Кирүү

Орхон түрктөрү

Орхон түрктөрү – 5–8-кылымда Борбордук Азияны мекендеген түрк уруулары. Ашина уруусу жетектеген түрк уруулары 460-жылга чейин гунндардын мамл-нин курамына кирген. 460-жылы алар жужандарга (аварлар) баш ийип калышат. Жужандар аларды Алтайга көчүрүшкөн. Бул жерде түрктөр бай кендерди өздөштүрүп, темир эритип турушкан. Түрк башчылары Асадшад, Туу жана Бумын мыкты жабдылган кубаттуу атчан аскерлеринин жардамы менен алтай урууларын өздөрүнө багындырган. 552-жылы жужандарды талкалап, Улуу Түрк кагандыгын (552–603) түзүшкөн. Орхон түрктөрүн 745-жылы уйгурлар талкалаган. Алар 10-кылымдарга чейин жарым-жартылай өз алдынчалыгын сактап калган.

Ой-пикирлер