Кирүү

Пулатчы

Пулатчы – 14-кылымдын ортосундагы теңиртоолук түрк-моңгол дуулат уруусунун эмири; Моголстандын таасирдүү төбөлдөрүнүн бири. Пулатчы Моголстандын Маңгалай-Субе ("Башкы аймак") аймагын башкарган. Анын курамына Фергана өрөөнү, Ташкен аймагы, Ош, Атбашы, Нарын аймактары, Аксуу, Кашкар, Жаркенд, Хотан ш-лары караган. Пулатчы Исан Бука хандын (1309–18) учурунда Кашкардын улусбеги, башкаруучусу болгон. 1318-жылы Исан Бука хан өлгөн соң, башкаруучусу жок могол улустары, ар кимиси өз алдынча бөлүнө баштаган. Пулатчы хандын тукуму деп эсептелген 16 жаштагы Тоглук Темирди 1348-жылы Моголстанга алдырып келип, аны хан деп жарыялап, өзүн Бүткүл Моголстандын беги деп жарыялаган. 1361-жылы Пулатчы кайтыш болгондон кийин, анын орду уулу Худайдадга мураска калган.

Ой-пикирлер