Кирүү

Камар ад-Дин

Камар ад-Дин – 1368–90-жылы Моголстандын эмири. Дуулат уруусунан. Мангалай Субеден ("Башкы аймак") түндүктөгү Сыр-дарыядан Илеге чейинки аймакты бийлеген. 1365–66-жылы тактыны ээлеп алуу үчүн бир тууганы Шамс ад-Дин менен бирге төң-көрүш уюштуруп, Тоглук Тимурдун уулу Илйас кожону өлтүрүшкөн. 1368-жылдан өз улусун биротоло өз алдынча бийлеген. 1371-, 1375-, 1383-жылы эмир Темирдин Камар ад-диндин улусун басып алуу аракети натыйжасыз аяктаган. Камар ад-Дин Алтын Ордонун ханы Токтомуш менен согуштук союз түзүп, Мавераннахрга кол салышкан. Ал ийгиликсиз аяктап, Камар ад-Дин Иртышка, Алтайдагы Түлөс аймагына качып барып өлгөн.

Ой-пикирлер