Кирүү

Кыргыз элинин эл аралык жана аскердик мамилелери тарыхынан

Бул макаланын башына тема катарында коюлган маселеге тар мааниде кароого болбойт. Эл аралык мамилелерди тар алкактын чегинде түшүндүрүү туура эмес болор эле, ошондуктан мен Чыгыштын эл аралык мамилелеринин тарыхында кыргыз элинин ордун жана ролун аныктоо милдетине керек болгондон бир аз кеңирирээк токтолмокчумун.

Азыркы, айрыкча советтик тарых илими тарыхый процесстерди чектелүү түрдө кароодон баш тартты. Маркстик-лениндик историография (тарыхграфия) чоң маселелердин туура чечилиши аларды эл аралык масштабда кеңири кароого байланыштуу болорун көрсөттү. Бул тезис Батыш тарыхы үчүн кандай туура болсо, Чыгыш элдеринин тарыхы үчүн да ошондой эле туура, анткени байыркы айрым мезгилдерде Батыш менен Чыгыштын мындай байланыштары бир канча жолу кыйын-кыстоо мамилелерди башынан кечирген.

Ырасында да, б.з. IV—V к. болуп өткөн Чыгыш менен Батыштын кул ээлөөчүлүк системасынын кризиси, б.а. Кытайдагы Хан жана Цзин династияларынын, сасанилер Иранынын, Жер ортолук деңиз бойлорундагы антик кул ээлөөчүлүк системанын кризиси Элдердин улуу көчү деген аталышта белгилүү болгон көчмөн уруулардын кыймылы менен бир катар жүргөн.

Кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн кыйрашы жана феодалдык түзүлүштүн пайда болушу — Пекинден Лютецияга чейинки, Чыгыштагы 380-жылдардан Батыштагы 470- жылдарга чейинки мезгилдеги бир бүтүн дүйнөлүк процесс болгон сыяктуу, Элдердин улуу көчү да Улуу кытай дубалы ченден башталып, Борбор Азия менен Жети-Суунун талааларында жетилип, Тянь-Шандан Пиренейге чейин созулуп кеткен, ал кыймыл б.з.ч. 55-ж. гунну шанүйү Чжи-Чжинин жетекчилиги менен башталып, 453-ж. ошол эле гуннулардын шанүйү Атилла менен аяктаган.

Азиянын тарыхында анын кайсы бир бөлүгү же анын кайсы бир эли толук түрдө тарыхый процесстен жана эл аралык мамилелерден сыртта калбаган бир да мезгил болбогонун унутуу жарабайт. А түгүл 1904-жылдагы Англиянын Тибет менен келишими сыяктуу жасалма чарадан улам, Руирдин пикири боюнча, Тибет "элден безип жалгыз калган мамлекетке айланып, ал өзүнүн ушундай аракетсиз абалында жашоосун уланта берген" учурда да, чындыгында ал келишим Тибетти андай абалда жашоого матап тура алган эмес: Тибеттин теократиялык бийлиги жана анын ргиальпосу (сөзмө-сөз — "рухий падышалары") ламаизм аркылуу Лхасадан Азиянын көптөгөн элдеринин жарандык бийликтерин рухий жактан нечен жолу башкарууга жетишип турган. Жаңы тарыхты айтпай эле коёлу, байыркы жана орто кылымдардын тарыхы кеңири эл аралык мамилелер жөнүндөгү биздин тезисибизге сан жетпес көп ырас- тоолорду бере алат.

Чыгыш элдери калыптанып, алгачкы уруу союздары түзүлүп жаткан мезгилдеги Чыгыштын тарыхый терең байланыштары азыр жетишерлик ачык байкалууда. Азыркы изилдөөлөр Чыгыштын меридиан боюнча этногенетикалык байланыштары болгонун көрсөтүүдө. Чыгыш Урал уруулары өздөрүнүн түпкү тегинде арал-каспий звеносу аркылуу Афганстандагы Гильменд көлүнүн аймагы менен гана байланыштуу болбостон, Ява аркылуу Малай архипелагына чейин жеткен, ал эми маселенин чечилиши жана проблеманын башаты австралотаануу этнографиясында жатат. Жак де-Морган Египеттин династиялык доорго чейин Алдыңкы Азиянын зор таасири астында калыптанганын талашсыз далилдеди, ал эми ошол эле Алдыңкы Азиядагы хетт урууларынын тили, өзүнө окшоштукту Н. Я. Маррдын изилдөөлөрү боюнча, 19 к. Кастрен, 20 к. Анучин тарабынан изилденген Сибирдин палеоазиялык тилдеринен таап отурат.

"Улуу жибек жолу" Кытай менен Римди гана байланыштырып тим болбостон, алардын ортосунда жаткан ондогон элдерди — байыркы Синьцзяндагы шаарамлекеттерди, Тянь-Шандын көчмөн урууларын, Согдунун бекемделген конуш жайларын, тиштүү дубалдары бар Парфия менен Иранды, Кичи Азиядагы Дур, Индиядагы Таксил тибиндеги эллиндик Азиянын кийинки шаарларын ж.б. д.у.с. байланыштырып турган. Бул "жибек" жол соода жолу гана болбостон, ошондой эле байыркы элчилердин да, биринчи кезекте кытайлык элчиликтин — б.з.ч. II к. Чжан Цзяндан тартып б.з. 7 кылымындагы Сюань Цзанга чейинки элчилердин жолу болгон. Бул эл аралык мамилелердин да жолу болгон. Ал бир катар жүз жылдар бою былкылдабай тура берген, кийин Элдердин улуу көчү түндүгүрөөк ченден өтүп, өз ара мамилелердин жаңы жолуна негиз салган. Атилланын ата-бабалары Сыр-Дарыяны бойлой кеткен, кийин алардын артынан согдулуктар (Крымда Судак оторун калтырган) Крымга чейин жеткен жол менен кийинчерээк батыштан элчилер келе башташкан: 6 кылымда түрк каганына Византиядан Земарх, 13 —XIV кк. Рубрук, Марко Поло, Плано Карпини, Клавихо ж.б. келишкен. Ушул эле жол менен Азияга Россиянын темир жолу созулуп, Ленин айт1сандай, бул аймакты капитализм үчүн биротоло ачып берген. "Жибек" жолуна караганда Түндүк маршрут азиялык саясаттын эйкуменин кеңейтип, түндүк урууларын түштүгүрөөктө жүрүп жаткан жигердүү тарыхый процесске тарткан. Азиялык саясаттын эйкуменинин түндүк чек арасында орун алып турган элдерге кыргыздар да таандык болгон; кыргыздар өздөрүнүн алгачкы тарыхында азиялык антик дүйнөсүндөгү дүркүрөгөн окуялардын аныктоочусу эмес, аларды чагылтып гана турган. Манаста" миң эсе ачык чагылган; бул эпос кыргыз элинин мажес түрдө болсо да өзгөчөлүү фольклордук саясый программасы болгон, анын каарманы, легендарлуу Манасты биздин изилдөөчүбүз К. Рахматуллин "Улуу патриот" деп атаган. Кыргыз элинин тагдыры көптөгөн мамлекеттерге байланыштуу болгон. Баш кошууга карай патриоттук умтулуу кыргыздар үчүн дайыма эле ийгиликтер менен бүткөн эмес. Алыскы мезгилдерден бери эле алар ар түрдүү аймактарда, ар түрдүү мамлекеттерде бөлүнүп жашоого туура келген: Хубилай 1293-ж. эле кыргыздардын бир бөлүгүн Наяньга — Манжурияга көчүрүп кетет, бир бөлүгү Енисейде, Тубада жана кыргыздардын алгачкы мекени болгон Алтайда калган. Алар Яглакар менен бирге

Чыгыш Түркстанга, ошол учурда жана кийинчерээк — Индиянын чек арасына — Ладакка, Кашмирге, Сары-Көлгө, Афганстанга кирип келишкен. Хотан кыргыздарын калмактар түндүк-батыш Моңголияга сүрүп кетишкен, ал жакта алар "хотондор" деген өз алдынча аталыш менен белгилүү болушкан, аларга белгилүү орус саякатчысы Потанин жолуккан. Кыргыздардын ар башка аймактарда орун алып туруп калышы ооп кетүүлөрдүн, күрөштөрдүн жана кыйынчылыктардын тарыхый жолунун көрүнүштөрү. 17 —XIX кылымдарда кыргыздардын алдында өзүнүн бир бүтүндүгүн сактап калуу жөнүндөгү маселе кабыргасынан коюлганда Енисейдеги Иренак Алтын хандардын мамлекетине же Ойрот мамлекетине көз каранды болгуча, өз урууларынын тагдырын Руска тапшырган. 1680-ж. ал падыша Федор Алексеевичке элчилик жиберип, ал элчилик кийин Петр 1 ден жооп алып, кайтып келет. Ормон хан да ушунун эле өзүн жасаган, ал 1847-ж Тянь-Шандын уруулары менен, Курманжан датка Алай кыргыздары менен орус букаралыгына өтөт. Кыргыздар өз тагдырын орустар менен ушундайча байланыштырышкан.

11 кылымдын перс автору Гардизи жазып алган уламышта кыргыздар менен словяндардын түпкү ата-бабалары бир болгон деп айтылат, муну менен алардын этностук жакындыгы далилденгенсийт. Арийне, мунун уламыш экени шексиз, бирок кыргыздардын Россия менен тарыхый түрдө келип чыккан жакындыгы 17 кылымда эле айныгыс факт болуп калган болучу.

Орус падышачылыгынын аскерлери тарабынан кыргыз урууларынын күч менен каратылышы менен катар, кыргыздардын көрөгөч саясатчылары "ак падышанын" күч-кубатын, анын Орто Азиядагы мааниси менен ролун туура эске алышкан. Орто Азияны жеңип алганга чейин эле — 1847-ж. Ормон-хан орустар менен союздаш болууну чечет, ал эми Пишпек болсо алда канча кийин — 1860-ж. жеңип алынган болучу. Андан мурда (1814-жылдан тарта) мындай чечимге бугулар келишкен, алар Бором- байдын тушунда — 1855-ж. орус букаралыгына өтүшкөн.

Кыргыз элинин жол башчыларынын орус букаралыгына өтүүгө карай алган саясый багыты, эл аралык кризистен чыгуунун, чыгыштагы деспоттук мамлекеттердин эзүүсү астында калуу коркунучунан кутулуунун жолу катарында ар кандай кырсыктан алыс болууга умтулган, алысты болжоп көрө билген, прогрессивдүү саясат болгондугун таануубуз керек.

Мына ушул жагдайдан алганда Ормон-хандын борборлоштуруу саясаты, тоскоолдуктарга карабай, Россияда Иван Грозныйдын саясатын миниатюра түрүндө кайталагансыйт, ар кандай каражатты колдонуудан айбыкпай, кыргыз урууларын баш коштуруп, бириктирүүгө жасаган аракети жектөөгө эмес, актоого гана татыктуу.

Бирок бул — Ормон-хан, Курманжан датка, Боронбай эксплуаторлор-феодалдар жана манаптар болгон эмес дегендикке жатпайт. Бирок, өзүнүн керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогон феодалдардан өзүлөрүнүн айрым тетири сапаттарына карабастан, өзүлөрүнүн жеке максаттары, умтулуулары болгон күндө да, негизинде эл алдындагы жоопкерчилигин сезген феодалдарды айырмалай билүүбүз керек. Албетте, феодалдык-уруулук жана буржуазиялык түзүлүштүн шартында элдин баш кошууга болгон умтулуусу жана алардын жетекчилеринин бул багыттагы аракеттери каалаган натыйжага алып келе алмак эмес. Бул айтылгандар ар кандай адамдар тарабынан, ар кандай даражада адилеттүүлүк катарында кабыл алынары айдан ачык. Бором- бай орустар менен союздаш болууга барып, өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, уруулар ортосундагы кагылыштарды улантуу үчүн орустарды союздаш катарында көрүүгө умтулган. Колониялаштыруу ишке ашып, кыргыз эли мунун оорчулугун сезе баштаганда Шабдандын саясаты чыккынчылык болгону шексиз. Үмөтаалынын (Ормон-хандын улуу) же уруулар аралык чыр-чатактардан баш тартып, тоого көчүп кеткен Бал- байдын жеңип алуучуларга көрсөткөн каршылыктары кыргыз элинин көз каранды эместик үчүн күрөшүн күч алдырууга багытталган прогрессивдүү көрүнүш болгон.

Кыргызстандын түштүгү боюнча Кытай менен чек ара 1895-ж. бекитилет. Ушуну менен чек аралардын чектерин аныктоо аяктайт, бул биринчи жолу 1851-ж. Кулжадагы түзүлгөн соода келишиминде, негизинен Иле крайынын чек арасына тийиштүү болгон, бирок Кыргызстанга да тиешеси бар, 1864-ж Чугучак келишиминде, андан кийин 1876-ж. Кропаткиндин элчилиги тарабынан даярдалып, негизинен Кыргызстандын батыш чек араларын аныктаган, 1881-ж. Санк-Петербург келишиминде өз чагылышын тапкан. Акырында келип, Памирдеги 1890,1891,1892 жана 1893-жылдардагы чек арада болгон кагылыштар келип чыгып, Кыргызстан менен кошуна мамлекеттер Памирде афгандыктар жана кытайлардын колу менен buffer-states түзүүгө аракет жасашканда чек ара жөнүндөгү маселе биротоло жөнгө салынат. Бул чек ара сызыгы бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин сактап турат. Кыргыз ССРинин Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен ички чек аралары 1924-ж. Орто Азиянын улуттук чектерин бөлүү боюнча чечими менен аныкталган.

Ой-пикирлер