Кирүү

Текеске качкан эл

Текеске качкан эл
Жогоруда кыдырбаштык арык тукуму көтөрүлүшкө кошулбай Кытайга качканын көрдүк. Көлдөгү саяк, бугунун жартысы Текеске качкан. Көлдөн 27, 28, 29-августтарда жалпы кеткен, жалгыз Актескейдин көчүгүндө Улакол элинен саяктан Жийдебай ажы ичинде 300 чамалуу түтүн калган. Эл качып бара жатканда арттан бирин-серин көчкө жетип баралбай жаткандарды ужуктар өлтүргөн. Эл жапырт чектеги Жузарт суусунун боюна барганда артынан 500-600 казак-орус жетип, алдындагы кырдай тосуп турган кыргызды замбирек менен эки мертебе аткан. Кыргыздар Музарттын суусуна жакын калганда, кечке маал тамак бышырып жатканда казак-орус келе жатат деген кабарды угуп, тамак-ашка карабастан, күн батарда жапырт барып, кечүү жок жерден кечкенде нечен бала, катын-кыз сууга агып кеткен. Суудан өткөн кыргыздардын алдынан кара калмак тосуп, көчтү өткөзбөй талаган. Катын-кыз, мал-мүлктү ала баштаганда кыргыздар калмак менен согушкан. Калмактар чыдай албай бир нече кишиси өлгөндөн кийин качкан. 60-70 кыз-келин түшүп кеткен. Кыргыздын көбү түн катып көчүп олтуруп, таң атканда Агиязга жеткен. Калмактар бириндеген кыргыздарды талап турганда мурунку Текеске барып, Кытайга букара болуп турган. Кыргыздар келгенде калмактар талаганын койгон. Саяктардан Ырысалы Талканбай уулу орус менен.

Кытайдын. чегинде Нарынколдо көч алды болуп жалгыз көчүп бара жатканда ,кашында эки бойго жеткен карындашы, катыны жана айырмачта бир баласын ээрчитип келе. жатса, он чактуу калмак келип бир карындашын ала качканда Ырысаалы эки калмакты жыга чаап, карындашын куткарып алган. Ырысаалынын жалгыздыгын билген соң калмактар кеч курун камай баштаган. Качырып келе жаткан калмактын биринин башын жара атып өлтүргөн. Калмактар аты-шып жаралуу болгондо Ырысаалы менин шайманым кетти, кайта көчкө чапкыла дегенде, бир карындашы көчкө карай чапкан. Көчтү көрө салып калмактар өлүгүн алып качкан. Көч келгенде. Ырысаалы өлгөн. Кыргыздын алдынан дагы Кытай аскери өткөрбөскө чектен тосуп, бир тарапта калмактар талап, артынан казак-орус камап, жатып калганда алыстан качып арып-арып барган бугу-саяк, ачкалыкка дуушар болуп, чыдай албастан жашынып, уурданып, Кытай жерине качып өткөн. Кытайга баргандар мал-мүлкүнөн ажырап, тамак алып ичишке расходу түгөнүп калып, кыздарын уйгурга, дунганга, калмакка сата баштады. Дунган экен деп билбестен, кытайга саткан да болду. Кытайга бырышка чектен өтө албай калган кыргыз кайта көчүп, Музартта жатып, же Кытайга, же Россияга жете албай камалып ачкадан, сууктан өлгөндөрү көп болду (2 миңге жакын киши өлгөн). Кайта көлгө качып келгенди мужуктар өлтүргөн. Итке талатып өлтүргөн дагы болгон.

Ой-пикирлер