Кирүү

КМШ. Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги

Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биригишип,КМШнын түзүлгөндүгү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, СССР жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М. С. Горбачев, 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

Шериктеш мамлекеттердин максаттары жана принциптери төмөнкүдөй аныкталат:КМШ өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамл. же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес; анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер тарабынан түзүлгөн келишимдерде макулдашылган тартипте паритеттик (теңдик) принцип боюнча ишке ашырылат; эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр боюнча бириккен командалык жана ядролук курал боюнча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамл. болууга умтулган өлкөгө урмат-сый менен мамиле кылышат; КМШга башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алышат.

КМШнын негизги кеңешүүчү жана координациялык органдары – шериктеш мамлекет башчыларынын кеңеши, өкмөт башчыларынын кеңеши, секретариаты, мамлекеттер аралык экон. комитет, экономика, сот, мамлекеттердин парламент аралык ассамблеясы, коргоо министринин кеңеши, тышкы иштер министрлеринин кеңеши, космос боюнча мамлекеттер аралык кеңеш, коллективдүү коопсуздук келишими ж.б. коомдук турмуштун чөйрөлөрүн камтыган уставдык органдар, уюмдар болуп саналат.КМШ өлкөлөрүнүн кээ бирөөлөрү өздөрүнчө бир кыйла тыгыз, терең байланышкан союз түзүүгө да аракет кылып жатышат. Мисалы, Россия, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан биргелешип бажыкана союзун түзүштү. КМШдагы Орто Азия респ-ларынын да өз ара байланыштары өнүгүүдө.

Ой-пикирлер