Кирүү

Үгөдөй

Үгөдөй, Угэдей (1186–1241) – моңголдордун экинчи улуу ханы (1229–41); Чыңгыз хандын үчүнчү уулу жана мурасчысы. Орто Азияда Чагатай менен бирге Отрарды басып алган. 1224-жылы жер бөлүштүрүүдө атасынан Батыш Моңголияны, Чыгыш Түркстанды жана 28 миң атчан аскер алган. Атасы өлөр алдында аны өз ордуна дайындаган. 1235-жылы Үгөдөй уюштурган курултайда Волга боюна, Дешти Кыпчак, Россия жана Түштүк Европага жүрүш жасоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Ошол эле жылы Тулуй жана Жебе менен бирге Түштүк Сун мамл-н кыйроого учураткан. Анын бийлигинин убагында кат-кабар ташуу кызматы (ян) киргизилген, эл каттоо жүргүзүлгөн жана Каракорум шаарынын курулушу аяктаган. 1236-жылы Үгөдөй жерди үлүшкө берүү системасын бекиткен. Кийинки реформаларында моңгол аскер башчыларынын ашкере укуктары чектелген жана салык жөнгө салган. Үгөдөйдүн ордосу Тарбагатайда, Эмил жана Кабук дарыяларынын жээктеринде жайгашкан.

Ой-пикирлер