Кирүү

Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы

Кыргыздын калмактан жылкы алып, айылын чаап турганы

Кыргыздар ичте казак менен чатакташып турса, күлүк аттуу, идердүү жигиттери эң азында жүз кишиден болуп куралып, калмактан жылкы тийип, айылын чаап, башын олжолоп турган.

Болоттун Эсенкул деген соргуч баласы (сарбагыш) 300-жигит алып аттанып барып калмакты Тарбагатай деген жерден элин чаап, жылкысын тийип алып келе жатканда, артынан көп калмак жыйылып куба чыгып, Иленнн күн жаккы тоосунда катуу согуш болуп, согушта Эсенкулдун Кожомшүкүр деген иниси өлүп калып, анын сөөгүн арык тукумунун (бугу) Итала деген күлүк аты менен согуш үстүндө калың калмактын арасынан Эсенкул эңип алып, качып кутулган. Бул урушта бугу, сарбагыштан 37 киши өлгөн. Кечке жакын качып бара жаткан жигиттерден бир жүз чамалуу жараланбаган эр жигиттерден ылгап алып, жолдун туурасынан бугуп туруп, калмактын бир далайы качкан кыргызды кубалап өткөндө Эсенкул баштык бугу, сарбагыш качырып чыгып калмакты кырып таштаган. Көп карыянын токтолгон кабарында 370 калмак өлгөн. Кыргыздар кайтадан калмакты элине жете сайып барып, көп мал алып, 20—25 сулуу кызкелинди олжолоп алып, "мен аламын", "мен аламын" деп жаңжал чыгарганда, Эсенкул "камчы карматкыла, кызкелиндин кармаганы кимдин камчысына түшсө, ушул алсын" деген, Камчысы түшкөн кызкелинди алып таращкан. Ушул колго түшкөн кыздын бирин алган бугу кыргызынан арык тукуму Кыдырдын чон атасынын атасы Олжобай баатыр. Бул кыз артыкча кошокчу болуп. Эсенкул өлгөндө анын кошкон кошогу:

Жөлдүсүнө жүздү алган, Олжосуңа кызды алган. Октон кайра тартпастан, Өбөлгүгө узду алган. Ойрот менен кыйрашып, Эрдигине бизди алган. Ажал чиркин аткан ок, Акыры сокту бу жалган.

Бул узак кошок болуп, замандын озуу боюнча көбү унутулуп кеткен. Эсенкул заманында арка кыргынын (кабарлардан кан Садыр болбосо) биринчи кишисинен саналган, мунун кылган баатырлыгы төмөндө көрсөтүлөт. Өзүнө теңтуш молой уругу сарбагыштан Рай дегенбаатыры болгон.

Кыргызда макал бар: "эгерде катыны жаш болсо,. камчысы жакшыга түшкөн" экен деген. Ушул макал боюнча Эсенкул камчы карматса керек. Сарбагыш кыргызынан, жантай урутунан Ажыгул, Бешкемпир жана Боктубай үчөө бир нече жыл Текес, Жылдыз, Күнөз. Тарбагатай жана Алтайдагы калмактан Ибике, Инжим, Жакам, Сенкилтай, Мадыхан деген туушкандарын издеп жүрүп табалбаган. Калмактын ханын көтөргөндө түшүп кеткен кишилерин издеп, мындан барган кыргыздар анда барып колго түшкөн кыргыздын бир далайын таап алганда алардын өздөрү жана катын-балдары ыйлашып көрүшкөндө калмактын улуктары көрүп, ырайым кылышып, буларды азат кылган. Мунун ичинде жогоруда айтылган Ибике, Инжим, Жакам, Сенкилтай, Мадыхан дагы болгон. Жана да бугу кыргызынан Тынымсейит уругунан Шопок бирге болуп, буларды алып келип, солто кыргызы Үкү багып турганда (сыягы, калмакка барган кыргыздардын баштыгы солтодон болсо керек) Ибике баштык жакын тууганын, жогоруда айтылган Боктубай таанып, бул кишилер менин бир тууганым деп касам берип, злине ээрчитип кеткен. Бул беш агайың кишилердин тукуму азырында беш калмакы аталып Чүй району, Чоң Кеминде турушат. Жогоруда айтылган Боктубай, Бешкемпир деген бир тууган инисин, дагы бар далай жолдош алып. эки бир тууганын калмактан дагы бир далай жылы издеп жүрүп табалбастан кайта келе жатып, калмактан жылкы алып, калмактар уруша чыгып, кыргыз жеңилип калып, башка жолдоштору өлүп кетип Боктубай, Бешкемпир жана бир жолдошу үчөө бир ат менен качып кутулган. Бир канча күнү ачка жүрүп баткак жеп, Көкчолок деген атынын эки кулагын бышырып жеп, кара санынан кан алып бышырып жеп, үчөө бир атты алмаксалмак минип жүрүп отуруп, акыры Боктурбай менен Бешкемпир жолдошун өлтүрүп этнн жеп, ошону менен элине жетишкен.

Бугу кыргызынан, бапа уругунан Садык баатыр деген бугу сарбагыштан 200-жигят алып, калмакка аттанып барып, Иленин түн жак тоосунан өтүп, нары барганда күн жагы бийик тоо, түн жагы көз жеткис талаа болуп калганда тор башына жолдошторун таштап, өзү Кыркмачкер деген күлүк аты менен кечинде жер чалып кетип, күн чыгарда келип, мындан ары жол ээн экен деп, күнүтүнү жол жүрүшүп, калмактын айылына жетип мин жылкы жана бир далай кыз-келин алып кайткан, Ошол олжого түшкөн кыздан бир кызды бугу Бирназарга бергенде аны Жылкы айдар деген жылкычысына алып берип, андан Тилекмат туулуп, андан атактуу манап Чыныбай жана башкалар туулган. Ушул чабуулда колго түшкөн калмактар кыргыз болуп, калганынын тукуму 30 түтүндөн, артык болуп, анын көбү 1916-жылындагы бузукта кырылды.

Сарбагыш кыргызы, жантай уругунан Көзөкөнүн Тыныбек деген уулунун Ажыгул баштык беш бир тууган балдары калмактын колуна кетип, анын малын. багып, жан сактап жүргөн. Калмакка түшкөн кыргыздар астыртан кабарлашып, ар жерден жолугушуп качып жатканда башка жерде калмакта кызмат кылып жүргөн эки иниси кабарсыз калып, Ажыгул эки иниси, бир карындашы менен качып келе жатып, түн ичинде жашынып от жагып тамак кылып жатканда кадмактын кароолчулары от улап келип, Ажыгулдун инисин атып өлтүргөндө Ажытул мылтыгын ала коюп атышууга камынганда, карындашы баарыбызды кы­рат деп чыркырап кармап калып, отту дароо өчүрө сала качып чыккан. Карангыда кайда кеткенин калмактар билбей калган. Ажыгул калган бир иниси жана карындашы менен бир далай жерге келгенде инисине чечек чыгып, аны багышып, бир туюк чердин арасына жатып калышкан. Бир нече күндөн соң иниси: "Кокустан тукумсуз болуп калабыз, суук түшө электе элге кетүүгө камынгыла, суунун жээгине чөп алачык кылып берип, жанына көп отун коюп, оттук бычагымды таштап жана чөп таш үйүп коюп, өзүңөр кеткиле, эгерде издеп келип калсаңар өлгөн болсом, таш үйүлгөн боюнча калар, тирүү болсом ташты чачып кетейин, ошондон билерсиңер" — деп, тигиле айтканындай кылып, Ажыгул карындашын ээрчитип кыргызга бет алып жүрүп кеткен.

Ажыгул кыргызга келип, карындашын солтонун айрыкком уругуна берип, өзү саруудан катын алып, андан Итигул жаңыдан туудганда жантай уругу Бердике деген балага. катынбаласын тапшырып, менин айтканым — балага мылтык атканды үйрөткүн деп, өзү чечек чыгып калган бир тууганы жана калмакка калган эки бир тууганын издеп жүрүп кеткен. Чечек чыккан инисине келсе, үйүлгөн таштан бири калбастан чачылтан. Андан ары калмакка барып, үч инисин Алтайга жете тогуз жыл издеп жүрүп табалбастан, эч кабарын билбестен кайта келген. Келсе Ажыгул өлгөн экендеп түңүлүп, катынын Бердике бала алган. Өз балаңызды таанып алыңыз деп, Итигулду көп балдардын арасына аралаштыра койгондо, өз баласы Итигулду таанып алган. Ошондо Итигул 9-жашта экен.
Бул Ажыгулдун тукуму Чүй району, Чоң Кеминде болуп, бир жүз чамалуу түтүн азырында ВКП(б)нын партиясында Термечиков, Жумабаев. Фрунзедегижызматчыдан жана совет кыргызынын биринчи совет акыны болуп таанылган Аалы Токомбаев.

Бир кабарда мындан соң дагы Ажыгул калмактан туушкандарын издеп барып табалбастан, агайын-туугандары жогоруда айтылган Ибике, Инжим, Жакам, Сенкилтай, Мадыханды таап ээрчитип келген. Ошол уйгу-туйгу аламан заманында Алтайдан калмак сүрүп келген 4000 түтүн кыргыздын Иле менен Таластагы чачырандысынан Ала-Тоодогу кыргызга келип туруп калгандары дагы болгон. Бирок алардын тукуму баланча; деп эч ким билбегендиктен айталбайт. Алыс жолдон калмактан тентип келген оң-сол кыргыздан үчжүз кишини солто кыргызынын үкүуругунан Ногой деген киши Карабалтанын башына бир жыл чамалуу багып турган.

Казак, каратегин жана өзбекке сиңип кеткен кыргыздын бүткүлү дээрлик келбестен анда туруп калган. Кашкар менен Турпанга кеткендери дагы болгон. Кайсы элден болсун кайтадан элин-жерин издеп, биринсерин келе жаткандын көбү жолдо ач-жылаңач болуп көп өлгөн, сенделип жалгыздап келе жатканда карышкыр жегени да көп болгон
Сарбагыш кыргызынан жантай уругунан Каратермечик (Айуке) баш болуп көп киши Иленин башына барып, калмактан жылкы тийгенде калмак уруша чыгып, кыргыздар: "Эртеден кечке чейин кара жер качса да, Каратермечик качпайт" — деп, Каратермечиктин жолдоштору качканда өзү атышып жатканда Каратермечикке ок тийип өлгөн. Жолдоштору келип Итийбас деген агасына угузганда, ал "өзүм болсом өлтүрөт белем" — деп сакалмурутун жулуп жатып өкүргөн. Чамасы 1770—75-жылдарга болгон.
Калмак менен кыргыздын. көбүнчө бугунун ортосу орус оторчусуна кыргыз караганга жете бузулуп жүрүп, тынбастан жылкы алып. айыл чабыш, катын-кыз олжолоп алуу болуп, муңун арты 1865—66-жылдарда тыйылды. Мындан соң дагы бугу, саяк кыргыздарынын бирин-серин барып, калмактан жылкы уурда алуу, 1916-жылындагы кыргыз бузугуна жете болуп турду. Ушул себептен качып барган кыргыздын малын-мүлкүн, катын-кызын Текес калмагы талай баштады.

Ой-пикирлер