Кирүү

Нарындагы көтөрүлүш

Нарындагы көтөрүлүш

Тогуз-Тородогу эл бузулуп, Атайке кыштагын талап алгандан соң, Көгарттан көп аскер ашып келген. Бул аскерге саяк элинен Калпа Келдибек уулу союш, отун-суу берип үй тиккен. Бул аскер Нарын суусунун күн жүрүш жагынан туруп, күн жагындагы чогулган элди замбиректеп аткылаган. Мындан соң, көтөрүлүш жасаган эл ичинде чолук болуп Турпанга качкан. Шатен элинен Касымаалы Мамбеткан ичинде 200 түтүн уруш салбастан, мал-мүлкү менен аман-эсен Кашкар бетине качып түшквн. Каш-кардын Чоң Багыштын жеринде турганда артынан "эсенгулдун Манай казы Чокойов киши жиберип "силерге өлүм жок" деп кайтадан көчүрүп алган. Ка-сымаалынын бир баласы, бир жолдошу менен Нарындын участковою Ковалев чакыртып алып, набактыга камап коюп, бир нече күндөн кийин үчөөн дарга тарткан. Кайта келген 200 түтүндөн чыгым болдук жеп, көп мал-мүлкүн алган. Токтооку деген 50 түтүн бир урук айылдан минге жакын кой жана канчалык айгыр, ат алган.

Субан элинин (Нарын) жартысы, ажы эли, бүткүл Он Арча (тыным-сейит. Бүтүн шаркыратма, моңолдор) элинен бир канча көтөрүлүш кылып, бирин-серин орус бекеттерин талап алып, Нарынды бир нече күнү камап, маңдай жакы жактан аткылап турганда Нарындагы аскер ок жаадырганда кыргызда мылтык жок болгондуктан качышкан. Булар Чүйдөн качкан элди аралашып, мал-мүлкүнөн ажыраба-стан, көбү Какшаал менен Турпанга көчүшкөн.

Ой-пикирлер