Кирүү

Россия колонизаторунун парганалык кыргызды каратканы. түн жак кыргызынан алынган кабар

Түн жак кыргызы менен Сырдайра (Ташкен, Чымкен, Түркстан, Олуя Ата) облусун, Самаркан облусун каратып, 1867-жылдаң баштап эл эсебин алып, кара жол салып, ар кайсы жерге бекет орнотуп, оторчу өкмөтүнө каяша берип, каш кайтарар киши калбаган соң бул жактан көңүлү тынып Алты шаар (Кашкар, Жаркен, Котон, Аксуу, Турпан, Бай, Куча, Карашаар)-калкына Жакупбек хан болуп, элди сурап, алардын согуш жарагы Заманына жараша жана маданий тарабы күчөп бара жаткандыктан, бир жагынан түн кыргызынан оторчуга карабайбыз деп бузук салып качып жүргөн киши болгондуктан, экинчиден, Кокон хандыгы менен Кашкар өлкөсү соода жана саясый жагынан кокустан биригип кетүү этималы бардыгынан көбүнчө Паргананын пахта жана чийки заттарына (сырьё) кызыгып, Кокон хандыгы өз ичинен бузулуп турган пурсаттан пайдаланып, түп максатын Индистанга жакыныраак чекти кеңейтмек үчүн Россиянын оторчу аскер 1875-жылында Парганага чабуул кылды.
Кокон хандары эзелтен көбүнчө кыргыз, кыпчактан боло келип, кийиз туурдук көчмөн кыргыз, кыпчак "таглыктан" болгон. Маселен, Малахан, Шералы хан, Кудаярхан ж. б. Булардан буруп кыпчактан Мадалы хан ж. б. болгон РОССИЯ КОЛОНИЗАТОРУНУН ПАРГАНАЛЫК КЫРГЫЗДЫ КАРАТКАНЫ. ТҮН ЖАК КЫРГЫЗЫНАН АЛЫНГАН КАБАР

Түн жак кыргызы менен Сырдайра (Ташкен, Чымкен, Түркстан, Олуя Ата) облусун, Самаркан облусун каратып, 1867-жылдаң баштап эл эсебин алып, кара жол салып, ар кайсы жерге бекет орнотуп, оторчу өкмөтүнө каяша берип, каш кайтарар киши калбаган соң бул жактан көңүлү тынып Алты шаар (Кашкар, Жаркен, Котон, Аксуу, Турпан, Бай, Куча, Карашаар)-калкына Жакупбек хан болуп, элди сурап, алардын согуш жарагы Заманына жараша жана маданий тарабы күчөп бара жаткандыктан, бир жагынан түн кыргызынан оторчуга карабайбыз деп бузук салып качып жүргөн киши болгондуктан, экинчиден, Кокон хандыгы менен Кашкар өлкөсү соода жана саясый жагынан кокустан биригип кетүү этималы бардыгынан көбүнчө Паргананын пахта жана чийки заттарына (сырьё) кызыгып, Кокон хандыгы өз ичинен бузулуп турган пурсаттан пайдаланып, түп максатын Индистанга жакыныраак чекти кеңейтмек үчүн Россиянын оторчу аскер 1875-жылында Парганага чабуул кылды.

Кокон хандары эзелтен көбүнчө кыргыз, кыпчактан боло келип, кийиз туурдук көчмөн кыргыз, кыпчак "таглыктан" болгон. Маселен, Малахан, Шералы хан, Кудаярхан ж. б. Булардан буруп кыпчактан Мадалы хан ж. б. болгон Кыргыз кыпчак Алымкулдун сөз аралашып, 1862-жылында адигине кыргызынан Алымбек-датка, Мундуз кыргызынан Дос, түрктөн Кудайназар болуп, 24-феврралда дүйшөмбүнүн түнү Малаханды өлтүрүп, ордуна 15 жаштагы Мураткан Сарымсак хан уулун хан көтөргөн. Мындан хандыкты Алымбек датка алып, Коконго хан болгон.

Бул кабарды катыны Курманжан датка угуп, Коконго келип Алымбек даткага: "Бул эл бузулган эл эле, Коконго хан болдум деп кубанып калбастан, кыргызга барып өз элиңизди сураңыз, мында турганда Кокондон тирүү кайтпайсыз", — дегенде Алымбек датка макул албаган. Курманжан датка: "Сиз тирүү келбейсиз, акыретте көрүшөлү, кош", — деп бура тартып жүрүп кеткен.

Мындан бир аздан соң Алымбек Кокондо, ордонун ичинде хандык кылып, катаган Кыдыр менен олтурганда кыргыз кыпчак Алымкулдун жигиттери Чотон менен Миңбайды жиберип күндүз өлтүрткөн. Таласта коён токойдо таякесинде жүргөн он үч жашар Шералыны алып барып хан көтөргөн. Анан соң анын Насырынбек деген баласын хан көтөргөндө аны кыргыз Болоткан өлтүргөн. Болотканды 1875-жылы орустун оторчу аскери өлтүрдү.

Ушинтип, Кокондо 1862-75-жылдарга жете беш-алты хан болуп, эли уруш-талаш, жанжал менен бирлиги кетип турган.

Алматыдан орус аскери Парганага жүрүп баратканда түн жак кыргызынан кан ичерлер Шабдан Жантаевге Далбай Баяке баштык 400 кишини алып кеткен. Кыргыздын максаты биринчиден, өзбекке мурунтан кыргыздын пайдасын тарткан үчүн андан мал-бул алмакка, экинчиден, баш кишилери орустан чен медаль алып, ошонун аркасында кедей-дыйканды эзмек болгон. (Бул 400 кедей-дыйканды бул жерде талап, алардын канын соруп, ошону менен жашаган залимдер Шабдан, Баякенин жигиттери болгон). Кашкар ханы Жакупбек келет деген кооп менен Атбашыга оторчулар 500 аскер койгон. Буларга жардамчылык кылып, азык-түлүк тамагын иреттемек үчүн канчалык кыргыз жигиттери менен Шабдандын бир тууган агасынын баласы Алагуш Мырзанын уулу турган. Орус аскерине жандыралы Скобелев баштык болуп кол алдында Куропаткин, Штакельберг, Гернибал ж. б. болгон. Аскер келе жаткан жолун бийик тоонун башынан миң чамалуу паргана кыргызы тосуп, алдындагы каптал жол менен орус аскери чубап келе жатканда тигилер жапырт таш кулаткан. Кулаган таштан өтө албай аскер токтоп калганда "кайтпа!" деп генерал команда берип, кылычын сууруп, ала каптал кыя менен чуу дегенде аскердин баары түктөп калып, артынан Шабдан жалгыз жөнөгөн. Буларга жамгырдай кулап келе жаткан таш тийбеген.

Генерал тоону кырдай жогору карап, алты атар менен аткылап чакырганда, кыргыз качкан соң аскер өткөн. Жетим хан деген бири 500 чамалуу аскер менен жатканда Шабдан баштык отуз киши капилет чукулунан камындырбай мылтык атып качырып чык-канда, тигилер абдан шашып, калып, уруша албастан быт чыт болуп бет-бетинен качканда Шабдандын Кулан деген жигити (уругу чертики) ат-тону менен аман-эсен Жетимханды кармаган, алып келип аскер баштыкка тапшырган.

Шабдан, Баякенин аракети боюнча Болотхан кармалып, аны орус аскери өлтүргөн.

Курманжан-датканы кармап келип, сурак кылып: "Балдарыңызды эмне учун качырдыңыз?" — дегенде Курманжан датка айткан: "Баланын өзүн туудум, акыл-кыялын бирге туубадым", — деген. "Балдарыңыз келеби, келбейби?", — дегенде: "Энеси желеде турса кулуну кайда кетмек эле", — деген.

Улуктар бир үйгө камап койгондо Шабдан сурап: алып, башка үйгө багып турган. Үч-төрт күндөн соң улуктар жакшы сөз менен коё берген. Парганалык өзбек, кыргыз, түрк, кыпчак урушуп, орус аскеринин күчү кетинкиреп турганда жедигер уругу кыргыздар: бизден башка бүткүл Тагай баласы оруска карады, биз орустун бетине калдык деп кенешип, оруска эркинче багынган. Жана да караңыз деп өзбектерге арачы түшкөн соң далай өзбек карап кеткен. Карабаганды согуш менен караткан. Карабаймын деп, Мамырбай Мергенбаев баш тартып качып калган. Өзбектердин ичи ала болгондуктан жакшы согуша албаган. Бирок Кожент мурун, 1866-жылында 12 күн согуш болуп, соңунда эртең менен түшкө жете катуу согуш кылып, эки жактан көп киши өлүп кетип, анан соң бети жок болгон үчүн өзү дарбазасын ачып берип караган.

Парганага барган феодал Шабдан жана бүткүл кыргыздын айтууңда Паргана өлкөсүндө кыпчактар беттешкен. Катуу согуштар болуп турган. Согуштар-да Шабдан кан ичер көбүрөөк аракет көрсөтүп, ишенимдүү болгондуктан 1875-жылында, август айында Букарага караган каратегиндикке (Тажикстан) элчи кылып жиберген. Шабдан барып, улугунун ордосунда кече кун жатып, эл ичи чоң бузук экен —.аларды жараштырган. Улугу Шабдан кетээрде: каратегиндин эли жарды, жери таш, кум экен деп айтып барыңыз, деп "түнгөндө Шабдан макул алып, кайтып келип айтканда ал жерге кошуун барбастан токтоп калган. Бул сапарга Парганага Кауфман, Черняев ж. б. бир далай чоң жандыраалы, полковниктер келип катышкан. Барган кыргыздар мындан бара жатканда жана кайра келе жатканда жолго жакын эл отряд келе жатат деп үркүп кетсе да Тогуз Торо, көбүнчө Нарын, Жумгал, Кетмен Төбөдөгү элди ат алуу, союш, отун, уй тик деп кедей-дыйкан чарбаларды аябастан талаган. Парганадан мал-мүлктү көп алып, аны олжо ойлобостон, көбү катын, кыз алып кайткан. Маелен, Шабдан, Балбай, Алагуш, Боронбай ж.б барган кыргыздан талоончулук зомбулукка жана кайратка мактоолуу болуп, көбүнчө тынай уругу эсептелген. Ошол чакта "таанысан. тынаймын, тааныбаан кудаймын" деп Шабдандын жигиттери айткан. Лабдандын полковник чен алмагына кийин 1883-жылында Александр III падыша болордо Ленинград, Москвада турган, мурун согушта жүргөн төрөлөр зор калалат кылып, чен жана медаль менен сыйлаган.

Паргананын оруска карагандыгың буга чейин кыргыздын оозеки кабарынан жаздым. Эми мындайча караткандыгын тарых китептеринен алып төмөндө жаздым.

Ой-пикирлер