Кирүү

Манас. "Манас" эпосунун элдиги жөнүндө

"Манас" эпосунун негизги идеясы — чабылып-чачылган уруулардын башын кошуп, элди четки жоодон коргоо, көз каранды эместигин сактоо. Мында согуш темасынан тартып, ички чыккынчылар менен күрөшүүдөн салт, үрп-адат темаларына чейин бар. Биринчи бөлүмдүн окуясы адабияты, көрүп көңүл ача турган театры, элдин байыркы ,турмушу менен тааныштыра турган тарыхы, жер-сууну тааныткан географиясы катарында угуп билүүчү. Маселен, кыргыздын байыркы архитектурасын биз билбейбиз, бирок эпосто ак сарайдын, күмбөздүн, ар түркүн жасалгалардын мүнөздүү сүрөттөөлөрү бар, чебер зергерчилик айтылат, кыргызга улуттук бий болгон эмес дешет, а эпосто кырк кыздын бийи айтылат. Ушундай окуяга бай, мазмуну кең чыгарманын элдик жагын көрмөксөн болуп, зыяндуу жасалма кошумчалары бар айрым вариантка негиздеп, бүт эпосту феодалдарга таандык кылыш, сөзсүз, элдин сезимин кордогондукка жатат. Ал эми эчен албан тарыхый кагылыштарда ошол тарыхый карларды, эчен борошолуу, бороон-дуу күндөрдү баштан кечирип: бирде толуп, бирде бөксөрүп — тарыхый запкыларды тартып келип — соңку кылымдарда ошол ыманбайлык ахыбалга жеткен кыргыз кишиси, башта, доору жүрүп турган кездерде, ал, боз тон ордуна чопкут, туулга кийди. Чобур сарала ордуна тулпар Айсарала минди, айбалта аш-тап, колго көк асаба кармады. Деги андагы кишинин аты Ыманбай деп чакырылган жок: Азман, Агуул, Багыр, Кадыр-кан, Элтебер, Элчур, Элтерес, Чаа, Жолборс, Торко, Карачур, Эл-Тууган, Күлчүр... деген аттар менен эркектер чакырылды. Жол-Апа, Күлүк-Апа, Гүл-Эркин, Умай, Чур-Апа, Бай-Апа, Төр-Апа, Элбилге-Катын деген аттар менен зайыптар чакырылды. Ушул адам аттарын, биз, тек атап өткөнүбүздө эле, алардын далайы ушул кезге чейин кыргызда балага коюлуп келаткан аттар экенин кантип танабыз.

Маселен: Эл-Тууган, Жол-борс, Торко, Чаа, Агуул, Багыр, Азман, Жол-Апа, Гүл-Эркин, Тер-Апа, Умай... деген аттар, айрыкча кары кишилерде көп жолугат. Ал эми "Манас" баянынын каармандары: Агуул, Боз-уулдар түз эле ошол байыркы аттарды алып жүрүшсө, Канчоро, Күлчоролор Карачур менен Күлчурдун бир аз өзгөргөн түрүн бизге жеткирди. Бул жөнүндө ташка тамга баскан эстеликтерден да буларды окуйбуз: "Он ок тукумунан өзүмдүн Тургеш канымдан Макрач тамгачы, Огуз-Билге тамгачы келди; кыргыз канынан Тардуш-Ынанчу чур келди" деп Күл-Тегин эстелигинде жазылса, кыргыздын журт башкарган адамына коюлган — "Енисей эстелигинде" — "атым Эл- Тууган түтүк. Теңирим берген элимдин элчисимин. Алты урук журтка бек элем" — дейт. Биз кыргыз кишисине коюлган бул байыркы эки атты мисалга келтирген себебибиз, тарыхка, илимий жактан тарыхый талдоо жүргүзбөсөк максаттан кыйчалыш кетерди айткыбыз келди. Баса, биринчиде: Тардуш-ынанчу чур бүгүнкү адам ат-тарынан алыс болсо, экинчиси — Эл-Тууган (түтүк — титул) биздин күнгө чейин адамга коюлуп келаткан ат. Ал эми "Манас" каармандарын биз арага салсак, алар бизге ушул жагы-нан көп жагдайды туюндургандай болот. Маселен: Бозуул — Бозуул, Күлүчурадан — Күлчоро. Ал эми Тардуш-Ынанчу чур бизге табышмак болгондой эле — "Манас" деген аттын өзү да "табышмак". Бир жагынан алсак: Манас деген шаар да, жер да, суу да бар. Бир жагынан алсак — алп Манастын өзүнөн башкага бул зор ат коюлбайт. Неликтен? — Бул илимий жак-тан так изилдөөнү талап кылган эң кылдат жана жооптуу жагдай! Мындай изилдөө жеке эле окумуштуу адабиятчынын эмес, окумуштуу-тарыхчы, окумуштуу-тилчилердин да алдында турган милдет. Болгондо да эң баамчыл, эң көрөгөч кеп тармак-туу билими бар калыс жана чыдамкай адамдардын алдында турган милдет!

Ушундай татаал иштин илимий жактан чечилишин бабаларыбыз бизге милдет (вазипа) катары таштап кеткендерине биз жеке эле өкүнө бербестен, бир жагынан сыймыктаналык. Албетте, курулган мунаралар, том-том китептер бетинде бул өмүр так жазылып турса, биз — "белен аштын" татымын татып абдан эле кубанычтуу болор элек. Бирок, улуу тарых-тын туңгуюк купуя эрежелери менен эсептеше келгенибизде, биз өз элибиздин баштан кечирген өмүрүнө жеке эле өкүнө бербестен, ага сыймыктанар жагдайлары да аз эмес. Өз кезинде эң маданияттуу болушуп, күчтүү мамлекет курган элдердин кай бирлери 12 кийин майдаланды, ал тургай изин кумга чайытып соңкуларга белгисиз тартты. Кай бирлери тыйпыл жоюлду... Бул кезде Орто-Азияда жашаган элдердин эң байыркыларынан болгон кыргыз журту дал ошол тагдыр менен үлүштөш болсо да, ал өзүн сактап, элдик маданиятын сактап, аны чамасы келишинче өнүктүрдү. Биз ушул жерден "Кыргыз" деген аттын чыгышы жөнүндө кайбир тарыхый маалыматтарды жана эл оозунда айтылган уламышты эскергибиз келет. Тарыхый маалыматтарда кыргыз деген эл биздин доордон мурунку үч жүзүнчү жылдарда эле белгилүү болуп, алар кызыл жүздүү, жээрде сакалдуу ноочо адамдар, минген аттары аргымак — ири жылкынын тукуму, өздөрү жоокер эл экендиги айтылат. Ал эми эл оозундагы ула-мыш мындайча баяндайт: — Эң байыркы заманда ашкан жоокер журт болуптур, тынымсыз чабыштардын, тынымсыз каар-дуу алааматтардын кесепетинен ал журт кыргын табат. Кыргындан кыр кезип кырк жоокер калат. Алардан — кыргыз тарайт. Ушул эки кабарды иликтеп көргөнүбүздө, түз эле ошол байыркы сактарды, байыркы хундарды эске салат. Байыркы учуктарды иликтесек, бизди ошол байыркы журттар менен тектештирет.

Ошол журттун жеке эле өмүр-тиричилиги эмес, алардын бизге жеткен материалдык маданияттары биздин бабалар сактап бизге белекке калтырган материалдык маданият-тары, рухий байлыктары менен эң жакын. Бул кезде кыргыз, казак, алтайлыктардагы — ала кийиз, шырдак, ат турпатындагы жасалгалар, алтын, күмүш буюмдарда чөгөрүлгөн чебер оюу-чийүүлөр дал ошол сактарда, дал ошол хундарда болгону белгилүү. Боз үйдү жасалгалоо, бээ байлап кымыз ичүү, угут ачытып бозо кайнатуу, курут кургатуу, сүзмө сактоо, жоокерге гүл-азык камдоо... ушулар сыяктуу толгон материалдык жана турмуштук белгилер так алыскы жаңырык сыяктуу алыс-тан үндөшпөстөн биздин бабалардан бизге өткөн — күнү бүгүнкүдөй колдонгон биздин маданият, тиричилик, биздин өмүр-байлык! Биз жогоруда кыргындан калган кырк жоокерден кыргыз журтун тараткан "уламышты" эскердик. Кыргыз элинде ушул кездерге чейин айтылып, эл сөзүндө кеңири тараган — кырк деген сандын эң ардактуу, эң мелчемдүү эскерилиши бекеринен эмеско? — Кырк жигит кырк эрен, кырк кыз, кырк жылкычы, кырк баатыр, кырк чоро... Ал тургай — "Кыргыздыкы кырк жылда" деген лакаптын айтылышына — ошол байыркы кырк жоокер себепкер чыгар? Неси болсо да ушул "кырктардын" чыгышына турмушта чын болуп өткөн тарыхый чоң окуя себепчи. Фарсы падышасы Кирдин талоончу колу сак урууларын кыргынга учуратты. Ошол кезде талоончу колду чөлгө жазгырып... өз журтунун калганын кыргындан сактап, бирок ал үчүн өзү курман болгон эр жылкычы Шыйрак байыркы сактан калган уламыш каарманы.

Бирок, муну да чын болгон тарыхый окуя жаратты. Алтайдын Базырыгында, Орто-Азиянын тоо-талааларында сырдуу коргондорду өзүнөн эстеликке калтырып... ошол уул-кызы жоокер, бүт эли-журту каарман сактар чоң чабуулдардын кесепети тийип, алар бытырады. Алардын изин тарых бетинде кум чайыды. Бирок, ал баатыр журттун даңктуу аты тээ көз учунда мунарыктаган улуу чокудай элестейт. Баса, түптүү журт таптакыр жоюлбайт да! Ал кайрадан түптөнөт, кайрадан өнүгөт. Ал тургай кай бир учурларда ал таптакыр "жаңы" элдин атын алып өнүккөнүн тарых күбөлөйт. Сактан кийин хундардын (гундар) пайда болушу, алардын дуулдап өнүп-өсүп тарыхта белгилүү болушу, тек жаңы элдин, жаңы журттун пайда болушу эмес, хундар мурунку урууларды кайрадан "жаратып" алардын өмүр жолдорун кайталап улаган сыяктуу... Биз байыркы сактарды өз жайына коюп, тек соңку үч коомдук чоң толкундарды байкап көрөлү: 1. Биздин доорго чейинки III кылымдын акырынан I кылымдын элүүнчү жылдарынын аралыгы — хун каганаты, хун доору; Ошондуктан, биз жогоруда, "...так айтканда, байыркы кыргыз тилинен азыркы кыргыз тилине которулду" деген тыянакты атайы айттык. Себеби, түрк элдеринен кыргыз, кыпчак, чигил, ягма сыяктуу элдер таза түркчө сүйлөшкөн деп Махмуд Кашкари өзү аныктайт. Ошого таянып жазуу байыркы тили-бизде жазылган деп айталабыз.

Айтор, эне тилибиз ушинтип кайрадан которууну талап кылгычакты өзгөрүүнүн өзү эле, ушул тарыхый мааниси бар ыйык ишке баамчылдык менен туура мамиле кылууну, талдоолорду билгилик менен жүргүзүүнү бизден илим талап кылат. Айрым жолдоштор үстүрт болжогондой: — "Таштагы жазуу жазуу болмок беле?!" Не "Кыргыз тилине эмнеси окшойт?!" Не "Бул уйгур тили, биз кыргыз..." дей берсек, баарыдан мурда, таң аткычакты бир дөбөнү айлана берген Ымакеңдин акы-балында өзүбүздөн өзүбүз адашабыз?! Ал эми азыркы кыргыз улутун түзгөн уруулардын ичинде ошол өткөн кылымдарда өзүнчө будуң — эл, өзүнчө уруу ата-лып жүргөн: төлөс, меркит, кыпчак, саруу, найман, аз, аргын, моңолдор, кытай сыяктуулар ал кездерде өзүнчө эл түзүп, ошол будуңдун ичинде жүргөнүн эске алсак, азыркы уйгур калкы ошол кезде түрк будуңунун катарында болуп, алардын ичинен байыркы кыргыздар байыркы уйгурлардын карым-катнаштары жакын, тагдырлары бирдей болгонун эске алсак, анда бул тарыхый чоң мааниси бар маалыматтарды өзүбүздөн алыс коюшка акыбыз жок! Эмесе, Аккуласын минип жоого айкырып чыккан айкөл Манасын сүйүп, Манасын тааныган элибизге, биз ушул: Акбозун минип жоого каршы арстандай чапкан Күл-Тегин жөнүндөгү сөздү тартууладык. Тарыхта белгилүү болгон ушул Күл-Тегин алптын элеси, биз сүйгөн, биз билген "Манас" баянындагы алптардын элесине үндөшөбү, жокпу? Жазууда баяндалган эл-журт күрөшү, алардын ой максаты биздин "Манастагы" айтылган кыргыз журтунун күрөшү, ой-максаттары, тилеги менен үндөшөбү, жокпу. Эгерде, ал үндөштүктөр, ал жакындыктар бар болсо, анда алар биздин кемибизди толуктайбы, жокпу? Муну ар бир баамчыл адам өзү талдасын!

Манас. "Манас" эпосунун элдиги жөнүндө

Ой-пикирлер