Кирүү

Тыныбек

Бугу ичинде тынымсейит уругунан болуп, Арстанбектен соң түн жак кыргызында адабияты ырчылар, комузчу, кыякчынын оозунда дүмүрдөй болуп, макал катары мурункусунан соңкуларына сактала келип, не курдуу таза, тунук сөз болгондуктан, анын таасири эл арасынан эзелден жоюлбай келе жатат. Ошону менен катар ал адабият кандай бүлгүнчүлүк заманга кириптер болсо да унутулбастан, кээ бир темелери калган. "Кана өздөрүнүн ким экендиги эл арасында жүдөп жылдар сактала келген. Маселен, анык кабарга караганда 1740-жылдарда солто кыргызынан Нооруз ырчы, саяк кыргызынан Музооке ырчы болгон. Бул "Музбоке ырчынын "Абылайдын кан жутуш, кара кийип, тулкалган катындардын бет тытыш" деген ыры бар экен.
Аны кыргыздын баягы залим феодалдары бири намыс көрүп, айтууга уруксат бербеген. 1840-жыл чамасында асык кыргызынан Келдибек ырчы, анан соң, ак падыша колонизаторлору чыгарда карыган чактары болгон — Балык ырчы менен Айтике ырдаган. Булардын качан туулуп, качан" өлгөнү, анык тарыхын табууга мүмкүндүк болбоду. 1855-жылы коен жылында өлгөн Калыгул Бай уулу ырчы эмес, философ болгондуктан, анын өмүр баягы өз тизмесинде жогоруда жазылды.

Тыныбек

Ой-пикирлер