Кирүү

Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу

Солто жана Сарыбагыш кыргыздарынын өз ара согушу

(1819— 1820-жылдарда болгон)

Дөөлөстүн Токо жана Манап деген балдары кедерди эзген феодал болгондуктан булардын зулумдук кылып, малы менен башына ээлик кылбаган үчүн залимдигине чыдай албастан, жакын тууганы жедигер Талас менен Намангенге ооп кетип (анда Жанкороздун балдары болгон), кийин саяк, бугу, сарыбагыштын феодалдары бирлешип букараны, кедейди эзип турушкан. Булардын солто кыргызынан ала турган аласасы болсо, кечикпестен тийген. Ошол себептен "солточок" деп атаган. "Чок" деген сөз эчтеме калбастан, бүт колго тийди деген сөз,

Кыргызда өзбектин соодасы болуп, аны менен кыргыздын баш феодалдары пайдаланып, кедейдин канын соруп турган. Наманген шаарынан бир соодагер өзбек мурунтан Эсенкулдун айылына бары соода кылып жүргөн үчүн Наменгенден Талас басып, андан Чүй өзөнүндөгү солто кыргызынын манабы Жамансарт бийдикине келип түшкөн. Соодагер Эсенкулдукуна жүргөнү жатканда, бир кабар Жамансарттыкына түшпөстөн, жол менен бара жаткан Жамансарттын Бөрүбай деген эржетип калган баласы соодагердин малына кызыгып, аны Жамансарт бийдикине ээрчитип келип, токтотуп койгон. Бул кабарды Эсенкул угуп, Алмабаш деген күлүк атын мингизип, Күрөкө деген жигитин меникине келе жаткан сооДагерди токтотпостон биздикине жиберсин деп, Жамансарт бийге жиберген. Күрөкө келип сөзүн Жаманс ртка айтканда анын Бөрүбай деген баласы бычагы сууруп ала Күрөкөнү өлтүрмөкчү болуп умтулганда сайдырбастан Жамансарт кармап калган. Курөке атына мине сала качып жөнөгөндө Бөрүбай кубалап жетпей калган. Бул себептен, менин соодагеримди жибербей жолдон токтотуп жана жиберген кишимди өлтүрмөкчү болгону душмандын иши деп, Жамансартка өтө намыстанып, ичи абдан карарып, кекенип калган. Бул арадан бир канчалык жыл өтүп кеткен соң, жогоруда Кокон хандыгы менен кыргыз арасы деген темеде айтылган чечектен өлгөн балбан солто жигит Байболоттун (бул тууралуу кошок: балдагы алтын бай болот, эми сендей ким болот) кунун кубалап, бөлөкбай менен талкандан жыйып Күрөңкөй Түлөберди уулу баштык болуп 300 киши аттанып барып чагатай уруту казактан 400-жылкы тийип келе жатканда, чагатайдан Капсалаң деген бир баатыр жигит баш болуп, канчалык казак менен кубалап келип, солтолор менен сайышканда казакты жеңип, бир далай аттарын колго түшүрүп, казак Капсалаң баатыр өлтүргөн. Жана да бир кабардагы сөз: солтолор эки мертебе казакка барып, чагатай Дыйканбайдын жакын тууганынан бир киши өлтүргөн дагы, жылкы тийип келе жатканда сарыбагыш Эсенкулдун балдары биринчиде казак чагатай менен эл болгондуктан, экинчиси солто менен душман болуп келе жаткандыктан солто менен сайыша кетип, бөлөкбай Адыл деген жигитти түшүрүп калып, казакка берип жибергенде аны казак Капсалаң менен Дыйканбайды туугандары өлтүргөн. Бир кабарда жогорудагы капсалаң өлтүрүлгөнү мындайча: солтолор казактан жылкы тийип келатканда Ниязбек Эсенкул уулу солто менен аны кууп келе жаткан казакты токтотуп, эки жагын сүйлөштүрүп жатканда солтолор казак баштыгы Күрөңкөйдү бычак меңен сайып, бир казакты өлтүргөн. Жогоруда өлтүрүлгөн Адылдын кунун берсин деп солтолор Эсенкулдун балдарына киши жибергенде, бул ишти кандай кылабыз деп сарбагыштар кеңешип, акыры Эсемкул: "каратып мал бергенче, кызартып жан бергиле" деген. Бул жооп менен кайткан солто: "сарыбагыштын жообу ушундай болду, кандай акыл айтасыз" — деп мырзага келгенде: "каратып мал алганча, эр өлтүрүп кун бергиле" — деген. Ошол кеңешти уккандан кийин сарыбагыштын кылган кордугуна чыдай албай турган солтолордон бир канча жигит барып, Кочкорду кыштап жаткан сарыбагыштын жылкысынан жылкы тийип алган. Кышында чогуу Чүйгө көчүп келе албастан, сарыбагыштар жапырт эрте көктөмдө Чүйгө көчүп, мал гекши семирген кезде 1819—20-жылдарда Ысык Ата менен Кегетинин алкымында согуш башталган. Бул согушта солто менен араздашып, казактар сарбагышка ат берип, жардамчы болгон. Согушка эки жагы камынып, үйлөрүн чөк кылып кондуруп калган кезде Канай, Эшкожо, Бала Ажыбек, Саке, Атай, Бектен, Чынгыз мырза баштык солтонун феодалдары, манаптары согушту кандай кылабыз деп кеңешип, жыйынтыгында мырза: "Колду кана баштасын, бүткүл солтонун союл чабар, найза саяр, мылтык атар, саадак тартар эр азаматы анын айтканынан чыкпасын, сарыбагышка Кошой өлгөндөн бери карата "солточок" аталып, акыры Адылды өлтүрүп, көрбөгөн кордукту көрүп жатабыз, бул согушта сарыбагыш жеңип тең болобуз, жаки, биротоло былк этпес букарасы болобуз, сарыбагыштан кылча жаныңарды аябагыла", дегенде, бүткүл солто тура калып чуркурап, Ай тамга солтонун арбагына деп бир жылкы мууздап, аны түктүү сан кылып кескилеп кеткен.

Согуш 5—6 күнгө чоюлуп, жантай сарыбагышынан атактуу Кара Чолок Итийбас уулу 23-жаш чамасында бир күндө жекеге үч мертебе чыгып сайып алган. Жана темирболот, надырбек, тынай үч урук сарыбагыштын боз балдарын баштап, алардын алдына түшүп согушкан. Солтолордун күчүнүн кеткенин билип, бир күнкү согушта тынай манабынан Таштанбек Атаке уулу солтону мылтыктап жапырып, айылына чейин каптап барып, аткан октон үзүк туурдугу тешилип, катын-балдар чуркурап, солто айылын таштап, кача турган болгондо Бектен баатыр кайрат кылып, 300 чамалуу жигит менен туурасынан качырып чыгып, сарыбагыштын жапырыгын токтоткон. Жана да сарыбагыштар каптап, солтолор айылынан өтө кача турган болгондо Канай феодалдын байбиче катыны бүткүл айылдын ортосуна аркан керип, күңдөрдүн, катындардын дамбалын арканга илип, эркек болсоң согуш, катын болсоң дамбалды башыңарга кийе качкыла, биз бүткүл катын силердин тебетейиңерди кийе согушабыз дегенде, солтолор кайраттанып, кайра бура тартын, былчылдашканда солто, сарыбагыштан солтонун айылынын үстүндө жүздөп азамат кырылып кеткен. Жана да күчү кетип бара жатканда солтолор кеңеш кылып кушчу, саруудан жардамга кол сурап, Таластагы кушчу Жетим баатырдын баласы Бүргөп кош ат менен жигит чаптырган. Барган жигит Бүргөгө мындай деген: — Баякы сарыбагыш улумдугун, зордугун койбоду. Адыл деген баатыр жигитибизди казакка кармап берип өлтүрттү, ал үчүн сарыбагышка киили жибереек жооп бербеди. Акыры биздин балдар барып, бир топ жылкысын алып келсе рүткүл сарыбагыш көчө келип, элибизге согуш салып жатат, ошол"үчүн бүткүл Ай тамга солто тууганыныз жарда аскер сурап, мени чаптырды — дегенде Бүргө: "солто, сарыбагыш бир Тагайдын балдары эле, биз болсо "сол" тууганыңар элек, эки агайындын арасында бузукка катышып, бир жагыңарга болушуп баралбайбыз" дегенде, солтонун феодал жана манаптарынын тапшыруу боюнча барган жигит эшикке чуркап чыга өз атынын куйрутун чартасынын туура кырка турган болгондо, "барайын", — деп Бүргө кармап калган. Кыргыздын эски адетинде аттын көкүл куйругун кыркуу — укум-тукумубуз өмүр бою кыркылышып жүрөлү деген расим илгертеден боло келген. Бүргө 400 тандалма жигит менен келип, ак чатыр, көк чатырын Ысык Атанын күн чыгыш алкымына солтонун айлына жанаша тиккенин сарыбагыштар эртең менен көрө сала, Бүргөгө келип айткан:. "кушчу менен саруу анайын "оңго" калыс туугансыздар, мынчалык келип калыпсыздар, бизден дагы союшуңуздарды жеп жаткыла" деп айтканда, солтодон Канай тогуз ат жетелетип келип, бизге кошулуп согушуңуздар дегенде Бүргө унчукпай калган. Сарыбагыштар саруу менен кушчу калыс туруп бермекчи болду деп, солтону каптаганда солтонун колуна Бүргө менен кошо келген кушчудан, сабатар уругунан Тукал жана кайсы уруктан экени билинбейт — Букар баатыр деген баш болуп кошулушуп, "Айтамга солто!" жана "Каратал!" деп ураан чакырып каптаганда Бүргөнүн болушканың сарыбагыштар билген соң качкан. Бир далай малына, айылына карабастан кеткен. Жеңил үйлөп көчө келген сарыбагыштар көбү мал башы менен качкан. Качкан сарыбагыштын артынан куба келген солтолор Бурананын башына чыгып Караталдап ураан чакырганда, бүткүл саруу, кушчунун колу келип калган экен деп, сарыбагыштар андан бетер баш-аягына карабастан качкан. Сарыбагыш тымтыракай болуп жеңилип, бат алды быт-чыт болуп качып бара жатканда Бурананын күн чыгышында жайда к кара ат минген солто көрүнгөн сарыбагышты найза менен илип таштап келе жатканда, Дайырбек деген агасын сала берип, жогоруда ай­тылган жантай Карачолок баатыр солтонун капталынан качырып, ыргыта сайып, кара атын илип алып, агасына мингизип атын коштой жөнөгөн. Бул кара ат ат эмес, бээ экен. Анын куну кырк бээге чыгып, солто, сарыбагыш жарашканда кайтадан алып кеткен. Солтодон баягы Бөрүбай Жамансарт уулу сарыбагыш Желаргыдагы Бөрүбайга чейин сайын барган деген кабар бар. Бул уруштан кийин солточок деген сөздү сарыбагыштар айта албай калган. Солтолор көбүнчө Таштанбекти көзүп кубалап, колго тийсе өлтүрмөкчү болуп, бирок табалбай калган. Мынчалык кек кылган себебин төмөндө көрсөтөмүн.

Таштанбекти асырап алган Жообасар Таштанбектин 18-жашар чагында калмакка аттанып баражатып, көп киши Карагайда конуп жатканда, түн ичинде от жагып жаткан кемегенин жанында жаткан Таштанбектин кыраан итин жолборс "күп" деп басып калганда, элдин көбү чочуп чалкасынан кетишкенде Таштанбек оттогу таш тулганы ала коюп, жолборсту башка уруп жиберген. Жолборс итти таштап жиберип жүрүп бара жатканда Таштанбек куйруктан ала турган болгондо атасы Жообасар "ай, балам, итке теңелбе" деп, кармап калган. Эртең менен кандаган изин кууп барса, жакын жерге жолборстун өлүп калганын көрүп союп алышкан. Ошол сапар калмактан көп жылкы тийип алып, Таштанбектин шыбагасына тийген бээден бир кер эркек кулун туулуп, аны Таштанбек колдон чыгарбай багып жүргөндө, кийин ашкере күлүк болгон. Бул кер кулун өтө карып калган кезде сарыбагыштан кордук көрүп, Таштанбек солтого кире качып, мен сарыбагыш эмесмин, солто боломун деп көчүп барып жана Керкулун деген атына солтонун айтамгасын салган. Ошондон баштап, тынай уругу сарыбагыштын ынтымагы солто ичинде бөлөкбай менен болуп кеткен. Бөлөкбай, Тынай бир тууган деген сөз ошондон калган. Сарыбагыш менен солтонун арасы Адыл тууралу бузула баштаганда Таштанбекке солтолор келип, сен кандай кыласың, кокустан тууганыңа боор оорусаң эмитен айткын дегенде, Таштанбек мен өлсөм дагы солтодон ажырабаймын деп жооп берген. Сарыбагыштар баарыбыз бир дөөлөстөн тараган Манаптын баласы элек, чындап бизди таштап кетесиңби дегенде, Таштанбек ушул согушаар көктөмдө тууганы сарыбагышка кошулуп кет­кенде солтолор Таштанбекке көптөн көп кастарын тигип калган. Бүргө өлгөндө Канай бир далай киши менен барса, Бүргөнүн Акшербет деген кызы мындай деп кошкон:

Карагайдын как бутак,
Кайырып алган хан атам.
Сарбагыштан солтону,
Айырып алган хан атам.
Долононун топ бутак,
Толгоп алган хан атам.
Сарыбагыштан солтону,
Коргоп алган, хан атам.

ден кошкондо Канай феодал Бүргөнүн маган кандай пайдасы тийген экен деп алдындагы шырдакты бычак менен каршы-терши тилип, камчысың алып, аттанмакчы болгондо Акшербет кайтадан:

Сарыбагыштын балдары,

Солто келет дегенде,

Ычкырын чечип сийбеген,

— Сарбагыштын кыздары

Жалбыракка эчки сааса ийбеген, дегенде Канай күлүмсүрөп, ээ... баса ошондой эмеспи, деп отуруп калган. Сарыбагыштын айылын чаап, казан-аяктан тукулжурап калганда кээ бирөөлөрү жалбыракка эчки, кой сааган. Солтолор сарыбагыштын кээ бир кыздарын басымчылап кеткен. Бул уруштан соң солто кыргызы өзбекке абдан жакңндашып кеткенде, бугу, саяк, сары-багыштын күчү кеткен.

Ой-пикирлер