Кирүү

Бугулардын 1856-57-жылдарда барып, турпандыктын он миң мал чаап алганы

Көлдөгү бугу менен саяк арка-бериш болуп четтеш жаткандыктан калмак, казак жана Аксуу, Турпандагы уйгурлар менен атышып, үч-төрт жылга чоюлган бузугу себептен эки тарап күзгө жакын бугу ичинде бапа уругунан Берикбай баштык эки жүз жигит аттакып барып, Аксуу калаасынын тушунан ашып түшүп, Кытайдын четки кароолуна барганда бапа уругунан 18 жаштагы Шадыкан Солтоной уулу түн ичинде атчан кишинин мойнуна минип туруп, тамдын үстүнө чыгып, кырдап басып, андан секирип короого түшүп, уктап жаткан уйгурду өлтүрүп, андан нары Кытай элине өтүп, андагы уйгурларды чапталап алып, 10 миң кой жана 100дөгөн жылкы алып кайткан.

Бугу Солтонкулдан аз ибарат сөз 1856-57-жылдарда

Атам бар деп убанба,

Адам саны жок болсо.

Балам бар деп кубанба,

Баары жаман жүк болсо.

Агайын деп кубанба,

Сыйлашарга жок болсо.

Жакшыны жарым дебегин,

Жаныңа пайда тиет бейм,

Эки таалай төп болсо.

Жаманды жакын дебегин

Жаныңа байда жеткирбес,

Өз курсагы ток болсо.

Алышынды бек байла,

Жардап кетсе ал жетпейт.

Жарыкта малың көздөп ал

Күн баткан соң үн жетпейт.

Бир төөдө эки өркөч,

Биринен сок күчү жок.

Бир бээде эки эмчек,

Биринен соң сүтү жок.

Ууру кылсаң жалгыз кыл,

Экөө болсок бири айгак.

Кечүү чексен бурум кеч,

Кийин калсаң бир тайгак.

Ой-пикирлер