Кирүү

Түргөш тыйындары

Түргөш тыйындары Чүй өрөөнүн-дөгү шаар калдыктарынан (Акбешим, Шишдөбө), көбүнчө Ысыката районун Красноречка айыл өкмөтүнүн аймагындагы Красноречка шаар чалдыбарын археол. казуу убагында табылган. Түргөш тыйындары колодон жана жезден жасалган. Бул монеталар Үч-Элиг (699–706) Батыш Түрк кагандыгынын он ок элинин каганы наамын (титулун) кабыл алгандан соң чегилип чыгарыла баштаган, аверсте "түргөш – каган" деген жазуулар бар. Акыркы иликтөөлөр Түргөш тыйындарынын сапаты, жасалыш технологиясы кытайлардыкынан кем калбагандыгын тастыктайт. Түргөш тыйындары Суйабда чегилген. Кыргыз Республиканын мамлекет тарых музейинде сакталууда.

Ой-пикирлер