Кирүү

Өзүбек

Азыркы өзүбек деген элди илгери азыркы кыргыз менен казак сарт деп атаган. Тарых Камзада 92 болуу өзүбек аталып, алуруктуу деген. Октябрь революциясына жете Хивада турган коңурат, найман, кыпчак, канлы, токсун жана тама деген 200 миңден артык жан элди өзбек атаган. Самарканга караган өзбектер да болгон. Эски кыргыз Фергана, Ташкент, Самаркан, Бухардагы элди сарт деп атап, эгерде ал жакта кыргыз болсо, Кашкар өлкөсүнөн башкасын "ичкилик" деген. Жети Суу, Талас, Илени Арка деп, Акмола, Семей, Орол, Торгойду Сары арка деген. Волга — Эдил, Орол Жайык, Хива менен Теке Түрктү — Чамбыл бел, Персияны — Кызыл Баш, Ооганды — Ооган деген. Памирди — Саркол, Анжиан тоосун — Керме Тоо, Тянь Шанды — Улуу Тоо, Ысык Көл Тоосун — Эркин Тоо, Талас тоосун — Керме Тоо деген. Чүйдү — Сары Өзөн, Хамини — Кумул, Кытай пайтакты, Пекинди — Бежин деген.

Ой-пикирлер