Кирүү

Бишкек баатыр

Бишкек баатыр18-кылымдагы тарыхый инсан. Ал Жунгар, Ойрот баскынчыларынан кыргыз жерин коргоп, кыргыздын улуттук боштондук кыймылын жетектеген баатыр. Чаа – эски кыргыздын сөзүндө жаа, жебе дегенди билдирет. Асанбек Стамов боюнча: Чаа баатыр Солтонун кичүү уулу. Солто бийден – Култуу, Күнтуу, Чаа. Чаанын ар кайсы аялдарынан Бөлөкбай (Каракчы), Талкан, Жоочалыш, Тата деген уулдары болот.Эр Эшим эки-үч жылга манжуржунгарга каршы жоолашып кеткенде Турсун кан ошол жылдары кыргыздарды башкарган. Эр Эшимдин элин талап, бүлүнтөт. Ачууланган кыргыз-казактын каны, уруусу саруу Эр Эшимге кошулуп Чаа оң колу катары Ташкен каны катаган кан Турсунду 1623-ж. (Ч. Валихановдо 1630-ж.. М. Тынышпаев боюнча 1629-ж.) чапкан каңлы, катаганды Эр Эшим башкарып калат. Эр Эшим жездеси саяк Түгөлдүн Шарпкула күлүгүнүн күчү үчүн кан Турсундун бир кызын Түгөлдүн уулу Маңгытка берет. Андан саяк ичиндеги катаган уруусу тарайт. Турсун кандын иниси Шамейдин 9 жашар баласы Алакчын менен кошо колго түшкөн дагы бир кызды саруунун Тубай баатырынын уулу Муратаалы асырап алат. Андан Таластагы саруу ичиндеги алакчын уругу тарайт.

Алакчын түпкү насили боюнча эски катаган. Кыргыздын Кайдоол баатыры туткундагы кан Турсундун келинин Чаа алат, ал олжо катынынан Жоочалыш болжолу 1624-30жж. туулат. Жоочалыштан Бишкек. Ошол заманда солто, сарыбагыш уруулары ата конушу Чүй, Көл, Теңир Тоону таштап Жуңгар калмактардан качып, түштүктө Наманган, Аксы, Ала Бука, Таш Көмүр ченде кыштагандыктан Бишкек баатыр 1700-ж. Ала Бука, Аксы аймагында туулат. Талкан, Тынай бийлер Ала Букадагы Сафит Булаңда турушкан. С. Аттокуров боюнча: качканда солтолор үчкө бөлүнгөн. 1-Ферганага, 2-Кара Тоого, 3-Тогуз Торого. Качкандарга сарыбагыштын бийлери жетекчилик кылган ("Кыргыз санжырасы", – Б.: 1995. 14-15-б.). Н. Пантусов Жети Суу тарыхын изилдеп казак-кыргыз тили бир тил деп эсептеп аны 1880ж. Казандан китеп кылып чыгарган жана Бишкек жөнүндө жазып, аны 1876-ж. "Түркстан ведомостуна" чыгарган. Н. Пантусов Бишкек баатырдын Бишкектеги сөөгү коюлган күмбөзүн көрүп, мындан 100 жыл мурун жашаган деп жазат. 1903-ж. архитектор Б. Смирнов Бишкектин күмбөзүн карандаш менен сүрөткө тартып алып китептерге чыгарган. Эсенгул Төрөкановдун "Кыргыз санжырасы" боюнча: Бишкек Жоочалыштын кичүү уулу Кенендин 45 жашында алган токолу Кувулдан туулат. Толгоосу келгенде Кувул эне сабаа бышып отурган болот. Ошол Кувул эне "Олжобай менен Кишимжандагы" Олжобайды өлтүргөн жедигердин Кудакесинин кызы экен. Кенен өлгөндөн кийин Кувул сулууну Белектин уулу Көңүл алыптыр. С. Абрамзондун ("Труды Кыргызской археолого этнической экспедиции" – М.: 1960.)

Жоочалыштан – Кенен, Белек. Кененден Көңүл. Көңүлдөн Бишкек деген сөз ушундан улам чыкса керек. Ойрот калмак баскынчыларын кыргыз-казак жеринен кууп чыгуу 1733-ж. уюшкандыкта өткөн. Балкаштан бери Аңыракайда аларга катуу сокку урулгандыктан алар Жунгарияга качкан. Жуңгар ойротторго каршы согушту солтодон Талкандын уулу Кошой бий, сарыбагыштан Маматкул бий, саруу ичиндеги алакчын (катаган) уругунан Бердике берен, саяктан Эр Садыр, Качыке баатырлар башкарган. Бул согуштарда Жайыл, Нышаа, Бишкек, Болот, Кедей, Атаке, Жанболот, Момокон, Жамансарт, Көккөз, Андагул ж.б. баатырлардын аты чыккан. 1733-ж. Аңыракай майданында отуздагы Бишкекке "туу жыгар" наамы берилет. 1745-ж. Жуңгар калмактарынын ыркы кетет. Галдан Церен өлүп, балдары Даваци менен Су такты үчүн күрөшөт. Галдан Церендин жээни (түбү казак) Эмирсана манжурлардан кол сурап Иледеги Геден Шань тоосунда 1755-ж. контайжы Давацинин 8 миң колун жеңип империясын биротоло талкалайт. 1703-ж. Петр I нин элчиси орус капитаны Унковский калмак кандарына элчи катары Иле боюна келгенде Ысык Көлдө 3 миңден ашык кыргыз бар экен деп жазат. Бугу жана кээ бир уруулар Ат Башыдан бери Кабак, Жумгалга чейин мекендеген.

Калмактар бугунун Белегин (бугулардын көбүнүн энелери калмак) кыргыз тайпасынын каны деп атап, ошол аркылуу башкарып турган. Б. Солтоноев, Балайылчы, Чоңайылчы боюнча 1747-56-жж. Талас, Чүй, Көл, Теңир Тоо кыргыздары Кошой бий, Мааматкулдар Кетмен Төбөгө көчүп келишип Чүйдөгү калмактар менен күрөшүп атышкан. 1755-ж. 85 жаштагы Кошой бий өлүп эл көчпөй калат. Солто, сарыбагыш, кушчу, саруулар 1756-ж. ата журтуна биролото келишет. Аман келишкени үчүн ошол жылы Кошойдун уулу Жамансарт бийдин Жакшылык деген аялы эркек төрөп атын Эсенаман коюшат (О. Сыдык уулу. Б. Солтоноев боюнча). Бишкек Аламүдүн өрөөнүндөгү Чуңкурчак жайлоосун ээлейт. Бишкектин уулдары Баймурат, Манаккозу, Манапбай, Жорго, Рыскулдар Аламүдүндөгү Төрткүл (1959-ж. салынган Ысык Көл кинотеатрынын орду) деген түзөңгө 1760-ж. конуш алып ылайдан там салат, жол тарткан соодагерлерге Кытай, Индия, Самаркан, Ташкен, Иран, Кавказга өткөндө Бишкектен өргүү алып, эс алсын үчүн кербен сарай салат. Устакана курат, жер иштетип, жемиш багын тигет, бакча айдайт, чөп чаап, дан өстүрөт.

Канал каздырат, дарыя нугун буруп "кара буура байлап" суу бөгөп ирригатор болот. 1800-ж. бул жерге жер иштеткен "арка сарттар" пайда болот. 1825-ж. Кокон кандыгы буерге Бишкек чебин салса, 1878-ж. Россиянын карамагындагы Жети Суу областында Пишпек уездик шаары болгон. Бишкектин шаар болушуна Бишкек баатырдын көп өнөрлүү болуп, ал жердин гүлдөшүн шарттаганы болуптур. Анткени, Кошой бийдин тапшырмасы менен Бишкек 15 жашында соодагерлер менен көп жерлерди кыдырып, түркүн курулуштарды көргөн. Оренбург шаарына барып Уралда 8 жылча жүрөт. Ал жерде Петр I курдурган темир иштетүүчү далай заводдор бар. Кыпчак, каңлы, татарлардан темир иштетүүнүн түркүн сырларын үйрөнүп, соодагерлерден көп пайда түшөөрүн түшүнөт. Оренбургдан элге сапаттуу курал-жарактарды, ок-дары, мылтыктарды, темир буюмдарды (чоюн казан, тулга ж.б) берип турган. Бишкек турмуштан эрте көзү ачылгандыктан, өтө сөзмөр, чечен, акын дагы киши экен. өзү жөнүндөгү кошокту тирүү кезине эле кыздарына үйрөткөн. Бир чети өзү согуш өнөрүн билген айлакер, баамчыл болот.

Калмактар менен согушканда Майлы Сайдагы жер үстүндө көлчүктөп турган нефтинин үстүнө от тийсе күйөрүн билип "кара майды" чаначтап ташытып, согуш ишине пайдаланыптыр (Кубанычбек Маликов, А. Куттубаев боюнча). Темир таякчалардын учуна жүн ороп алып, аны кара майга малып душманга от коюп жөнөгөн. Караңгы көчмөндөр ат жалында күйүп бараткан алоо отту көрүп, калмактар ал жерлерден түнү токтобой качышчу экен. Бишкек Нышаа, Мааматкул бийдин уулдары Көккөз, Андагул (Кыркуул), Курманбек баатырдын уулу Сейитбек жортуулдарда чогуу жүрүшүп, душмандарды далай жеңишкен. Бишкектин токолунан төрөлгөн кызы Набатканга куда түшүп Ак Талаадагы саяктын баатыры Жанболоттун уулу Ырыскул бий үйлөнөт. Андан Атантай, Тайлак баатырлар төрөлөт. Кийин таякелери Тайлактын Кержоргосун сурап барышса, бербей коюп таарынышкан. Бишкек өлөрүндө солтонун манабы Түлөберди баатыр анын күлүк кашкасын сурап барса "тияктан өзүм минем" деп бербей коёт. өлгөндө өзүнүн ошол күлүгү чыгып келген, сөөгү Төрткүлгө коюлуп күмбөз тургузулат.

Ошол күмбөз мазарга айланып, эл сыйынган, ал 1959ж. бузулуп, түздөтүлүп, ордуна Ысык Көл кинотеатры салынган. Бишкектин тукумдары Аксы, Ала Бука, Сары Челек, Токтогул, Кара Көл, Ысык Көл, Бишкекте 300 түтүндөй, Жумгалда 60, Сокулукта 60 үй-бүлө бар. Бишкекти А. Токомбаев, А. Осмонов, Т. Сыдыкбеков, А. Куттубаев, Ш. үмөталиев, Ч. Валиханов, М. Тынышпаев, С. Абрамзон, Б. Солтоноев, Н. Пантусов, Э. Төрөканов, өзгөчө А. Стамов терең изилдешкен.

Ой-пикирлер