабы деп күтүп турушат. Ферганалыктарда азык түлүктүн кору мол экенин, жана өзүлөрүн кудуктун суусу менен жабдый аларын билишкендиктен, кытайлар шаарды камалоону токтотушуп, давандыктар аларга кармап беришкен Мугуанын керт башы менен ыраазы болушуп, бир нече ондогон айгыр жана 3000 бээ алышат да, ферганалык атактуу тукумдан чыккан Моцай деген аксакалды өздөрүнүн акими кылып дайындашат. Ли Гуан-Линин армиясынын отрядарынын бири Ю шаарын алат. Бул жортуул кытай императору тарабынан жогору бааланып, ага катышкан аскерлерди марттык менен сыйлайт. Бирок кытайлардын Ферганадагы ийгиликтери бекемделген эмес болучу. Абдан эле шайы оогон кытай аскерлери кеткенден кийин (Кытайдан 60000 адам чыгып, анын 10000 ге жакыны гана кайтып келет, 30000 ат, 100000 өгүз, 10000 эшек, качыр жана төө болсо, 1000 гана жылкы кайтып келген) давандыктар Моцайды өлтүрүшүп, Мугуанын иниси Жишанды (башка бир булак боюнча Чаньфын) башчылыкка дайындашат, бирок тең укуктуу мамлекет катарында Кытай менен элчилик байланыштарын уланта беришет. Чаньфын Кытайга тяньма тукумундагы эки жуп жылкыны алман катарында жөнөтүп турат. Мындан башка да кытай элчилери бедени жана жүзүмдү алып кетишет.

Кытайдын жортуулдары Фергананы баш ийдире алган эмес. Ал өзүнүн өз алдынчалыгын сактап калат, бирок бул узакка созулбаса керек. Ошол эле б.з.ч. I кылымда ал өз алдынча мамлекет катарында Орто Азиянын саясый картасынан жок болуп кетет. Фергананы өзүнүн системасына кошуп алган жаңы күч пайда болот, ал күч кушан мамлекети болгон.

Ой-пикирлер