Кирүү

Ферганалык кыргыздын колонизатордон мизи кайтканы

Мамыр Мергенбай колонизаторлор 1881-жылында Анжианда дарга тарткан үчүн кедей чарбалар кек алып калган. 1881—82-жылдарда күзүндө (жылкы жылы) Текестеги арык тукуму менен саяк көчүп келгенде аларды аягы Тору Айгыр, башы Байсорунга орнотуп, ал жердеги сарбагышты эриксиз Кочкорго айдаганда бизге колонизатор жакшылык кылбайт экен деп кекте калган. Шибирге айдоо деген сөз жапайы жүргөн кыргызга өлүм, чоң азап катарында көрүнгөн. Өз ара тараптык аразды себеби менен көп киши ак жеринен Шиберге айдалган, өлтүрүлгөн. 1885—87-жы-лы Балбак Байтерек уулунун (залым өкмөттүн тилектеши — манап) кастыгы боюнча айдалгандар: Султан, Көбөй, Табыш болгон. Султан менен Көбөйдү айдап бара жатканда кишени менен сууга түшө качса, чулу көпүрөсүндө солдаттар атып өлтүргөн. Табыш Капалга айдалып барып өлгөн.

Бул үчүн дагы эл наразы болгон. Адигине кыргызынын каны саналган Курманжан датканын Камчыбек деген баласын өкмөт дарга тартканда Фергана кыргызы өкмөткө ичи карарып калып, Курманжан өзү кайгы-күйүттөн бир аз акылынан азган. Ан-жиандагы бир маңги эшендин салган бузугу үчүн арка кыргызын талагандыгы жана переселиндин келип, кедей-дыйканды жерин бүт алгандыгы көкүрөктөн кетпеген дарт болгон. Ичи кектүү болуп жүргөн кедей-дыйкан орто чарбаларга июль айында кыргыз-дан солдат жана рабочу алат деген кабар тарады. Бул кабар кыргыз, казакка зор кайгы болду. Малыбызды, мүлкүбүздү, жакшы атыбызды согушка алса жана боз бала менен 40 жашка чейинки эркегибизди солдаттыкка алса, кемпир-чал өз тиричилигине карабастан, согушка керектүү кызматты кылса, жакшы жерибизди переселендерге альга берген үчүн бизде эгин жок болсо, жаш бала-чакабыз кырылат экен деп акылдан ажырап, эс ооду, Ата-баланын, ини-аганын сөзүн укпас, тилин албас, мал түгүл чымын жок кайгыда болуп жандарынан чындап үмүт үздү, бир биринин сөзүн укпастан дем болуп, онтобой ооруу болду. Солдатка, жумушчуга барбайбыз дегендери болсо, Каракол, Токмок, Пишпек, Аксуу улуктары набактыга каматтырды.

Мындай зулумдук ашып кеткенден кыргыздын көбүнүн пейли бузук чыгаруу пикирине келди. Жакшы жерлер колонизаторлордун пайдасына өтүп, соода жагынан пайдадан калган байманаптар жана мурун-кудай кедей чарбаларды жеке эс албай калгандыктан, күйүнүчтө жүргөн үчүн бузук чыгарууга булар да пейилдүу эле. Жакшы жерлерге калабыз, акыр пайда-сына өтүп, соода жагынан пайдаларына калганга ичтери күйүп жүргөндүктөн ар тараптан кедей-дыйкам орто чарбалардын бузук чыгарына көзү жетип, бай-манаптар жана өкүм жагынан кысталып бара жаткан үчүн Оруссия колонизатору түшүнө баштап, кыргыздын манаптары мурункудай кедей жана дыйкандарды эрки менен да албагандыктан көбү ичте жүргөндүктөн, бузук чыгарууга абдан пейли ооду. Көбүнчө дыйкан, кедей, орто чарбалардан кызматка алынмак болгон 17 менен 40тын аралыгындагы топтошуп, ар кайсы жерге жашырын жыйын кылып, уруш салабыз деп найза, айбалта, чолубаш- жана башка жабдыктарды усталарга жасатты. Бай-манап, болуштар балдарын, жакын туугандарын солдатка жибербес акылын куруп, мийзам издеп, учасковой ойузга пара берип, акылдашып алып калып, алардын ордуна кедейлерди жиберүүгө даярданды, Мындай аракетин кедейлер. билген соң бай-манап болуштарга нааразы болду.

Бай-манап, болуштар майданга өз балдарын жибербестен мындай өкмөт жумушуна калтырууга киришти. "Кимдин айгырына ким кайгырат" дегендей өз балдарын, тууган-дары мында кала турган болгондон кийин бай-манап-тардын көбү көтөрүлүш чыгарууга ыктыяр болбоду. Элдин пикирин билемин деп сарбагыш атаке манап-тарынын Исамудин Шабдан улуу Нарынга жашырын Бугубай деген жигитин жиберип" Касымаалыдан кабар алды. Атбашы, Нарындын Николайга каршы чык-пастан, көтөрүл үкө каршы болгондор: Казы Чоко уулу Калпа, Келдибек уулу Эсенгул, Абдырайын Чой-бек, Султангазы Келдибек, Касымбек Бапайы, Түрк-мен Зарпбек, Кудайбергендер болду. Булар Николайдын аскерине кошулуп, кедей-дыйканды талап, аскерге союш берип, мисалы, Көк Артты ашып келе жаткан аскерге Калпа Келдибек уулу үй тигип, улоо ат байлап турган. Нарындын көтөрүлүшкө дили менен кошулган Касынаалы Мамбет уулу, Чолук, Кудайберген, Атабек, Сарбагыш молдо жана бүткүл ажы эли.

Ой-пикирлер