Кирүү

Куртка чеби

Куртка – Кокон хандыгынын Теңиртоо аймагындагы чеби. 1932-ж. Айгыржал деген жерде, Нарын дарыясынын оң куймасы Куртка суусунун боюндагы бийик секиге тургузулган. 19-кылымдын 30-жылдарынын башында Кокон хандыгы Борб. Теңиртоого баскынчылык жортуулдарды уюштурган. 1831-ж. кокон аскери Нарын дарыясын жээктей жайгашкан кыргыз айылдарына кол салган. Кийинки жылы бул аймакка Хаккула колбашчылык кылган кокондук 7 миң аскер келет. Көптөгөн куралдуу кагылышуулардан кийин гана баскынчылар Нарын аймагында өздөрүнүн үстөмдүгүн орното алышкан. Жергиликтүү калкты көзөмөлдөп жана салык жыйнап туруу максатында кокондук аскерлер үчүн жайгашкан чептер курулган. Нарын тараптагы ошондой чептердин чоңу Куртка чеби болгон. Чептин уз. 200 саржанга жетип, үч тарабы дубал менен курчалып, бир тарабы дарыяга такалган. Куртка кокондуктардын Теңиртоодогу негизги таянычы, башкы чеби болгон. Чептин бегине бул аймактагы башка чептер баш ийген. Чепте 1000ге жакын кокондук сарбаздар турчу. Курткадагы бекке кыргыздар түрдүү салыктарды, анын ичинде улфан аталган салыкты – 10 кап буудайдан 1 кап буудай жана зекет – 80 койдон 2 кой төлөшчү. Мындан тышкары кыргыздар Кокон бегине жорголорду тартуулап турууга милдеттүү эле. Чептин соода түйүнү катары да мааниси зор болгон. Куртканын базарын-да кокондук, кашкарлык соодагерлер те-ңиртоолук кыргыздар м-н алака кылышчу. 1863-ж. Куртканы орус аскери ээлеген.

Ой-пикирлер