Кирүү

Тарыхый булактарга ишенүүгө болобу?

Тарыхый булактарга ишенүүгө болобу?

XV—XVIII кылымдардагы география жөнүндө айтылган ой-пикирлердин эң сонун баяндамаларынын автору В. К. Яцунский: "Тарыхый география өткөндөгү элдердин географиялык түшүнүктөрүн эмес, өткөн кылымдардын конкреттүү географиясын изилдейт", — деп калыс баа берген3. Мындай изилдөө үчүн даректерди, сыягы, өткөн замандардын тарыхый чыгармаларынан издөө керек окшобойбу. Кантип издөө керек? Тилекке каршы, изилдөөнүн мүмкүн болуучу усулу жөнүндө эч кандай көрсөтмөлөр иштелип чыкпаптыр. Мунун себеби мындай экен.

Байыркы мезгилдин аба ырайынын шарттарын билүүдө тарыхый маалыматтар кеңири пайдаланылып келген жана пайдаланылып жатат. Бул багытта Л. С. Берг4 жана Г. Е. Грумм-Гржимайлонун 5 ортосунда тарыхый мезгилде Борбордук Азиянын кургакчылыкка айланышы жөнүндө айтылуу талаш-тартышы күч алган. Бул маселеге байланышкан Каспий деңизинин деңгели б. з. ч. I миң жылдыкта кандайча өйдө-төмөн болуп өзгөрүп турганын да байыркы авторлордун чыгармаларынан алынган далилдердин жардамы менен чечкилери келген 6. Чыгыш Европадагы аба ырайынын өзгөрүшү жөнүндө жыйынтык чыгаруу үчүн орус жылнаамаларындагы маалыматтардын атайын топтомдору чогултулган7. Бирок көптөгөн эмгек талап кылган көп сандаган изилдөөлөр өз максатына жетпей калды. Анткени, кээ бир учурларда булактардагы маалыматтар аны ырастаса, экинчи бир жол менен изилдөө ал ырас-толору төгүндөп салып жатты. Алынган маалыматтар чындыкка дайыма эле дал келе берген эмес, бул болсо колдонулган усулдун жеткилең иштелбегенин ырастап олтурат. Чындыгында байыркы же орто кылымдардагы авторлор жазган маалыматтарга үстүртөн таянуу же жалган, же мыкты дегенде так эмес корутундуга алып келип турган. Дал ушундай болмок, анткени ал кездердин жылнаама чылары табият кубулуштарын же үстүртөдөн же ал мезгилдин илиминин көз карашына негизденип баяндашкан, чагылгандын чартылдашын, бороон-чапкынды, суу ташкындарын жана кургакчылыкты алдын ала билдирилген жамандыктын жышааны же жасаган күнөө үчүн жаза катары түшүндүрүшкөн. Табият кубулуштары автор өзү күбө болгондо гана жазылган, ал эми жазылбай калгандары канча экенин болжолдоого да мүмкүн эмес. Бир автор табиятка көңүл болуптур, экинчи автор кийинки кылымда ага көңүл да бөлбөптүр, кыскасы, кургакчылык мезгилде жамгырдын качан жааганы жазылып, жамгырлуу жылдары ал жазылбай калган учурлар болушу ыктымал. Тарыхый сын бул жерде жардам бере албайт, анткени ал себеп-натыйжалар аркылуу байланышпаган окуяларга баа берип, пикир айтууга алсыздык кылат.

Байыркы авторлор ар дайым оз чыгармаларын белгилүү бир максаттарга ылайык жазышкан жана өздөрүн кызыктырган окуялардын маанисин апыртып жиберүүлөрү эрежеге айланган. Апыртуунун же кемитип көрсөтүүнүн кандай деңгелде болгонун азыр тактоо ото кыйын жана коп учурда мүмкүн да эмес8. Тарыхый эмгектердин негизинде Л. С. Берг, гүлдөгөн жерлердин какыраган чөлгө айланышына согуштар себеп болгон деген жыйынтык чыгарган9. Азыр бул концепцияны эч ким төгүндөй албайт. Ага мисал катары коп учурда П. К. Козлов тарабынан табылган тангуттардын Хара-Хото деген аталыш менен белгилүү болгон Идзинай деген кыйраган шаары келтирилет10. Бул өтө мүнөздүү мисал болгондук- тан биз оз көңүлүбүздү бир гана маселеге — ал шаардын географиялык орун алышына жана анын кыйрап калышынын себептерине топтоп көрөлү.

Тангут падышачылыгы Ордос менен Алашанда, азыркы кумдуу чол баскан жерлерде жайгашкан. Байкаганга бул мамлекет жарды жана аз элдүү болушу керек эле. А чынында анын 150 мин атчан аскери, университети, академиясы, мектептери, соттору болгон, ал гана эмес кирешесинен чыгымы көбүрөөк болгон соода-сатык жүргүзүп да турган. Анткени ал товарды сыртка чыгарганга караганда ичке көбүрөөк ташып келип турган. Ал эми чыгымдар болсо падышачылыктын Тибеттеги ээлик жерлеринен алынган алтын жана эң башкысы, Тангут падышачылыгынын11 негизги байлыгын түзгөн бодо малды сатуу менен жабылып турган.

П. К. Козлов тапкан шаар азыркы какыраган чөлдө, Эцзингол дарыясынын төмөнкү агымынан орун алган. Шаарды чыгыш жана батыш тарабынан курчаган эски эки сайдын нугу бул жерде суу болгонун кабарлайт. Бирок дарыянын нугу кийинчерээк батыш тарапка бурулуп кетип, азыр эки айрык болуп, анын бири туздуу Гашуннор көлүнө, экинчиси тузсуз Сого-нор көлүнө куят. П. К. Козлов Сого-нор өрөөнүн чөлдүн ортосунан орун алган укмуштуу кок жайык катары сүрөттөп жазып, бирок бул өрөөн коп элди багууга чамасыз экенин айта кетет. Чындыгында Идзинай шаарынын сепили торт чарчы келип, анын ар бир тарабынын узундугу 400 м түзөт. Сепилди айланта кыштак бар экендиги анча чоң эмес курулуштардын урандыларынын калдыктары жана бышырылган чопо идиштердин сыныктарынын табылышы далилдейт. Шаардын талкаланышын көп учурда моңголдорго таандык кылышат. Аныгында эле 1227- жылы Чыңгыз хан таңгуттардын борборун басып алып, моңголдор шаардын тургундарын ырайымсыздык менен кырып салышат. Бирок П. К. Козлов тапкан шаарда XIV кылымда да эл жашаганын ал жетектеген экспедиция тарабынан табылган көп сандаган документтердеги даталар ырастап турат. Мындан башка да шаардын кыйроосу дарыянын нугунун өзгөрүшүнө байланыштуу бөлгөн, торгоут элинин уламыштарына караганда шаарды камоого алгандар топурак толтурулган каптардан тосмо жасап, дарыянын агымын башка жакка буруп жиберишкен. Бул тосмо азыркыга дейре көтөрүлгөн жал түрүндө сакталып турат. Чындыгында да ушундай болсо керек, бирок ага моңголдордун тиешеси жок. Урахай (моңгол) же Хэчуйчен (кытай) шаарын басып алынгандыгы жөнүндөгү жазууда мындай маалыматтар жок. Тосмо куруу монголдордун колунан келбес иш болчу, анткени алардын атчан жоокерлеринин жер каза турган куралы болгон эмес. Шаардын кыйрашын моңголдорго шылтоо орто кылымдардан бери келаткан көнүмүш боюнча бардык жаманчылыктарды моңголдорго жабыштыруу аракетинен улам пайда болгон. Чындыгында тангуттардын бул шаары 1372-жылы кыйраган. Шаарды, ошол кезде Чыңгыз хандын акыркы тукумдары менен согушуп жаткан Кытайдын Миң династиясынын аскерлери басып алып, Кытайга батыш тараптан кол салуу коркунучун туудурган моңголдордун таяныч шаары катарында ташы талкан кылынган 12.

Андай болсо эмне үчүн шаарда жашоо кайрадан тутанбады? Дарыянын агымы өзгөргөнү буга себеп эмес, андай бөлгөндө шаар Эцзинголдун башка куймасына көчүп конмок. П. К. Козловдун китебинде буга да жооп бар. Өзүнө таандык байкагычтык менен ал Эцзингөлдун суусу азайып, Сөгөнөр көлү соолуп, камыш басып кеткенин айтат. Ооба, дарыянын агымы батышка жаңы нук салып, өзгөрүп кеткени буга таасир тийгизиши мүмкүн, бирок бул эмне үчүн XIII кылымда ал өлкө өтөлө коп элди багууга жарап, ал эми XX кылымдын башы ченде бул жер чөлгө айланып калганын түшүндүрүп бере албайт.

Ошентип, Азиянын гүлдөгөн жерлеринин чөлгө айланышына мөңгүлөрдү күнөөлөөгө бөлбөйт, бул биз мурда атайын эмгектерде13 жазып белгилегендей климаттын өзгөрүшүнө, табият кубулуштарына байланыштуу көрүнүш.

Ой-пикирлер